Оозумду ачырган окуучу, ойлондурган кымбатчылык. Мугалимдин күндөлүгү

© Sputnik / Максим БлиновСабак өтүп жаткан мугалим. Архив
Сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Жазылуу
"Мугалим – мөмөлүү дарак" дейбиз. Азыр анын кадырын кетирип, укугун тебелеп, ар тараптан жакалап чүнчүтүп алган жокпузбу? Бүгүн мугалимдин кенедей маянасы, жаш баладан сөгүү укса да коомдун тепкисинде калып жатканы сизди ойлондурдубу?
Sputnik Кыргызстан редакциясы мугалимдердин үнүн коомго жеткирүү, бүгүнкү күндү алардын көзү менен карап көрүү максатында "Мугалимдин күндөлүгү" рубрикасын сунуштайт. Мында ар бир мугалим мектептеги, коомдогу жүрөгүн өйүгөн, кесибине байланышкан маселелерди кагаз бетине түшүрүп, окурман менен ой бөлүшө алат.
Биз мугалимдин бүгүнкү абалына көз жумуп койгонубуз – келечегибизге кол шилтеген менен барабар. Анткени эртеңибизди тапшырчу балдарыбыз дал ушул кесип ээлеринин колунан тарбияланып чыгары шексиз.
Бул сапар борбор шаарыбыздын мектептеринин биринде 7-класстарга сабак берген мугалимдин күндөлүгүн сунуштайбыз.
...Бүгүн аба ырайы жакшы болгондуктанбы, эмнегедир баарыбыздын көңүлүбүз куунак. Иш күнүмдүн күндө ушундай башталышын каалаар элем. Завучтун да көңүлү ачык окшойт. Мындай караганда окуу бөлүмүнүн башчысы мектептин иши үчүн ичкен ашын жерге койгондордун бири экен. Мугалимдерге талапты катуу койгондуктан бизге катаал, ырайымсыз көрүнө берет окшойт. Оюмду сыртка чыгара айтсам, катарлаш бара жаткан завуч кандай акыбалда калмак, элестетип да алдым.
Бүгүн жанымдагы шеригим кичинекей кызы ооруп калганы үчүн суранып кеткен экен. Демек, анын балдарын да өзүмдүкүнө кошуп окутат экенмин да. Бул класс жөнөкөй, тил алчаак болгондуктан сабак өтүү да бир кыйла жеңил болгондой сезиле берет. Бирок берки окуучулар келип класстан орун алып баштаганда эле жанагы мемиреген классым дуулдактын ичинде калды. Отуз бештен ашуун окуучунун ызы-чуусуна үнүмдү көтөрүңкү, өктөм чыгарып, тынчтанууларын талап кылдым. Бардыгы мени карап калышты. Тактага жаңы теманы жазып, түшүндүрүп баштаганымда оюмду эң арткы партада орун алган эки окуучу бөлүп туруп алды.
"Ай, арттагы эки жигит, сабакка көңүл бургула" дегеним менен сөзүмө кулак төшөп коюшпады. Экөө узун кебин андан ары улап, маектин кызыгына кирип алгандай. Жанына басып барып аты- жөнүн сурадым. Жүзүн сепкил баскан, сулуучумак бала фамилиясын угулар-угулмаксан айтып, күңк этти. Жанындагысын карап бир аз таң кала түштүм. Себеби ал бала чачын узун кылып өстүрүп алганы аз келгенсип, байлап да албаптыр. Бозомтук-күрөң тарткан чачтары иретсиз тармалдаша ийининен ылдый төгүлүп турду. "Сенин атың ким?" деген суроого түшүнбөгөндөй карап койду.
"Сен кыргызсыңбы?" — десем, башка окуучулар "эжеке, бул кыргыз, бирок кыргызча таптакыр түшүнбөйт" деп жооп беришти. Кайрадан ага "чачыңды байла" деп орусча кайрылдым. Бирок менин сөзүмө маани да берген жок. Алдымда окуучудай эмес, көчө таптаган тентектердей салбырап, чынжырчаларды тагынып "модалуу чачын" саксайткан бала отурду. Үстү-башы да кир экен. Жок, ал кедейликтен эмес. Муну стиль катары кабыл алышат өңдүү.
Мектеп окуучусу ата-энеси менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Мугалимдин күндөлүгү. Жоопкерчилигин билбеген ата-эненин дооматы күч болот экен
Ал мени сен кимсиң дегендей кекээр карап отурду. Бир убакта жанатан бери айткандарымды түшүнмөксөн болгон окуучу: "Чачымды кандай өстүрөм, мектепке кантип келем, ага эч кимдин тийишкенге акысы жок. Силер өз милдетиңерди аткарып сабагыңарды берип, кете бергиле", — дебеспи. Оозумдан сөзүм түшүп калды. Тобо, мен эмнеге таң калам? Чынында мугалимдердин окуучунун кийимине, тазалыгына, этикасына карата сын айтууга акыбыз жок да. Бир чети бул баланын сөзүндө чындык бар да. Анткени ага ошондой укукту берип коюшпады беле. Чындыгында мектепте чачын жашылга, сыя көккө боёп, мурдун тешип алган кыздар да жүрөт. Аларды тыйып, ак жака менен иреттүү чач койдуруп, чыкыйып кийинүүнү талап кылуу да маселе жаратып калары бышык.
Мектепке чачты тегиздетип, ак жаканы жаркыратып келген биздин убактагы окуучу балдар каякта калды деп бир азга ойлонуп да алдым.
Сабак аяктаган соң бул класстын жетекчисине коридордон кезиктим. "Баланча Түкүнчөевна, сиздин классыңызда ушундай жагымсыз жагдай менен кездештим" деп сөз баштап келе жатканымда эле ал жарк эте күлүп: "Сиз биринчилерден эмессиз. Бардык мугалимдер айтышкан. Ой, аны нары айттым, бери айттым, эч болбоду. Энесине байланышсам, "менин баламды тескегенге, чачын өстүрбөй койгонго силердин акыңар жок" деп кайра мени беттен алды. Акыры жайына койдум. Башка ылаажы жок. Эмне кылмак элек", — деп колун жайып басып кетти.
Көрсө, кептин төркүнү баланын ата-энесинде жаткан турбайбы. Же кыргызча бир сөз билбесе, же орусчаны кыйратпаса, башка сабактарды тыңдап окуй албаса, бул баланы мектепке эмне максат менен жиберип окутумуш этип жаткандарына таңмын.
Бул балдар чоңойсо кийинки муунга кандай тарбия берет? Ушинтип отурсак адам өз алдынча инсан катары калыптанбай, андан сырткары, тилибизди, дилибизди жоготуп албайбызбы. Келечек кайда барат? Бул ойлор башымдан эч кетпей койду.
Ыргылжың абалда кийинки класска кирдим.
Окуучуларга сабак түшүндүрүп жатканда капилеттен бирөөсү "эжеке, сиздин маянаңыз канча?" деп сурап калбаспы. "Алаксыбай сабакты карагыла" деп кутулумуш эттим. Өзүм да алаксыбаганга аракет кылышым керек да. Анткени "өтүгүң тар болсо, дүйнөнүн кеңдигинен эмне пайда" дегендей, үйдөгү бала-чакамдын кем-карчын, үй-бүлөлүк жетишпестикти эстегенде окуучуларга түшүндүрчү темамдан адашчудаймын.
Ооба, бир жагынан убакыттын өтүшү менен кымбатчылык да тең жарышып зуулдайт. Үйдөгү каржылык көйгөйдү эстегенде... Эрксиз күрсүнүп алганымды өзүм да байкап калдым. Учурда өкмөт бир аз болсо деле мугалимдердин атын атап, маянабыз көтөрүлөрүн айтканы жылуулук берип турат. Бирок, ай, билбейм. Маанисиз кагаз толтурмай иштеринин азайганын да айтышты эле. Анысы деле байкалбайт.
Баарын көрө жатарбыз...
Мугалим. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Мугалимдин күндөлүгү. "Кайырчысыңарбы?" деген сөз жүрөгүмө тикен болду
Жаңылыктар түрмөгү
0