Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Фронт ар бир үйдө: жапырт жабыркатуучу заманбап куралдын курмандыктары

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүTwitter социалдык тармагы. Архив
Twitter социалдык тармагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Жазылуу
Дүйнө өзөктүк соккудан кооптонуп турганда Батыш Россияга каршы жапырт жабыркатуучу заманбап куралды эбак пайдаланган. Андан ракетага каршы, абадан коргонуу тутумдары менен жан сактоого же жер төлөлөрдө баш калкалоого мүмкүн эмес.
Алгачкы жабырлануучулар да, ал түгүл качкындар да жок эмес. Кеп жалпысынан маалымат айдыңы жана социалдык медиа жөнүндө дейт серепчи Давид Нармания. Анын ушундай ой толгоосу РИА Новости сайтына жарыяланган.
Балким пропаганда адамзатка тил бүткөндө эле башталып, ал эми аны курал катары согуштун алгачкы күнүндө эле пайдаланышкан деген талаш чыгар. Анын да чындыгы бар. Бирок технологиянын өнүгүшү менен ал чындап эле бардык жагын камтыган.
Тоталитардык режимдер XX кылымда гана пайда болуп, буга теле жана радиокөрсөтүүлөрдүн башталышы өбөлгө болгон. Эми ошол пропаганданын акылдуу телефон жана социалдык медианын доорунда кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болорун элестетип көрүңүзчү.
Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар күнү-түнү чөнтөк телефондоруна үңүлүп, соңку маалыматтардан кабардар болуп, "пикир кожоюндарынын" айткандарын же эксперттерди макалаларын окуп чыгууга ашыгышат. Мындай шарттарда ар бир киши потенциалдуу үгүттөөчү жана ошол эле убакта пропаганданын таптакыр коргонбогон бутасына айланат. Маалымат алып, таанышып, башка бирөөгө таркатат. Алгоритми болушунча жөнөкөй. Дагы элестүү түшүндүрсөк, азыркы коронавирус сыяктуу: өзүң жуктуруп алып, кайра башка бирөөгө жугузасың. Айрым өлкөлөрдөгү русофобия пандемиясы дал ушундай жайылууда.
Чет өлкөгө чыгып кеткен белгилүү россиялык теле алпаруучу: "Бүткүл Россияны жер менен жексен кылып, жаңысын куруу керек", — деп билдирди. Үлкөн IT-корпорациялардын биринин Израилге жер которуп кеткен мурдагы директору: "Кайтып келбейм, коңшулары менен согушкан өлкөдө жашай албайм", – дейт.
Геосаясий жана экономикалык мааниде гана эмес, идеялык жактан да СССРдин ыдырашы Россия үчүн чоң апаат болгон. Дүйнө жөнүндө талкаланган коммунисттик көз карашты айырбаштай турган нерсе калган эмес. Ошондуктан кансыз согуштан кийин дүйнө жүзүнө бирден-бир туура туюлган батыштык дүйнө тааным бардык баалуулук жана идеялары менен бүт дүйнөгө таңуулана баштаган. Батыш маданиятына дал ошондой сүңгүү 24-февралда кан буугандай токтотулду.
Банктын кызматкери юань санап жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Доллардын бүтүп бараткан доору. Юань башкы валютага айланабы?
Кеп ошондой пропаганданын Россия үчүн маанисинде да эмес, бул балким он жылдап изилденер. Сөз батыштын маалымат ресурстары жана белгилүү инсандары жаңжалдашкандардын бир жагынын жарандарына каршы кеңири маалыматтык согушту баштаганында. Батыш медиа машинасы пропагандалык фронттон ок-дары жана дүрмөттөрүн тынымсыз багыттап, ал эми Facebook (Meta ишмердигине - социалдык медианын Facebook жана Instagram аянтчаларына Россияда экстремисттик деп тыюу салынган), Twitter, Instagram жана YouTube бардык "куралдарын" россиялык жарандарга карай октоду. Башка жолун ойлоп таба алышпады көрүнөт.
Албетте, бул аянтчаларда Россия аларга симметриялык жооп кайтара алмак эмес, анткени мында оюн эрежелери аталган социалдык медиа платформаларынын кожоюндары тарабынан коюлат. Бир жактуу карап, бир тарапты жактаган билдирүүлөргө гана жол беришет. Абдан көз карандысыз позиция бекен?!
Telegram азырынча салыштырмалуу бейтарап территория болууда. Анткен менен мында да маалыматтык тиреш абдан кызуу жүрүүдө. Болгондо да россиялык тараптан коргонуучу багытта десек болчудай. Украиналык каналдар жапайычылыктын ар кыл даражасындагы жалган маалыматтарды жүктөөдө. Кайра алардын бетин ачууга туура келүүдө.
Карандай калпты жазып, "таасирдүү далилдерин" тиркемиш этип, бир улутту жаманатты кылган билдирүүлөр кийин төгүндөлгөнү менен араздашкан тараптардын биринин жарандарына чоң коркунуч туудурат. Таасирге тез берилген окурман пропагандисттик андай гранатаны кармап, жакындары, достору, кесиптештери жана башкаларга жайылтышы ыктымал. Ушундай учурлар кастарын тиккендерден да кооптуу. Экинчи тараптын кеби андайда аларга таасир эте алары арсар.
Социалдык медианы колдонуудан баш тартуунун өзү баеолук, бирок азыр сизге көрсөтүлүп жаткан нерселер, күн сайын окуп жатканыңыз кимдин кызыкчылыгында деп собол салып коюу да ашыкча болбойт.
Убакыт өткөн сайын жалган маалыматтар дагы арбыйт. Ошондуктан мындай маалыматтык согушта ар бирибиз болушунча жоопкерчиликтүү болууга тийишпиз. Анын фронту эми ар бир үйдө, ар бир уюлдук телефон, ар бир компьютерде. Ал эми нагыз курал бирөө эле, ал – чындык. Чындык үчүн күрөшүү көп нерсеге арзыйт.
Биологиялык коркунуч белгиси бар муздаткычы менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
АКШнын Украинадагы биолабораториялары: максаты, каржылоосу жана Байдендердин изи
Жаңылыктар түрмөгү
0