500 миң гектар жайыт айыл чарбага колдонулушу керекпи? Эки тараптын жүйөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековПрирода Кыргызстана
Природа Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Жазылуу
Өлкө аймагындагы жарым миллионго жакын жайыт аянты эми айыл чарба багытында колдонуу үчүн ижарага берилиши мүмкүн. Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окууга жөнөтүлдү.
Коомчулукта ал демилгени колдогондор жана ага каршы чыккандар өз ой-пикирлерин билдирүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги маселенин күнгөй-тескейин тактап көрдү.
Министрлер кабинети өлкө аймагындагы жайыттарды айыл чарба багытында колдонууну демилгелеп, Жер кодексине жана "Жайыттар жөнүндө" мыйзамга толуктоолорду киргизүүнү сунуштады. Ага ылайык, Кыргызстандагы 500 миң гектардай жайыт айыл чарба багытында пайдаланууга берилет. Аны кыргызстандыктар 20 жылга чейин ижарага алып иштете алышат.
Айыл чарба министрлигинин Жайыттар жана мал чарба департаментинин директору Жаныбек Керималиев ал 474 миң гектардан ашык аянттын асылдуулугу төмөн экендигин билдирди.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАйыл чарба министрлигинин Жайыттар жана мал чарба департаментинин директору Жаныбек Керималиев
Заместитель министра сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Жаныбек Керималиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Айыл чарба министрлигинин Жайыттар жана мал чарба департаментинин директору Жаныбек Керималиев
"Облустарда көптөгөн аянттар таш басып кагырап жөн эле жатат. Бирок ал жерлер жайыт категориясына кирет. Биз өзүбүздүн адистер менен жайыттарды мониторинг кылдык. "Кыргызмамжердолбоорлоо" институту Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көлдө геоботаникалык иштерди аткарды. Калган үч облустун эски документтерин карап чыгып 474 миң гектардан ашык жер асылдуулугу төмөн экендиги аныкталды. Мыйзамга өзгөртүү сунуштап жатканда 500 миң гектар деп көргөздүк", — деди Керималиев.
Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча асылдуулугу төмөн жайыттарга кыртыштык бонитети (жердин сапаты, өндүрүмдүүлүгү, асылдуулугу — ред.) 20 баллга жетпеген жана бир гектар жерден 0,8 центнерден аз тоют алынган аянттар кирет. Министрлик мындай жол менен абалы өтө начарлап кеткен жайыттарды жакшыртууга мүмкүн экендигин белгилөөдө.
"Мыйзам кабыл алынса, ал аянттар Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна кирет. Андан соң аларды элеттиктер сынакка катышып утуп алып, суу чыгарып көчөт тигип, багбанчылык, жерди айдап дыйканчылык менен алектене алат. Мунун аркасы менен айыл жеринде жаңы жумушчу орундары түзүлөт, азык-түлүк коопсуздугу жакшырат. Көчөт питомниктердин өндүрүштүк кубаттуулугу жогорулайт. Деградация болуп кеткен жайыттарды жакшыртууга мүмкүн болот", — деп кошумчалады Керималиев.
Сынактан жеңгендер жер аянттарын үч-беш жылдын ичинде өздөштүрбөсө аны кайра айыл өкмөт кайтарып ала алат. Жерди пайдаланууга алгандар аны башка бирөөгө ижарага бере албайт. Чет элдик жарандарга берилбейт.
Бирок мындай демилгеге айрым адистер тынчсызданууда. "Кыргыз жайыты" улуттук жайыт пайдалануучулар бирикмесинин консультант-эксперти Байтемир Найзабековдун пикиринде, мал жайылган жер сынак аркылуу бериле баштаса эл арасында чыр-чатак чыгат.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргыз жайыты" улуттук жайыт пайдалануучулар бирикмесинин консультант-эксперти Байтемир Найзабеков
Консультант-эксперт Национальной ассоциации пастбищепользователей Кыргыз Жайыты Байтемир Найзабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
"Кыргыз жайыты" улуттук жайыт пайдалануучулар бирикмесинин консультант-эксперти Байтемир Найзабеков
"Буга чейин деле азыр сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагыдай эле ижарага берилип келген. Ошондо да жайытты ижарага алгандар менен мал жайгандардын ортосунда байма-бай чыр жаралып турган. Азыр дагы аталган мыйзам долбоорунда "конкурстук негизде кунарсыз жайыттар ижарага көп жылдарга берилет" деп турат. Бул учурда конкурсту өтө көп акчалуулар утуп алып, гектарлаган жерлерди көп жылдарга ижарага алуу менен соңунда менчиктешип кетүү коркунучу жаралууда. Мындай көрүнүштү биз башыбыздан өткөргөнбүз, андыктан элге азыркы мыйзам долбоору жакпай турат", — деди Найзабеков.
Кыргызстанда жалпы жети миллион гектардын айланасындагы жайыт бар. Аймактагы малчылар анын төрт миллионго жакынын гана өз багытында пайдаланып келет.
Өткөн жылы "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик институту деңиз деңгээлинен 2 000 метр төмөн жайгашкан өлкө аймагындагы бир миллион 606 миң 951 гектар жайытка изилдөө жүргүзгөн. Мекеменин директору Алмаз Абдиевдин айтымында, изилдөөнүн жыйынтыгы менен өздөштүрүү үчүн бир топ жер аянты ылайыктуу деп табылган.
© Фото / Алена Хоменко"Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик институтунун директору Алмаз Абдиев
Директор государственного предприятия Государственный проектный институт по землеустройству Кыргызгипрозем Алмаз Абдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
"Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик институтунун директору Алмаз Абдиев
"Биздин мекеме төрт облустун деңиз деңгээлинен 2 000 метр төмөн жайгашкан жайыттарды изилдеп чыгып, бир топ аянт өздөштүргөнгө ылайыктуу деп табылган. Анткени бир нече жылдан бери жайыттардын абалы начарлап деградация болуп кетти. Айрым жерлерге чөп чыкпай такыр болуп мал да жайылбай калган. Ошолорду элеттиктер алып беде, арпа буудай сээп тоют даярдаса болот. Азыр аларга мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек болуп жатат. Буюрса мыйзам кабыл алынса биз ал жерлерди текшерип корутунду чыгарып беребиз. Андан ары жергиликтүү бийлик жерге байланыштуу тиешелүү чечим кабыл алат", — деди Абдиев.
Аталган институт 2021-жылы Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көлдөгү түшүмдүүлүгү төмөн жайыттарды изилдеп чыккан. Үстүбүздөгү жылы Талас, Нарын, Чүй облустарындагы жайыттарда иштерин улантат.
Ошол эле маалда төрт түлүк мал багып тиричилик көргөн чабандар мыйзамдын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөө керектигин эскертүүдө. Көп жылдан бери мал чарбачылыгы менен алектенген Ысык-Көл облусунун 66 жаштагы тургуну Эркинбек Исмаилов өздөштүрүлө турган аянттар жең ичинен бөлүштүрүлүп, карапайым эл жерсиз калышы мүмкүн экендигин белгиледи.
© Фото / Айдин СооданбековЫсык-Көл облусунун 66 жаштагы тургуну Эркинбек Исмаилов
Житель Иссык-Кульской области Эркинбек Исмаилов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Ысык-Көл облусунун 66 жаштагы тургуну Эркинбек Исмаилов
"Күркүрөгөн союз маалында ошол жерлер иштетилбей калгандыктан жайытка өтүп кеткен. Ал кезде техника, мүмкүнчүлүк болгонуна карабай ошондой абалга кептелгенбиз. Эми аны кайра айыл чарба багытына беребиз деп жаткандарына мен түшүнбөй жатам. Учурда малдын саны көбөйүп элетте уй, кой, жылкы жайганга жер жетишпей жатат. Өкмөттүн көзүн карап отурбай жаңыдан мал топтоп, аны менен жан багайын дегендер эми кыйналат. Анан ошол жерлерди жогору жакта иштегендер жең ичинен бөлүшүп, карапайым эл калып калат. Мындай мыйзамсыз иштерди буга чейин деле көргөнбүз да. Мисалы, биздин Жети-Өгүз районундагы үлүш жерлерди сот, милиция, прокурор болуп иштеп келген башка райондун жашоочулары алып менчиктештирип кетишкен. Мыйзамдын аткарылуусу оңгулуктуу көзөмөлдөнбөсө акимдер айыл өкмөттөрдүн ишине киришип, аларга басым жасап жерлер кызматта отургандарга берилип кетет. Министрлик сынак менен берилет деп ишендирип жатат. Сынакта ким көп акча сунуштаса ошол алат. Ошентип колунда жоктор бери жакта эле калат", — дейт Исмаилов.
Аткаруу бийлиги мал айдап өткөн, эндемикалык өсүмдүктөр өскөн, жаныбарлар байырлаган, тарыхый-маданий мурастар жайгашкан жерлер айыл чарба багыты үчүн берилбестигин айтып, сынактар ачык-айкын өтөт деп ишендирүүдө.
Учурда Кыргызстанда жайыттарды жер-жерлерде жайыт комитеттери көзөмөлдөп келет. Малчылар тоого айдап чыккан малдын башынын санына жараша акча төлөп колдонот. Айылдык кеңештин депутаттары жыл сайын анын тарифин бекитип берет. Ошондуктан республика боюнча бирдиктүү тариф жокко эсе жана анын баасы облустар арасында айырмаланып турат.
Эске сала кетсек, буга чейин жайыттарды дыйканчылык багытта өздөштүрүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, бир нече жолу Жогорку Кеңешке келип түшкөн. Бирок ал ошол кездеги президенттер Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков тарабынан колдоо тапкан эмес.
Жумгал районунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Кылычбек Чокоев жана Кыргыз жайыты улуттук жайыт пайдалануучулар бирикмесинин консультант-эксперти Байтемир Найзабеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Жайыттар боюнча жаңы мыйзам долбоору чатактын башы болушу мүмкүн. Маек
Жайлоодогу аттар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Пресс-борбор
Жаңы мыйзамда арыктаган жайыттар кандай максатта колдонулары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0