https://sputnik.kg/20220317/kyrgyzstan-500-min-gektar-zhajyn-1062910632.html
Жаңы мыйзамда арыктаган жайыттар кандай максатта колдонулары айтылды
Жаңы мыйзамда арыктаган жайыттар кандай максатта колдонулары айтылды
Sputnik Кыргызстан
Парламентте карала турган жайыттар боюнча мыйзам долбоорунун негизги максаты — жердин түшүмдүүлүгүн көбөйтүү. 17.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-17T12:20+0600
2022-03-17T12:20+0600
2022-03-17T12:23+0600
пресс-борбор
кыргызстан
жайыт
мыйзам
долбоор
жогорку кеңеш
https://sputnik.kg/img/103495/48/1034954833_0:546:5200:3471_1920x0_80_0_0_d8cf54d64fce784cbc2515075b7f9229.jpg
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңеште каралып жаткан арыктап кеткен 500 миң гектар жайытты өздөштүрүү боюнча мыйзам долбоору ишке ашса жерлер кандай максатта колдонуларын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Жайыт жана мал өстүрүү департаментинин укук жана адам ресурстарын башкаруу секторунун башчысы Гүлнура Жакыпбекова айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп жаткан "500 миң гектар жайытты башка багытка өткөрүү боюнча долбоор" аттуу брифингине катышты.Ошондой эле ал Жерди пайдалануу боюнча "Кыргызгипрозем" долбоордук институнун адистери Кыргызстан боюнча жайыттардын абалын 2019-жылдан бери изилдеп келе жатканын кошумчалады.Эске салсак, Жогорку Кеңеште арыктап кеткен 500 миң гектар жайытты өздөштүрүү боюнча мыйзам долбоору талкууланууда. Демилгелеген Айыл чарба министрлиги бул жерлердин түшүмдүүлүгү 0,8 гана пайыз экенин айтып, экономикалык пайдасы нөлгө барабар деп жатат.Андыктан бул жайыттарды фермерлерге айыл чарба багытында колдонууга берүү сунушталган. Министрлик мунун артынан дыйкандар дагы, өлкө экономикасы дагы утушта болоруна ишендирүүдө.Негиздемеде айтылгандай, эгер бул долбоор кабыл алынып калса, арыктап кеткен жайыттар айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна өткөрүлөт. Аны кимдир бирөөгө колдонууга берүү тартибин министрлер кабинети аныктайт.
https://sputnik.kg/20220317/kyrgyzstan-500-min-gektar-zhajyn-5-20-zhyl-1062909721.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103495/48/1034954833_572:0:5200:3471_1920x0_80_0_0_01902919c25859c214b362210edb1b6b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жайыт, мыйзам, долбоор, жогорку кеңеш
кыргызстан, жайыт, мыйзам, долбоор, жогорку кеңеш
Жаңы мыйзамда арыктаган жайыттар кандай максатта колдонулары айтылды
12:20 17.03.2022 (Жаңыртылды: 12:23 17.03.2022) Парламентте карала турган жайыттар боюнча мыйзам долбоорунун негизги максаты — жердин түшүмдүүлүгүн көбөйтүү.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңеште каралып жаткан арыктап кеткен 500 миң гектар жайытты өздөштүрүү боюнча мыйзам долбоору ишке ашса жерлер кандай максатта колдонуларын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Жайыт жана мал өстүрүү департаментинин укук жана адам ресурстарын башкаруу секторунун башчысы Гүлнура Жакыпбекова айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин
маалымат борборунда өтүп жаткан "500 миң гектар жайытты башка багытка өткөрүү боюнча долбоор" аттуу брифингине катышты.
"Бул жерде негизги максат — жердин түшүмдүүлүгүн көбөйтүү. Андыктан аны колдонуу боюнча чектөөлөр болбойт. Албетте, документте кандайдыр бир эрежелер көрсөтүлөт. Фермерлер жерди өз ишмердүүлүгүнө ылайык тандап алышат", — деди Жакыпбекова.
Ошондой эле ал Жерди пайдалануу боюнча "Кыргызгипрозем" долбоордук институнун адистери Кыргызстан боюнча жайыттардын абалын 2019-жылдан бери изилдеп келе жатканын кошумчалады.
"Буга чейин беш облустагы жайыттар текшерилип бүттү. Ушул тапта Чүй жана Талас облустары гана калды. Аталган долбоор кабыл алынганга чейин алар дагы бүтүп калат деп ишенем", — деди сектор башчысы.
Эске салсак, Жогорку Кеңеште арыктап кеткен 500 миң гектар жайытты өздөштүрүү боюнча мыйзам долбоору талкууланууда. Демилгелеген Айыл чарба министрлиги бул жерлердин түшүмдүүлүгү 0,8 гана пайыз экенин айтып, экономикалык пайдасы нөлгө барабар деп жатат.
Андыктан бул жайыттарды фермерлерге айыл чарба багытында колдонууга берүү сунушталган. Министрлик мунун артынан дыйкандар дагы, өлкө экономикасы дагы утушта болоруна ишендирүүдө.
Негиздемеде айтылгандай, эгер бул долбоор кабыл алынып калса, арыктап кеткен жайыттар айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна өткөрүлөт. Аны кимдир бирөөгө колдонууга берүү тартибин министрлер кабинети аныктайт.

17 Жалган Куран 2022, 11:49