Кыргызстанда көчүп-конуп жүргөндөрдү өзүнчө каттоо сунушталууда

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАял батирдин эшигин ачып жатат. Архив
Аял батирдин эшигин ачып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Жазылуу
Жарандар жашаган жерин алмаштырган сайын ыйгарым укуктуу органдарга кабар берип туруу боюнча норма дагы каралган.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстанда "турган жери" жөнүндө түшүнүк киргизүү жана мамлекеттик органдарга жашаган жерин алмаштырганда кабар берип туруу сунушталууда.
Мындай норма "Ички жер которуу" жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоордо камтылган. Демилгечи — Санариптик өнүктүрүү министрлиги. Долбоор коомдук талкууга коюлду.
"Турган жери" деген түшүнүктөн "убактылуу" деген сөз алып салынган. Себеби "убактылуу" дегенде маалымат так эмес болуп, күмөн жаратат. Буга байланыштуу жарандардын жашаган жери жана турган жери өзүнчө бөлүп каралышы мүмкүн.
"Анткен менен турган жери боюнча каттоо туруктуу каттоону жокко чыгарбайт. Башкача айтканда, жаран бир калктуу конушта туруктуу каттоодо турса, турган жери боюнча өзүнчө каттоого алынат", — деп айтылат документте.
Долбоордо ошондой эле уруксатсыз курулган курулуштарда жашаган кыргызстандыктарды каттоо боюнча дагы норма каралган.
"Акыркы 30 жылдан бери Бишкекте жана башка шаарларда көп сандаган жаңы конуштар пайда болду. Көпчүлүгү басып алынган жерлер. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик бир катар маселелерди чечүүдө жана жерлерди мыйзамдаштырууда кыйынчылыктарга тушугууда. Ошондой эле ал жакта жашап жаткан адамдарды туруктуу жашаган жери боюнча каттоо маселеси курч бойдон турат", — деп айтылат документтин негиздемесинде.
Мындан тышкары, жарандар жашаган жерин алмаштырган сайын кат жүзүндө же мамлекеттик кызматтар жөнүндөгү портал аркылуу, болбосо мобилдик тиркемени колдонуу менен ыйгарым укуктуу органдарды кабардар кылып туруу милдетин киргизүү нормасы дагы каралган.
Жаранды жаңы жашаган жери боюнча каттоо үйүн берген адамдын арызы келгенде гана жүргүзүлөт.
Кыргызстан ID паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Өлкөдөгү 156 айыл өкмөттө паспорт, күбөлүк бериле баштады. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0