Кыргызстан менен Кытай энергетика боюнча кантип кызматташат? 5 багыт
© Sputnik / Сергей Мальгавко
/ Жазылуу
Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусунун келечеги туурасында сөз кылып жатып Самаганов эки тараптын кызыкчылыгы дал келген жер Сары-Жазга курулган ГЭС каскады экендигин айтты.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Кытайга экспортун көбөйтө турган келечектүү тармак — электр энергиясы. Мындай пикирин "Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун долбоорлор боюнча менеджери Нурбол Самаганов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борборунда өткөн "Борбор Азиянын, Россиянын жана Кытайдын жаңы өңүттөгү кызматташтыгы" деп аталган тегерек столго катышкан.
Самагановдун билдиргенине караганда, республиканын гидроэнергетикалык потенциалы 142 миллиард киловатт-саатты түзгөнү менен өлкө анын 10 пайызын гана колдонот.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун долбоорлор боюнча менеджери Нурбол Самаганов
"Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун долбоорлор боюнча менеджери Нурбол Самаганов
"Сары-Жаз туурасында айтпаганда эле Кыргызстандын башкы артериясы болгон Нарын дарыясына жалпы кубаттуулугу 6,2 гигаватт боло турган 30 ГЭС курууга болот. Сары-Жаздан Кытайга экспорттоо мүмкүнчүлүгү абдан келечектүү. Бирок ГЭС каскадын тургузуу — кошумча кубаттуу импульс алууга мүмкүн болбогон узак мөөнөттүү курулуш. Буга өлкөдөгү стабилдүү эмес саясий абал жана социомаданий чөйрө себеп", — деген Самаганов.
Ал кытай бизнесинин Кыргызстандагы ишинин негативдүү тажрыйбасы бар экенин белгиледи. Самаганов мисал катары Нарын облусундагы логистикалык борборду айтты. Андан сырткары, "Датка — Кемин" сыяктуу ийгиликтүү долбоорлор да болгондугун кошумчалады.
Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусунун келечеги туурасында сөз кылып жатып Самаганов эки тараптын кызыкчылыгы дал келген жер Сары-Жазга курулган ГЭС каскады деп эсептей турганын айтты.
"Дарыя Ысык-Көлдүн тоолорунан башталып Кытай тарапты көздөй агат. Анын ресурсун кыргыз тарап сугатка же башка максат үчүн колдонбойт. Сары-Жазды бойлой эл жашаган аймактар дээрлик жок болгондуктан жергиликтүүлөр менен чатак чыгат деген маселе жаралбайт", — деп түшүндүрдү ал.
Экинчиден, ГЭС Синцзян-Уйгур автоном районунун (СУАР) сугат көйгөйүн чечет.
"Үчүнчү пункт — экономикалык пайда. Азыр Кыргызстан электр кубатынын баасы боюнча дүйнөлүк рейтингде алтынчы орунду ээлейт. Эл азыр бир киловатт-саатка орточо эсеп менен алганда 86 тыйын төлөйт. Кытай 50-орунда жана 9,67 тыйын төлөйт. Башкача айтканда, Кыргызстандан Кытайга электр кубатын экспорттоо экономикалык жактан алганда пайдалуу, ал тургай экспорт эки же үч эсе кымбат турат", — деди ал.
Төртүнчү учур — андан ары Кытайдын энергетикалык системасына кошулуу. Анын айтымында, Синцзян-Уйгур автоном облусунун өзү Кытайдын башка аймактары үчүн экспортёр. Андыктан ГЭС каскады курулса, инфраструктура акырындап жолго түшүп калат.
"Бешинчи пункт — Кыргызстандын энергокризистен чыгышы. Колдо болгон мүмкүнчүлүгүнө карабай, Кыргызстан энергетикалык коллапстын чегинде турат. Себеби 86 тыйын рыноктук баа эмес, андыктан энергетика тармагы дотацияда. Электр кубатын рынок баасында экспорттоо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат, өзүн гана камсыз кылбастан, аймактагы ири экспортёр да болуп калат эле", — деген ал.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе, Telegram-каналыбызга катталыңыз.