https://sputnik.kg/20220226/kyrgyzstan-ehnergetika-bulak-video-1062385587.html
Кыргызстан энергетикалык кризистен кантип чыга алат? Ойлонтчу видео
Кыргызстан энергетикалык кризистен кантип чыга алат? Ойлонтчу видео
Sputnik Кыргызстан
Борбор Азиянын бирдиктүү энергетика системасында 25-январда масштабдуу авария болуп, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан жарыксыз калган. Бирок анын кесепетин... 26.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-26T18:52+0600
2022-02-26T18:52+0600
2022-02-26T18:52+0600
кыргызстан
энергетика
электр жарыгы
бишкек
видео
мультимедиа
аналитика
ысык-көл
шамал
гэс
https://sputnik.kg/img/07e6/02/1a/1062385559_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_8036757b21ec99f83253a40c88609f2d.jpg
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги энергиянын кайра жаралуу булактарын колдонгондор тууралуу кеңири баяндап берет.Эксперттер 2022-жылы Кыргызстандын энергетикасында олуттуу көйгөйлөрдүн жаралышын болжолдоодо. Ага кардын аз түшүшү, эскирген техника жана Токтогул суу сактагычындагы суунун азайышы себеп болушу ыктымал.Алардын пикиринде, мындай абалда жарык байма-бай өчүп, электр энергиясын коңшулардан сатып алып жаткандыктан тарифтин баасы жогорулашы мүмкүн.Энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүү борборунун президенти Татьяна Веденованын айтымында, Кыргызстан коңшулардан электр жарыгын сатып албаса абал оор болушу ыктымал.25-январда Борбор Азия мамлекеттеринде жарыктын жапырт өчүшү кыргызстандыктардын башкаларга канчалык көз каранды экенин көрсөттү. Энергетиканы антикризистик башкаруу боюнча илимдин кандидаты Наргиз Касымова кыргызстандыктар үчүн 2022-жыл жеңил болбой турганын айтат."2022-жыл оңой болбойт. Буга чейинки жылдарга салыштырмалуу бир топ оор болушу мүмкүн. Бул маселе Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнөн көз каранды. Өкмөт 2021-жылы 9 миллиард куб метрден ашык топтоо тапшырмасын берген. Бирок суу бир миллиарддай аз топтолуп, 8 миллиарддын тегерегинде чогулду", — деди окумуштуу.Бирок биогаз, күн панелдерин колдонгон айрым кыргызстандыктар жарыктын өчүшүн, чөлкөмдөгү ири аварияны сезген деле жок.Күн батареялары боюнча эксперт Бакыт Аскарбеков Кыргызстанда энергиянын башка булактарын колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөр арбын экендигин белгилейт.Адис ошондой эле республика аймагында биогаз орнотмолорун, шамал тегирмендерин куруу келечектин иши экендигин кошумчалады.Тема боюнча: Жарык өчүшү мүмкүн! Токтогулда суу азайып, Энергохолдинг элге кайрылдыАкылбек Жапаров Кыргызстанда чакан АЭС куруу идеясын колдойт
бишкек
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/1a/1062385559_137:0:1577:1080_1920x0_80_0_0_ec579658e4170e568e5aafe8836be6d4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, энергетика, электр жарыгы, бишкек, видео, мультимедиа, аналитика, ысык-көл, шамал, гэс, жарык өчүрүү, видео, кризис
кыргызстан, энергетика, электр жарыгы, бишкек, видео, мультимедиа, аналитика, ысык-көл, шамал, гэс, жарык өчүрүү, видео, кризис
Кыргызстан энергетикалык кризистен кантип чыга алат? Ойлонтчу видео
Эксклюзив
Борбор Азиянын бирдиктүү энергетика системасында 25-январда масштабдуу авария болуп, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан жарыксыз калган. Бирок анын кесепетин бардыгы сезген эмес.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги энергиянын кайра жаралуу булактарын колдонгондор тууралуу кеңири баяндап берет.
Эксперттер 2022-жылы Кыргызстандын энергетикасында олуттуу көйгөйлөрдүн жаралышын болжолдоодо. Ага кардын аз түшүшү, эскирген техника жана Токтогул суу сактагычындагы суунун азайышы себеп болушу ыктымал.
Алардын пикиринде, мындай абалда жарык байма-бай өчүп, электр энергиясын коңшулардан сатып алып жаткандыктан тарифтин баасы жогорулашы мүмкүн.
Энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүү борборунун президенти Татьяна Веденованын айтымында, Кыргызстан коңшулардан электр жарыгын сатып албаса абал оор болушу ыктымал.
"Жыл башында эле суу аз болуп жатат, кар аз түштү. Суу аз болсо, биздин өкмөт Борбор Азия мамлекеттери менен электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшпөсө, быйыл абал оор болушу мүмкүн", — деди Веденова.
25-январда Борбор Азия мамлекеттеринде жарыктын жапырт өчүшү кыргызстандыктардын башкаларга канчалык көз каранды экенин көрсөттү. Энергетиканы антикризистик башкаруу боюнча илимдин кандидаты Наргиз Касымова кыргызстандыктар үчүн 2022-жыл жеңил болбой турганын айтат.
"2022-жыл оңой болбойт. Буга чейинки жылдарга салыштырмалуу бир топ оор болушу мүмкүн. Бул маселе Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнөн көз каранды. Өкмөт 2021-жылы 9 миллиард куб метрден ашык топтоо тапшырмасын берген. Бирок суу бир миллиарддай аз топтолуп, 8 миллиарддын тегерегинде чогулду", — деди окумуштуу.
Бирок биогаз, күн панелдерин колдонгон айрым кыргызстандыктар жарыктын өчүшүн, чөлкөмдөгү ири аварияны сезген деле жок.
Күн батареялары боюнча эксперт Бакыт Аскарбеков Кыргызстанда энергиянын башка булактарын колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөр арбын экендигин белгилейт.
"Биздин өлкөгө күн көп тиет, муну эч ким тана албайт. Аны күн электр станциясына, ысык суу алуу үчүн, үйдү жылытканга күн коллекторлоруна колдоно алабыз. Мындан сырткары, чакан жана кичи ГЭСтерди орнотконго толтура дарыя, чоң суулар бар", — деди Аскарбеков.
Адис ошондой эле республика аймагында биогаз орнотмолорун, шамал тегирмендерин куруу келечектин иши экендигин кошумчалады.