Доллардын ордуна биткоин. Соодада криптовалютага орун барбы?

© Sputnik / Владимир АстапковичБиткоиндин сувенирдин тыйыны. Архив
Биткоиндин сувенирдин тыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Жазылуу
Yandex newsTelegram
Криптовалюта менен жүргүзүлгөн келишимдер долларлык тутумга байланган эмес, банктар блокчейн технологиясынын изине түшө албайт.
Иран санкциялар салынган боюнча 40 жылдан бери эле жашап келе жатат. Өлкөдө биткоиндин мыйзамдаштырылышы импорттук товарларды сатып алууга жол ачкан.
Криптовалюта чыгаруу жагынан экинчи сапта Казакстан турат. Ал эми Россияда бул тармак жөнгө салынган эмес. Санарип рубль да сынамык баскычында. Акчанын мындай түрү жаатындагы жагдай жана анын келечегине сереп салган Дмитрий Ермаков, Дарья Зеленскаянын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Батыш талдоочулары россиялык уюмдар текшерүүлөрдөн, коюлган бөгөттөрдөн качууда санарип активдерди пайдаланышы ыктымалдыгын белгилешет. Бул багытта изилдөө жүргүзгөндөрдүн бири The New York Times бул учурда криптовалюта катары санарип рублди атайт. "Россия бул сценарийди караган жок дегенибиз баеолук", — дейт вашингтондук Ferrari & Associates компаниясынын юристи Майкл Паркер.
Чектөөлөр майнаптуу болушу үчүн мамлекет тарабынан көзөмөлдөнгөн каржылык тутум зарыл. Мында насыялык уюмдар маанилүү ролду ойношот. Себеби алар каражат кайдан келип, кайда кетип жатканын көрүп турушат. РФтеги акчаны адалдоого каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзамдар банктардан санкция салынган уюмдар менен келишимдерге бөгөт коюуну талап кылып, акча которуу аракеттери туурасында бийликке кабарлап турууга милдеттендирет. Бирок криптовалюталар каржылык түзүмдөрдөн айланып өтпөсө да, параллель иштейт.
Негизи азыркы тапта Россия долларлык система менен түз иштебестен, соода кылуунун ыкмаларын табууга тийиш. Криптосоода ушундай мүмкүнчүлүктү жаратат. Транзакциялар блокчейнде жазылгандыктан аларды ачык кылып, санарип технологиялар чынжырчанын бир бөлүгүн жашыра алат. Бул Батыштын юридикалык жактарына россиялыктар менен купуя соода жүргүзүүсүнө жол ачат.
Айрым мамлекеттер бул ыкманы эбак өздөштүрүп алышкан. Иран менен Түндүк Корея Батыштын санкцияларынын кесепетин жумшартуу үчүн санарип валюталарды пайдаланышкан. Муну АКШ жана Бириккен Улуттар Уюмунун расмий өкүлдөрү тастыктайт. Ал тургай The New York Times БУУнун отчетуна таянуу менен Пхеньян өзөктүк программаны каржылоого криптовалюта уурдоо үчүн хакердик программаларды колдонгонун жазып чыкты. Мунун баарына Кошмо Штаттардын өзүндө криптосооданы мыйзамдаштырышы жол ачкан. 2015-жылдан бери ал жакта биткоин-бизнес үчүн лицензиялар бериле баштаган. Ошол учурдан тарта дүйнөдө санарип валюталардын саны кескин түрдө өскөн.
Crypto.com компаниясынын отчетуна ылайык, былтыр жыл ортосунан бери эле дүйнө жүзүндө 220 миллион киши криптовалютаны сатып алып же саткан.
Супермаркеттеги кардар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
АКШда антироссиялык санкциялардан улам азык-түлүк кымбаттай турганын айтышты

Биткоиндеп айлык алып...

2021-жылы криптокаржы жана блокчейнди талдоого адистешкен Elliptic консалтингдик фирмасы Иран биткоин майнингинен түшкөн кирешени мунайды сатуудагы санкциялык чектөөлөрдүн ордун толуктоо үчүн пайдаланарын маалымдаган.
Капитал сыртка агылат деген кооптонуулардан улам 2018-жылы аталган өлкөдө криптовалютага тыюу салынган, бирок көп өтпөй кайра мыйзамдаштырылган. Президенттин алдындагы талдоо борбору майнинг жылына 700 миллион киреше алып келип, жумуш ордун да түзөрүн эсептеп чыккан.
Ирандык криптомайнерлерге мамлекеттик лицензия берилип, аларга электр кубатына да арзандатуулар каралган. Бирок криптовалюталардын баарын алар мамлекетке тапшырууга тийиш. Ошол эле учурда расмий айлыкты биткоин менен алышат. Лицензиясыз иштегендерге айып пул салынат. Мыйзамсыз майнинг-фермаларды мечиттерде ачкан учурлар да болгон. Бирок электр түйүндөрүнө катуу күч келгендиктен Иранда маал-маалы менен тыюу салынып турат. Ушундан улам криптовалютадан түшкөн киреше туруксуз.
Elliptic компаниясынын эсебинде 2020-жылдын башында Иранга дүйнөлүк биткоин майнингинин 4,5 пайызы туура келген. Ошол кездеги анын курсу боюнча миллиард доллардай каражатты түзгөн. Мамлекеттик деңгээлде санарип риал иштелип чыгууда. 2019-жылы ошол туштагы президент Хасан Рухани "доллардын үстөмдүгүнөн кутулуу" үчүн бирдиктүү электрондук валютаны түзүүнү мусулман өлкөлөрүнө сунуштаган. Бирок сөз айтылган боюнча калган.
Exchange Iran криптовалюталык биржасынын башкы директору Эхсан Газизаде Cointelegraph тармактык басылмасына санарип риалды тестирлөө ушул жылдын аягында бүтүп каларын кыйыткан.
Ирандык банктардын баары эле криптовалютаны эл аралык соода инструментине ылайык көрүшпөйт. Бирок Газизаденин пикиринде, борборлоштурулган эмитациялык санарип риал ушундай инструмент боло алат.
Акчанын мындай формасы каржылык келишимдер боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейткендиктен көптөгөн өлкөлөрдүн борбордук банктары санарип валюта иштеп чыгуу менен алпурушууда. Атлантикалык кеңештин санарип валютасынын программасынын (трекеринин) маалыматы боюнча, ушул жааттагы изилдөөлөрдү 90дой мамлекет жүргүзүүдө. Алардын көпчүлүгүнө дүйнөлүк экономиканын 90 пайыздан ашууну туура келет.
Тогуз өлкө, негизинен Латын Америкасы өзүнүн санарип валютасын айлантууга киргизген. Албетте, буга тегиз, бардар турмуш түртпөгөнү айкын. Мисалы, Сальвадордо биткоинди үч миллион киши колдонуп, бирок калктын көпчүлүгүнүн банктагы эсептери жок. Кытайда санарип юанды тестирлөө аяктап калды. Жакын арада айлантууга берилиши ажеп эмес.
Дүкөндө турган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ДСУ: азык-түлүккө баанын жогорулашы массалык башаламандыкка алып келет

Казакстан бийлигинин "кенчи"

Россия былтыр дүйнөдө криптовалюта чыгаруу боюнча экинчи орунду ээлеген өлкө – Казакстан менен чектешет. Мындай көрсөткүчкө аталган мамлекетти эки себеп жеткирди: рынокко кытайлык майнерлердин келиши жана электр кубатынын акысынын арзандыгы. Мисалы, Нур-Султанда саатына бир киловатт электр кубаты 0,92 рублди түзөт. Ал эми Москвада эң арзан түнкү тариф — 2,69 рубль.
Улуттук блокчейн жана маалымат борборлору биримдигинин маалыматына таянсак, рыноктун мыйзамдуу оюнчулары казакстандык экономикага жылына 227 миллион доллар пайда келтирет. Ушундай эле көлөмдө өлкө көмүскө майнерлерден ала албайт.
"Эгер расмий түрүнө 800 мегаватт керектелсе, көмүскө майнингге 1,3 гигават кетүүдө", — дейт ассоциациясынын вице-президенти Сергей Путра. Казакстандын бүтүндөй энергетикалык тутуму кыл учунда иштөөдө. Түйүндөрдүн 60 пайызы толук эскерип, станциялардын курулганына кеминде эле отуз жылдан ашты.
Мындай кошумча күч январь айында аварияга кептеген. Бир нече саат бою Казакстан гана тургай, Кыргызстан жана Өзбекстан электр жарыгысыз отуруп калганы белгилүү. Ошол окуядан кийин криптофермалардын айрым ээлери бизнесин бөлөк өлкөлөргө которууну чечишкен. Бирок ансыз деле майнерлерге дата-борборлорун Казакстанда кармоо пайдасыз болуп калган. 2022-жылы өкмөт биткоин чыгарууга салыкты он эсе жогорулаткан.
"Антпесек, дүйнөдө биз экинчи орундабыз, бирок анын пайдасын дээрлик көрбөйбүз", — деп билдирген өлкө лидери Касым-Жомарт Токаев. Путра мындай салык бул индустрияны токтотот деп боолголойт. "Андай шарттарда өнүгүү тобокелдүү. Өз оюбузду өкмөткө жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок кулак салыша элек. Келтирген жүйөсү – бюджетке көбүрөөк каражат зарыл. Маңызында бул алтын жумурткалаган тоокту мууздап салгандай көрүнүш", – деп кейийт. Анын пикиринде, бийлик бир тараптуу чечим чыгарып койбой дата-борборлордун ээлери менен да сүйлөшкөнү оң.
Февраль айында казакстандык бийлик көмүскө иштеген майнерлерге күрөш жарыялаган. Өлкө боюнча электр кубатын пайдалануу 202 мегаваттан ашкан даректерди жапырт текшерүү башталган. 50дөн ашуун ферма ишин ыктыярдуу түрдө токтотуп, жабдууларын башка мамлекеттерге көчүргөн. Мыйзамсыз иштегендерди аныктоого катардагы жарандар да кол кабыш кыла алышат. Улуттук блокчейн жана маалымат борборлору биримдиги андай фермалардын жайгашкан ордун кабарлагандарга сый акы жарыялаган.
"Тартип керек. Эгер бирдиктүү эрежелер боюнча иш алып барсак, индустрияны болжоп, тамырын сезе алабыз. Анан да, албетте, калк жана мамлекеттик органдар тарабынан терс пикирлер да басаңдай түшөт, — деп түшүндүрөт Путра.
Казакстан электр кубатынын арзандыгы жагынан АКШ, Канада, Скандинавиядагы айрым аймактардан гана кийинки орунда турат. Бирок бийликтин майнерлерди көзөмөлдөөнү күчөтүү саясаты өзгөрбөсө, алар бизнес үчүн башка мамлекеттерди караштыра башташы ыктымал.
Күйүүчү майдын кымбатташы миңдеген испаниялыктарды митингге чыгарды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Күйүүчү майдын кымбатташы миңдеген испаниялыктарды митингге чыгарды. Видео

РФ Борбордук банкы буга каршы

Россияда криптовалюталардын юридикалык макамы толук аныктала элек. Былтыр "Россиядагы санарип каржылык активдер жана санарип валюта жөнүндөгү" мыйзам күчүнө кирген. Демек, криптовалюта мыйзамсыз деп эсептелбейт. Бирок документте көп жагдайлар камтылбай калган. РФ Мамлекеттик Думасынын каржылык рыноктор боюнча комитетинин жетекчиси Анатолий Аксаковдун айтымында, 2021-жылы россиялыктар мындай активдерге беш триллион рублдин тегерегинде салым салышкан. Анын баамында, колдонуучулардын көпчүлүгүнүн каржылык билими да жок.
Быйыл жыл башында РФ Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина россиялык инфраструктураны криптосоода үчүн пайдаланууга каршылыгын билдирип, санарип активдер майнингине кылмыш катары кароону сунуштаган. Россия Каржы министрлиги тескерисинче муну колдоп, бул багытты мыйзамдаштырууну сунуштайт.
Россия бул боюнча кандай чечимге келбесин, криптовалюта каржылык инструменти катары тобокелдүү. Колдонуучу үчүн да кооптуу, себеби бир кирип, кийин кайра капчыкка кирүү сыр белгилерин жоготуп, балким унутуп калышы деле мүмкүн эмеспи.
"Жалпы кемчиликтерин эске алуу кажет: курсу өтө тез-тез өзгөрүп турат, анткени ал колдонуучулардын ишенимине жараша аныкталат. Ал эми фиаттык акчалардын кунун аларды каттай ала турган борбордук банктар аныктайт. Демек, курс айырмачылыгында каржылык жоготуулар көлөмдүү болушу мүмкүн", — деп белгилейт экономист Леонид Хазанов. Ошондой эле ал азыркы төлөм терминалдары криптовалюта менен иштебестигин кошумчалап, мындай абал техникалык үзгүлтүктөргө кептей турганын эскертет. Төлөмдөр узак жүрүшү мүмкүн, ал эми санкциялар шартында күндөр эмес, ар бир саат алтынга тете эмеспи. Анан да криптовалютаны накталай акчага айлантуу оңой эмес, аймактарды айтпаганда да Москванын өзүндө аны алмаштыруучу жайлар өтө эле аз.
АКШ доллар жана калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2022
Пресс-борбор
ЕАЭБ өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валюта менен жүргүзүүгө камынып жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0