https://sputnik.kg/20220329/bajden-putin-soyuzdash-bash-tartuu-1063223780.html
Bloomberg: Путиндин сөзүнөн кийин союздаштары Байденди сынга алышты
Bloomberg: Путиндин сөзүнөн кийин союздаштары Байденди сынга алышты
Sputnik Кыргызстан
Журналисттин айтымында, Батыштын көп саясатчыларына Байдендин РФ лидери Владимир Путиндин дарегине карата айткан сөздөрү жаккан эмес. 29.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-29T10:48+0600
2022-03-29T10:48+0600
2022-03-29T10:48+0600
россия
акш
жо байден
владимир путин
https://sputnik.kg/img/07e5/09/10/1053919303_0:319:3073:2047_1920x0_80_0_0_f4d119e7a5eb5f9fb023c6a734aa6075.jpg
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байдендин Варшавадагы Россияга каршы сөзү жакынкы өнөктөштөрүнүн нааразычылыгын жаратты. Бул тууралуу Bloomberg баядамачысы Тони Чучка билдиргенин РИА Новости жазды.Журналисттин айтымында, Батыштын көп саясатчыларына Байдендин РФ лидери Владимир Путиндин дарегине айтылган орунсуз кеби жаккан эмес.Союздаштары Байденге Москва менен кооптуу тирештин отун жандырып жатканын эскертишкен. Колумнисттин ою боюнча, Франция президенти Эммануэль Макрон, Улуу Британия өкмөтү, дегеле баары Байдендин таң калтырган сөзүнөн оолак болууга аракет кылышкан.Буга чейин Байден Польшада иш сапары менен жүрүп, Украина Москва үчүн эч качан утуш болбой турганын, Россия лидери өз ордунда кала албай турганын айткан. Кийинчерээк Ак үй Байден анда Россияда бийлик алмашуусу тууралуу айтпаганын билдирип, аны кийинчерээк АКШ президенти тастыктаган.Кремль өкүлү Дмитрий Песков Байдендин Варшавада сүйлөгөн сөзүнө жооп берип, Москвада бийликте ким болорун АКШ президенти чечпей турганын айтып, мамлекет башчыны эл тандай турганын белгилеген.
https://sputnik.kg/20220329/akshda-antirossiyalyk-sanktsiyalardyn-ulam-azyk-tuluk-kymbattaryn-aytyshty-1063222308.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/09/10/1053919303_166:0:2895:2047_1920x0_80_0_0_abcbef3ca4c59ec2ffce21231b8c834e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, акш, жо байден, владимир путин
россия, акш, жо байден, владимир путин
Bloomberg: Путиндин сөзүнөн кийин союздаштары Байденди сынга алышты
Журналисттин айтымында, Батыштын көп саясатчыларына Байдендин РФ лидери Владимир Путиндин дарегине карата айткан сөздөрү жаккан эмес.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байдендин Варшавадагы Россияга каршы сөзү жакынкы өнөктөштөрүнүн нааразычылыгын жаратты. Бул тууралуу Bloomberg баядамачысы Тони Чучка билдиргенин
РИА Новости жазды.
Журналисттин айтымында, Батыштын көп саясатчыларына Байдендин РФ лидери Владимир Путиндин дарегине айтылган орунсуз кеби жаккан эмес.
Союздаштары Байденге Москва менен кооптуу тирештин отун жандырып жатканын эскертишкен. Колумнисттин ою боюнча, Франция президенти Эммануэль Макрон, Улуу Британия өкмөтү, дегеле баары Байдендин таң калтырган сөзүнөн оолак болууга аракет кылышкан.
Буга чейин Байден Польшада иш сапары менен жүрүп, Украина Москва үчүн эч качан утуш болбой турганын, Россия лидери өз ордунда кала албай турганын айткан. Кийинчерээк Ак үй Байден анда Россияда бийлик алмашуусу тууралуу айтпаганын билдирип, аны кийинчерээк АКШ президенти тастыктаган.
Кремль өкүлү Дмитрий Песков Байдендин Варшавада сүйлөгөн сөзүнө жооп берип, Москвада бийликте ким болорун АКШ президенти чечпей турганын айтып, мамлекет башчыны эл тандай турганын белгилеген.
29 Жалган Куран 2022, 10:18