Бюджет, салык, бажы ставкалары өзгөрөт. Өкмөттүн кризиске каршы демилгеси
Жазылуу
Экономика жана коммерция министрлиги Кризиске каршы башкаруу режими тууралуу демилгени коомдук талкууга чыгарды. Анын алкагында 12 кодекс менен мыйзамга өзгөртүү киргизилет. Мындай режим ишке кирсе бюджет, бажы жана салык ставкаларын өкмөт өз алдынча өзгөртө алат.
Максаты — калктын жашоо шартын жакшыртуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, социалдык маанилүү продукцияларга бааны турукташтыруу. Ошондой эле экономиканы (айыл чарба, өнөр жай, курулуш, инвестиция, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү) калыбына келтирүү, тышкы сооданы жакшыртуу каралган. Бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүп, экономикада жаралган терс факторлорго ыкчам чара көрүү механизмдерин түзүү пландалууда.
Кризиске каршы башкаруу режими кирген учурда төмөнкүдөй укуктар берилет:
Аткаруу бийлиги бюджетти парламенттин уруксаты жок бөлүштүрөт;
Мамлекеттик бюджеттин резервдик каражаты жетишсиз болгон учурда ченемдик-укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен өзгөчө бюджет кабыл алынат. Аны министрлер кабинети сунуштап, Жогорку Кеңеш кезексиз тартипте карайт;
Бюджеттик мекемелер өз муктаждыгына жараша товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып ала берет. Бул учурда мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзам толук иштебейт;
Бюджеттик насыяларды реструктуризациялоону жүргүзүү чечимин министрлер кабинети кабыл алат. Мурда Жогорку Кеңеш менен макулдашчу;
Реструктуризация бюджеттик насыяларды төлөөгө мүмкүн болбогон учурларда, Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмегине кирген зайымчаларга карата гана жүргүзүлөт;
Бюджеттик насыялардын негизги суммасы толук жабылса, насыя алган адам туумдарды, айыптарды жана финансылык санкцияларды төлөөдөн бошотулат;
Мамлекеттик органдарга, жергиликтүү бийликке бюджеттик программаларды аткарууда каражатты кайра бөлүүгө укук берилет;
Бюджеттик кредиттер боюнча карыз алуучулардын карызынын суммасын уставдык капиталга конвертациялоо жолу менен системалык маанидеги ишканаларга мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт;
Министрлер кабинети бекитилген бюджеттин жалпы көлөмүн 10 пайызга чейин көбөйтүү же азайтууга укуктуу болуп калат. Андан ашкандан кийин гана Жогорку Кеңеш менен макулдашат.
Салык, бажы ставкаларын өзгөртүү:
Кризиске каршы башкаруу режимин киргизүүгө байланыштуу министрлер кабинети өз алдынча айрым салыктык ставкаларды өзгөртө алат;
Кризиске каршы башкаруу режимин киргизүүдө экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган салыктардын ставкаларын өзгөртөт;
ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймактарынан Кыргызстанга товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салык отчетун кошпогондо ишкерлерге салык отчетун берүү мөөнөттөрүн узартуу укугу берилет;
Министрлер кабинети тарабынан ички бажылык жөнгө салуу боюнча эрежелер өзгөртүлүшү мүмкүн.
Лицензия жана соода жаатындагы талаптар:
Кризиске каршы башкаруу режими киргизилген учурда лицензиялык талаптар сакталбагандыгы үчүн министрлер кабинети лицензияны токтотуп турганга же жокко чыгарганга укуктуу;
Министрлер кабинетинин чечими боюнча социалдык маанидеги товарлардын баасын жөнгө салуунун атайын эрежелери белгилениши мүмкүн. Анын алкагында өкмөт мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн башка тартибин колдонууга укуктуу.
Белгилей кетсек, буга чейин ошол кездеги экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген. Анда дагы ушул сыяктуу нормалар камтылгандыктан коомчулукта талаш-тартыш пикирлер жаралган. Натыйжада парламенттен өтүп, бирок президент Садыр Жапаров четке каккан.