Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Мариуполь курчоосу, НАТОго айбат жана РФтин аскердик чеберчилиги

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүДЭР аскер кызматкерлери Мариупольдогу өткөрмө бекетте
ДЭР аскер кызматкерлери Мариупольдогу өткөрмө бекетте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Жазылуу
РФ Куралдуу күчтөрүнүн кынтыксыз стратегия жана тактикасы НАТОнун бир топ жылдан бери чыгышка карай кеңейүү концепциясын жана жыйынтыктарын бузууда.
Жарым миллион калкы бар Мариуполду шыкакталып-тукурулган "Азов" улутчул куралдуу түзүмү жана Украина Куралдуу күчтөрүнөн кылдаттык менен тазалоо Россиянын бүтүндөй украиналык аймакты демилитаризация жана денацификациялоого аскердик чеберчилигин чагылдырып турат. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет аталган калаадагы окуяларга токтолгон.
Мариуполду алуу уланып, кармаш шаардын чордонуна карай жылып баратат. "Азовдун" согушкерлери чоң жоготуулардын айынан 17-марттан бери шаардагы орундарын таштап, жарандык кийим кийип, гуманитардык коридор аркылуу кетип калууга умтулууда.
Мелекино калктуу конушунда көрүнгөн "Азовдун" дезертирлери жергиликтүү калктын унааларын, күйүүчү майларын тартып алышкан. Анткен күндө да алыска качып кете алышпайт, себеби алар Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү аймакта. Нацисттик түзүмдөрдүн мүчөлөрү жана башка украиналык аскердик кылмышкерлер кармалып, сотко өткөрүлөт.
Мариуполдун бир катар кичи райондору бошотулган соң "Азовдун" нацисттери жана Украинанын Куралдуу күчтөрү "тирүү калкан" катары пайдаланып жаткан жайкын калкты жапырт көчүрүү башталды. Бир сутка ичинде россиялык күчтөр бул калаадан 42 992 кишини чыгарып кете алышты.
Мариуполь курчоосу – Украинанын бүтүндөй территориясында Куралдуу күчтөрүн жоюу үлгүсү. Россиялык жоокерлердин курчоосундагы миллион калкы бар Харьков шаары да демилитаризациянын мариуполдук тажрыйбасын аргасыз кайталашы ажеп эмес.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы өлкөнүн чыгышында "ыкчам курчоодо" турган 70 миң колун жабдууну калыбына келтирүүгө тырышып, бирок майнап чыга элек. Аскердик бөлүктөрүнүн, Улуттук гвардиясы жана территориялык коргонуу батальондорунун күйүүчү май, артиллериялык ок-дарысы түгөнүүдө. Арсеналдар жана сактоочу жайлар россиялык күчтөрдүн соккулары менен жок кылынган.
НАТОнун аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Украина өзүн ээлеп алгысы келген НАТОго кирбейт. Талдоо
Ошентсе да киевдик режим дале ызырынып, 18-мартка караган түнү Украина Куралдуу күчтөрү Запорожье шаарынын түштүк-чыгыш жакасынан толугу менен бошотулган Мелитополдун турак жай кварталдары "Точка-У" сокку урууга тырышты. Россиянын Абадан коргонуу тутумунун каражаттары алардын мизин кайтарышты. Андан соң "Искандер-М" оперативдик-тактикалык ракеталык комплекси украиналык нацисттердин ракета коё берүүчү орнотмосун талкалады. Мындан тышкары, 18-марттын таңында Львовдун четиндеги авиаремонттоочу завод демилитаризацияланды. Бул ишканада МиГ-29 истребителин кайра калыбына келтирип жатышкан.
Украинанын бардык аймагындагы аскердик объектилерге жалгыз жана топтоштурулган ракеталык, авиациялык жана учкучсуз сокку уруудагы россиялык тактика душманга ыкчам тыл, күчтөрдүн кайра топтолуп баш көтөрүшү жана корголгон логистикасы үчүн аймак калтырбайт.
Ири калааларды бөгөттөөнүн жана акырындап куткаруунун алгоритмдери да ушунчалык майнаптуу жүрүүдө. РФтин Куралдуу күчтөрү үч апта аралыгында Украинанын аймагынын үчтөн бирин көзөмөлгө алып, Херсон жана башка шаарларды толук куткарып,
Киев, Чернигова, Сумы, Харьков шаарларын бөгөттөдү. Николаев жана Одесса үч жумадан бери РФтин Кара деңиз флотунун десантын күтүүдө. Борбордук облустардын аскердик дарамети анык эмес, ал эми батышта украиналык нацизмдин идеологдору басымдуулук кылат.
Бирок украиналык Башкы штабдын каршылык көрсөтүү стратегиясы жана каражаты жок. Күчү Днепропетровск менен Павлоградды таяныч пунктулары катары чыңдоого гана жетет. "Президенттин кеңсеси" виртуалдык ийгиликтер жана Владимир Зеленскийдин АКШ менен НАТО, Улуу Британия жана Европа биримдигине театрлаштырылган кайрылуулар ааламында жашап турган чагы.
Cold Response 2022 машыгууларына Норвегияга жеткирилген аскердик техника - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Cold Response 2022 машыгуулары. НАТОнун кырдаалды курчутууга кезектеги кадамы
Канткен күндө да Украинадагы согуштук аракеттердин жыйынтыгы анык, Россия жеңишке жетери бышык. Ал эми киевдик режим АКШ менен Батыш убада кылган курал-жаракты алууга, Европанын дал борборунда "экинчи Афганистанды" уюштурууга, мобилизациянын эки толкунун жүргүзүүгө үлгүрбөйт. НАТОнун киевдик режимди кайра куралдандыруу, кырдаалды өз пайдасына буруу аракеттери жакшылыкка алып келбейт. РФ Куралдуу күчтөрү каалаган душманды автономдуу жана кайталап жок кыла аларын белгилейли. Батыштын тилегин таш каап, РФтин Украинадагы атайын аскердик операциясы россиялык коомчулукту бириктирип койду.
ВЦИОМ коомдук пикирди изилдөө борборунун маалыматы боюнча, Россия президенти Владимир Путиндин ишмердигин бүгүнкү күндө РФтин 77,6 % жараны жактайт. НАТОнун чектен чыгып Чыгышка карай кеңейишинин натыйжалары Россия Украинада атайын операция форматында өзүн-өзү коргонуусу, киевдик режим жана Куралдуу күчтөрү тарабынан жай жашоочуларды "тирүү калкан" катары колдонушуна, Пентагондун биолабораториялар түйүнү такталып жана жок кылынышына, Үчүнчү дүйнөлүк (өзөктүк жана биологиялык) согуштун тутанып кетүү коркунучуна кептеди.
ЕБ жана НАТОго мүчө өлкөлөрдөгү украиналык качкындардын саны үч миллионго чыкты. Европалыктардын бир нече жылдык аскердик бюджети эмитен сарпталып, экономика, турмуш деңгээлин төмөндөп, ачарчылык коркунучу жаралды. Ошондой эле бул жагдай Россия менен Кытайдын коргонуу жаатындагы өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө өбөлгө түздү.
КЭР Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь кечээ Киевди учуучу куралдар менен жабдуу тынчтык жана туруктуулукту калыптандырары арсар экенин билдирди. Ал түгүл Украинадан улам АКШнын Кытайга басым кылуу аракети жоопкерчиликсиз жана курулай экенин эскертти.
Азыркы глобалдык олку-солку маалда глобалисттерге таандык The Economist басылмасы: "Путин менен Си дүйнөнүн жаңы тартибин ойлоп чыгышты. Анда үлкөн өлкөлөр өз таасир чөйрөлөрүнө ээ, ал эми калгандардын баары иерархияда өз ордун билишмекчи", — деп жазды. Албетте, бул абдан жөнөкөйлөштүрүлгөн ыкма, бирок адамзаттын тирдениши, жалпыга тегиз эл аралык коопсуздуктун адилеттүү тутумун түзүү үчүн "америкалык тартиптин" кулай турганы айдан ачык болуп калды.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Украинанын аскер кызматкерлери көчмө зениттик ракеталык комплекси Javelin менен Киевдеги Борисполь аэропортунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыштын каражаты да, акыркы үлгүдөгү куралы да абалга таасир эте албайт. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0