Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мусаев: отургузулган бак-дарактардын электрондук картасы түзүлүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик токой чарбасы агенттигинин директору Алмаз Мусаев
Айыл чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик токой чарбасы агенттигинин директору Алмаз Мусаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2022
Жазылуу
Айыл чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик токой чарбасы агенттигинин директору Алмаз Мусаев токойлорго жүргүзүлгөн улуттук инвентаризациянын талаа иштери жыйынтыкталганын айтты.
Өлкөдө токойлорго болгон улуттук инвентаризация алгач 2008-2010-жылдары өткөн. Кийинкиси 2018-2019-жылдары башталган. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу чет өлкөлүк адистердин келишине тоскоолдуктар жаралып, иш токтоп калган. Бул тууралуу Алмаз Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Мусаев: отургузулган бак-дарактардын электрондук картасы түзүлүүдө
Анын айтымында, 2008-2010-жылдардагы инвентаризацияда токойлор республиканын 5,6 пайызын түзөрү аныкталса, экинчи улуттук инвентаризациянын алдын ала чыгарган маалыматтарына ылайык алты пайыздан ашып калды.
"Соңку жылдары токойлордун табигый өсүүсү жакшырды. Мындан сырткары, аянттарын кеңейтүү максатында кол менен отургузулгандары да бар. Республикадагы жалпы токойлордун 17 пайызын картайып калган бактар, 37 пайызын өсүп, жетилген бактар түзөт. Бул аз жылдардан соң токойлордо жалпысынан картайган бак-дарактар көбөйөт дегенди билдирет. Андыктан бизге быйыл жылдагыдан да өзгөчө көңүл буруп, иш алып баруу тапшырмасы коюлган. Мунун негизинде эми "Жашыл мурас" мамлекеттик долбоорунун алкагында отургузулуп жаткан бактардын электрондук жол картасы түзүлөт. Ага ылайык, айыл өкмөт же кандайдыр бир ишканалардын эккен көчөттөрү да эсепке алынып, алардын канчасы өсүп чыкканы катталып турат. Бирок кандай гана аракеттер көрүлүп, токойчулар маңдай терин төкпөсүн, тилекке каршы, жер иштетүү, мал чарбачылыгы, кен казуу, туризм деги эле бардык тараптан жаратылышты, анын ичинен өзгөчө токойлорду оор жоготууга алып келген басым күчөп жатат", — деди Мусаев.
Ал уругунан тарта бир метрге чейин жеткен көчөттү өстүрүп чыгууга 10-12 жыл керектелерин, андыктан коомчулук бак отургузууда аны сугаруу, асыроо иштерин да колго алышы зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0