Кожошев россиялык кесиптеши Оверчук менен жолукту. Эмне кеп болду

© Пресс-служба правительства КРМинистрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москва шаарында
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москва шаарында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Жазылуу
Жолугушуу учурунда өзгөчө басым транспорт, өнөр жай кооперациясы жана айыл чарба тармактарына коюлду.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москва шаарына жумушчу сапары менен барып, Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук менен жолукту.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, тараптар соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
"Өзгөчө басым транспорт, өнөр жай кооперациясы жана айыл чарба тармактарына коюлду", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Россиядагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кийинки кеңешмесинин болжолдуу мөөнөтү талкууланды.
Торугарт жана Эркештам өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн талкуулашу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Кыргыз-кытай чек арасынан өткөн товардын көлөмү пандемияга чейинки абалына жетти
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москва шаарында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Кожошев Россиядан Кыргызстанга дан азыктарын жеткирүүнү талкуулады
Жаңылыктар түрмөгү
0