БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынан өткөн товарлардын көлөмү пандемияга чейинки абалына жетти. Бул тууралуу Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун элдик башкармалыгынын төрагасынын орун басары Лю Суше билдирди.Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, өкмөт башчынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Лю Суше менен видеоконференция форматында сүйлөшүү жүргүздү.Анда тараптар чек ара аркылуу өлкөлөр ортосундагы товарлардын агымын көбөйтүү, тагыраагы, "Торугарт", "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары аркылуу жүктөрдү өткөрүүнүн ар кандай ыкмалары тууралуу кеп кылышты.Лю Суше билдиргендей, учурда бул эки пункт аркылуу өткөн товарлардын саны пандемияга чейинки мезгилге жетти. Ал эми Кытай тарап консенсуска келип, кызыкчылык туудурган багыттар боюнча мындан ары иш алып барууга даяр экенин билдирди.Кыргыз тарап өткөрүү пунктуларынын иштөө убактысын узартуу маселесин карап чыгууну сунуштады.Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында протокол кабыл алынды.
Кыргыз тарап Кытайга өткөрүү пунктуларынын иштөө убактысын узартуу маселесин карап чыгууну сунуштады.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынан өткөн товарлардын көлөмү пандемияга чейинки абалына жетти. Бул тууралуу Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун элдик башкармалыгынын төрагасынын орун басары Лю Суше билдирди.
Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, өкмөт башчынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Лю Суше менен видеоконференция форматында сүйлөшүү жүргүздү.
Анда тараптар чек ара аркылуу өлкөлөр ортосундагы товарлардын агымын көбөйтүү, тагыраагы, "Торугарт", "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары аркылуу жүктөрдү өткөрүүнүн ар кандай ыкмалары тууралуу кеп кылышты
Анда тараптар чек ара аркылуу өлкөлөр ортосундагы товарлардын агымын көбөйтүү, тагыраагы, "Торугарт", "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары аркылуу жүктөрдү өткөрүүнүн ар кандай ыкмалары тууралуу кеп кылышты
Анда тараптар чек ара аркылуу өлкөлөр ортосундагы товарлардын агымын көбөйтүү, тагыраагы, "Торугарт", "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары аркылуу жүктөрдү өткөрүүнүн ар кандай ыкмалары тууралуу кеп кылышты
Анда тараптар чек ара аркылуу өлкөлөр ортосундагы товарлардын агымын көбөйтүү, тагыраагы, "Торугарт", "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары аркылуу жүктөрдү өткөрүүнүн ар кандай ыкмалары тууралуу кеп кылышты.
Лю Суше билдиргендей, учурда бул эки пункт аркылуу өткөн товарлардын саны пандемияга чейинки мезгилге жетти. Ал эми Кытай тарап консенсуска келип, кызыкчылык туудурган багыттар боюнча мындан ары иш алып барууга даяр экенин билдирди.
Кыргыз тарап өткөрүү пунктуларынын иштөө убактысын узартуу маселесин карап чыгууну сунуштады.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында протокол кабыл алынды.