Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШнын суюлтулган газы Россиянын газын алмаштыра алабы? Сереп

© AP Photo / Murad SezerЖаратылыш газ сактоочу жерде клапандарды текшерип жаткан техник. Архив
Жаратылыш газ сактоочу жерде клапандарды текшерип жаткан техник. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Жазылуу
Америка европалык союздаштарын Россия менен ресурстук-энергетикалык мамилени биротоло үзүүгө мажбурлоону улантып келет.
Бирок андай чакырыктарга, айрым учурда түз эле коркутууга карабастан, жамааттык Европа углеводород, анан, албетте, биринчи кезекте жаратылыш газын алган жолду бузуудан баш тартууда. Мындан улам АКШ кысымын күчөтүп, сөзү өтпөй калганда алдап-соолаганга өтүп жатат дейт россиялык журналист Сергей Савчук. Макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Жакында эле суюлтулган газ өндүргөн америкалык ири EQT компаниясы Евробиримдик Россия менен эч кооптонбостон алаканы үзө берсе болорун, "АКШ россиялык газды оңой эле алмаштырып коё аларын, бул үчүн мүмкүнчүлүк да, каалоо да күч экенин" жар салды.
Дем бере турганы менен дегеле ишке ашпай турган кеп.
Маал-маалы менен чыга калган мындай маалыматтардын пропагандалык боёгу бар, алар болуп жаткан окуяларды кабыл алууга даяр боло элек мээге керектүү тезистерди "куюу" менен алек, максаты да ошол. Ойдон чыгарылган болсо да массанын аң-сезимине кыттай уюп келет. Альтернативдүү реалдуулук мына ушинтип түзүлөт, буга Украинанын эли "Нафтогаз" үч жумадан бери Европага россиялык газдын транзитин жасабай калды деген сөзгө ишенип келгени күбө.
Антироссиялык риториканы эмоция эмес, фактыга таянып жокко чыгарууга аракет кылып, кепти Европанын россиялык газдан көз карандылыгы 40 пайыздан ашыгыраак экенинен баштайлы. Акыркы жылдары үзгүлтүксүз ташылып жатканына таянып "Газпром" 2021-жылдын жыйынтыгы менен жөнөтүлгөн көлөм 200-203 миллиард куб метр болот деп эсептеп жатат.
200 миллиард куб метр газдын басымдуу бөлүгү магистралдык түтүктөр аркылуу кетип, жакын жерден ташылган суюлтулган газдан арзан түшөт. Анын океан аркылуу ташылышы тууралуу айтпай эле коёлу. Бул фактыны көптөр рыноктогу баага таянып четке кагууга аракет кылып келишет, бирок биздин айтканыбыз туура экенин жогоруда аты аталган EQT компаниясынын жетекчиси Тоби Райс өзү тастыктайт.
Карьердеги руданы самосвалга жүктөө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
"Оңбой калат". Россиялык сырьедон баш тартса Батыш кандай зыян тартат?
Евробиримдик мамлекеттери чогулуп 450-480 миллиард куб метр жаратылыш газын керектейт. Экоактивисттер жана фотоэлектр панелдери менен шамал генераторлорун курууга ыктаган адамдардын айткандарына карабай бул көрсөткүч жылдан жылга өсүүдө. Демек, кандайдыр бир себеп менен россиялык газ жок болуп кеткен күндө да башка жеткирүүчүлөр 200 миллиард куб метрдин ордун эле толтурбастан аны улам көбөйтүп отурушу зарыл.
Россиянын газ түтүктөрү, анын ичинде украиналык сегмент да бар, өз продукциясын алгач Германияга жеткирет, ошол жактан андан ары кетет. Түштүк Европа өлкөлөрү Түркиядан Болгарияга, Сербияга, Венгрияга жана Словенияга кеткен "Түрк агымы" магистралынан "азыктанат". Баса, акыркы эки өлкө жакындан бери Украинага реверс боюнча газ жеткирген негизги мамлекеттер болуп калды, буга чейин тескерисинче эле.
Башка жеткирүүчүлөр тууралуу кеп кыла турган болсок, Евробиримдик жаратылыш газын Норвегия менен Алжирден да сатып алат. Россиянын үлүшү 41 пайыз болсо, Норвегия менен Алжирдики 24 жана 11 пайыз. Калганына, түтүк менен жеткиргени, суюлтулган газ сатканы кошулуп рыноктун төрттөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгү туура келерин оңой эле эсептеп чыкса болот.
Катар Европага өзүнүн суюлтулган газынын экспортун көбөйтүүдөн баш тартты. Нидерланддар рыноктон биротоло кетип жатышат, катуу жер титирөөлөрдөн улам быйыл Гронинген бассейнинде газ өндүрүү толугу менен токтотулат. Азербайжандан тартылган трансанатолиялык TANAP түтүгүнүн кубаттуулугу болгону 16 миллиард куб метр.
Газ келишимдери тууралуу маалымат алган соң америкалыктардын убадасына кайталы.
Кошмо Штаттар чынында эле жакшы секирик жасап, өткөн жылдын жыйынтыгы менен алганда суюлтулган газ өндүрүү боюнча алдыңкы эки орунда турган Австралия менен Катарга кыйла жакындады. Бул мамлекеттер жылына 87,5 жана 77,5 миллиард куб метр суюлтулган газ чыгарат. Америкалык сланецчилер азыркы темпти сактап, жыл соңуна чейин 90 миллиард куб метр берген көрсөткүчкө жетет дейли. Бул Американын бардык күчүн бириктиргенде да Европада кадыресе жашоону камсыз кылган россиялык газдын теңине да жетпейт. Демек, Европага америкалык суюлтулган газдын эч нерсесин калтырбай жиберген күндө да баары бир аз болот.
Түндүк агым-2 газ түтүгүнүн курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2022
"Апаатка кабылабыз". Европа менен Кытай үчүн санкциялардын зарылдыгы барбы?
АКШ дүйнөдөгү газ керектеген ири мамлекеттердин сап башында турганы өзүнчө сөз. Мамлекет жыл сайын 860 миллиард куб метр көгүлтүр отун колдонот. Салыштырып көрөлү: бул Россия керектеген көлөмдөн эки эсе, бир жарым миллиард калкы бар Кытайдан үч эсе көп.
Анын үстүнө АКШда суюлтулган газ өндүрүүнү көбөйтүү жагы көйгөй жаратууда. Буга америкалык экологдор караманча каршы чыгып, аларды бийликтеги Демократиялык партия колдоп жатат. Заманбап экологиялык доктринага ылайык, суюлтулган газды өндүрүү жана ташуу айлана-чөйрөгө зыян алып келчү процесс деп эсептелинет, анткени абага кадимки углероддун диоксидинен 50 эсе көбүрөөк зыяндуу келген метан чачат. Ушу тапта аталган себептерден улам 14 жаңы өндүрүштүн курулушу токтоп турат.
Мында мүмкүнчүлүк тууралуу да айта кетиш керек. Азыр Европа өлкөлөрүнүн суюлтулган газды ири көлөмдө ала алар-албасы тууралуу айтып жатабыз. Суюлтулган газды регазификациялоо үчүн тийиштүү кубаттуулукка Франция, Испания жана ЕБден чыгып кеткен Улуу Британия ээ. Булардын баары кабыл алып, болжол менен 50 миллиард куб метр газды керектөөчүлөргө жөнөтүүгө жөндөмдүү. Ал эми газдын эң ири импортёру болгон Германиянын бир дагы терминалы жок.
Америкалыктардын эртең эле Европаны россиялык газдан көз карандылыгын жоюу убадасы сөз бойдон каларын көрүп турабыз.
Европалыктар мындан ары россиялык отунга муктаж эмес деген кезектеги жаңылык окуганда ушунун баарын эстей жүрүңүз. Баса, Украинада атайын операция башталгандан бери Европа дал ушул отун үчүн Россияга 13 миллиард доллардан ашуун акча төлөдү.
Жумушчу суюлтулган жаратылыш газ терминалында клапандары текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа санкциялардын залалын азайтуунун жолун издөөдө. Азырынча таба элек
Жаңылыктар түрмөгү
0