Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Европа санкциялардын залалын азайтуунун жолун издөөдө. Азырынча таба элек

© AP Photo / Murad SezerЖумушчу суюлтулган жаратылыш газ терминалында клапандары текшерип жатат. Архив
Жумушчу суюлтулган жаратылыш газ терминалында клапандары текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Жазылуу
Германия канцлери Шольц Россиядан энергия ресурстарын ташуу санкциядан чыгарылганын жар салды. Мындай чечимге газдын баасы рекорддук деңгээлге жетип, бир куб метри 3700 долларга чыкканы түрткү болушу ыктымал. Бул узак мурдагы баадан 15 эсе кымбат.
Канцлердин аркасынан ушундай эле көз карашты Нидерландынын премьер-министри Рютте да билдирди. Баасы кескин өсүп баратканда мындай чечим жагдайды жайгарууга аракет көрүү үчүн кабыл алынганын боолголойт серепчи Александр Собко. Анын Россиянын Батыш мамлекеттерине экспорту туурасындагы макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Мындай маңыздагы билдирүүлөргө карабастан Россияга карата батыш өлкөлөрү тарабынан чектөө тобокелдиги дале жок эмес. Болгондо да ага эң алгач газ эмес, мунай кабылышы ыктымал.
Эске салсак, эл аралык абал курчуй түшкөндөн бери Россия үчүн мунай жана газ рынокторундагы кырдаал өзгөрө баштаган. Албетте, мунайдын дүйнөлүк баасы өсүп, бирок ошол эле убакта россиялык энергия ресурсу бир кыйла арзандатуулар менен, баррелине 20 доллардан бир аз ашыгыраак баада ташыла баштады. Санкцияга кабылуу ыктымалдыгынан арзандатуу берилбеген шартта ишканалар Россия тарап менен келишим түзүүдөн чочулашкан.
Европалык расмий өкүлдөрдүн билдирүүлөрүнөн соң арзандатуулар азайтылышы күтүлөт. Бирок тобокелдиктер дале бар. Анткени мунайдын жаңы түрүнүн логистика жана европалык мунайды кайра иштетүүчү заводдорго ылайыкталса, анда Россиядан ташып келинген мунайдын ордун толуктап коюуга болот. Бирок андайга бир топ убакыт кетет.
Глобалдык баланстан алып караганда Россия мунай жана мунай өндүрүмдөрү аркылуу дүйнөлүк керектөөсүнүн жети пайызын экспорттойт. Анын үчтөн бирине жакыны Азияга, негизинен Кытайга кетет. Континенттик түтүк аркылуу бөлүктөрү үчүн логистикадан улам Европага россиялык мунайдан баш тартуу кыйынга турушу мүмкүн. Башкача айтканда, болжолдуу санкцияларга россиялык мунайдын бардык көлөмү эмес, дүйнөлүк керектөөнүн эки-төрт пайызы гана кабылышы ыктымал. Бул – глобалдык экономика үчүн көтөрүп кете ала тургандай эле көлөм. Анан да, албетте, баа да абдан жогорулап, глобалдык суроо-талап азайып кетиши мүмкүн.
Айрым жерлерде бойкот фактору да таасир этиши ажеп эмес, маселен Shell россиялык мунайдын споттук партиясын сатып алуудан баш тартты. Газ кырдаалы мунайдын абалынан таптакыр айырмаланат. Биринчиден, көгүлтүр от Ямалдан тышкары дээрлик толугу менен газ түтүктөрү аркылуу жеткирилет.
Европанын Россия газынан көз карандылыгы 30-40 пайызды түзүп, ал түгүл орто мөөнөттүк келечекте россиялык импорттун ордун алмаштыра алышпайт. Суюлтулган газ секторунун өнүккөнүнө карабастан газ рыногу мунайга салыштырмалуу масштабы анчалык деле кабелтең эмес.
Россия өкмөтүнүн имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия мамилеси бузулган мамлекеттердин тизмесин жарыялады
Соңку айларда "Газпром" Европа биримдигин газ менен камсыздоо көлөмүн кескин азайткан. Ал эми жакында эле Украина аркылуу сордуруу келишимдеги деңгээлден эки эсе аз болчу. Бирок Украина аркылуу транзит атайын операциялар башталгандан тарта тескерисинче келишимдик көлөмгө чейин өсүп, суткасына 109 миллион куб метрге чыкты. Мындан тышкары, "Газпром" акырындап "Ямал — Европа" польшалык багыт боюнча көлөмдү кайрадан ээлөөгө кайтууда. Башкача айтканда. россиялык экспорт азыр кыйла жогорулап, баа да өстү. Соңку айда "Газпром" тарабынан жеткирилбей, керектөө көлөмү топтоло түшкөн. Газ сактоочу жайлардагы таңсыктыкты жайында жоюу пландалганы менен ушул тапта белгисиздик күч алып барат. Эске салсак, бул иш пландуу түрдө жылытуу сезону аяктаары менен жүргүзүлүп, тыным деген болбойт. Ушундай жагдайда Украина өзүнүн газ экспортуна тыюу салышы кызык. Транзитке тиешеси болбогону менен бул келечекте Европа биримдигиндеги өлкөлөргө өткөрүү планы менен Украинада сакталган газды сатуучуларды түйшүккө салат.
Украиналык газ-транспорттук оператордун маалыматына таянсак, өлкө азыр деле өз аймагына чакан көлөмдө реверстик ташууларды жүргүзүүдө. Мындай жагдайда көгүлтүр отко болгон көз карандылык россиялык мунай жаатында жагымдуу шарттарды жаратышы ыктымал. Россиялык расмий өкүлдөрдүн айрым билдирүүлөрүнө караганда мунай менен газ чогуу гана ташылат, башкача айтканда, газ мунайсыз сатылбайт деген талаптар коюлушу да ажеп эмес. РФте газ сатуудан түшкөн пайда мунай жана мунай өндүрүмдөрдөн түшкөн кирешенин он пайызын түзүп келгенин да белгилей кетели. Бирок мунай баасы адаттагыдан 1,5-2 эсе өсүп, ал эми көгүлтүр от 5-15 эсе кымбаттаган маалда РФтин газдан ала турган кирешеси кыйла салмактуу болчудай. Башкача айтканда, мурун газ "саясат", ал эми мунай "киреше" болуп келсе, азыр абал алмашты.
Азыркы жагдайда энергетикага жарым-жартылай байланышкан дагы бир орчундуу сектор — жер семирткич. Көлөмү жагынан азыраак болсо да, түшүнүктүү себептер менен глобалдык экономика үчүн оголе көйгөйлүү. Мында азыркыдай кырдаалдын кабары чыга электе эле баа өскөнү байкалган. Мисалга, диаммонийфосфаттын баасы акыркы эки жыл аралыгында үч эсе кымбаттаган.
Белгилүү болгондой өсүмдүктөр үчүн үч негизги макроэлемент: калий, фосфор жана азот зарыл. Бирок өндүрүшчүлөр үчүн алардын ортосундагы айырма чоң. Калий менен фосфордун булагы — бул пайдалуу кендер, алар химиялык иштетүүдөн соң товардык жер семирткичтерге айланат. Тескерисинче, азоттук жер семирткичтерди өндүрүү толугу менен табигый газга негизделип, ал эми азот өзү абадан алынат.
Ошондой эле жер семирткичтер көбүнесе аралаш болорун да белгилеп кетүү керек. Мисалы, фосфордук жер семирткичтер көп учурда азот менен байланышта болот, себеби туздагы фосфаттык анионду (мисалы, жогоруда аталган диаммонийфосфатта) аммоний (азот) түрүндө катион менен теңдөө ыңгайлуу. Ошондон улам азоттук жер семирткичтин акысы толугу менен көгүлтүр оттун баасына байланыштуу. Катнашы да өтө жөнөкөй: аммиактын тоннасын өндүрүү үчүн миң куб метр табигый газ керектелет.
Россия жана Евробиримдиктин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЕБ өкүлү: Евробиримдик Россиядан энергияны импорттоого тыюу салбайт
Былтыр күздө Европада жер семирткич өндүрүүчү заводдор токтой баштаган. Анткени аммиак жана андан алынгандардын баасы кескин көтөрүлүп кеткен газдын наркына туура келбей, бул өндүрүш пайдасыз болуп калган. Кандай болсо да жер семирткичтин глобалдык экспортунда Россиянын үлүшү 15 пайызды түзөт. Россия жер семирткичтин бардык түрүн экспорттойт. Калийдүү жер семирткичте да чоң роль РФтин энчисинде. Бул өндүрүмдүн дүйнөлүк өндүрүшүнүн негизги бөлүгүн Россия, Канада жана Беларусь (бирдей үлүштө) камсыздайт.
Айтмакчы, азот жана фосфордук жер семирткичтердин экспортчусу болгон Кытай да былтыр күздө анын көлөмүн азайткан. Бирок бул держава да калийдик жер семирткичти сырттан алат.
Бир нече күн мурун РФтин Өнөр жай жана соода министрилиги россиялык өндүрүшчүлөргө чет өлкөлүк логистикалык ишканалар тараптан иш нугу бузулганына байланыштуу жер семирткичтерди экспорттук жүктөөнү утурумдук токтотуп турууну сунуштады. Бул жаңылык чет өлкөлүк логистикалык компанияларды башка тармактарда да туруктуу кызматташууга чакыруу аракетиндей талкууланган. Кандай болгон учурда да ансыз да таңсыктык байкалган жер семирткичтер сектору ошол эле мунайга караганда да импорттоочуларды бир топ бушайманга салбай койбойт.
Мунай — бул эң оболу ары-бери жүрүүнү ыңгайлуу жана чектөөсүз кылчу шарт.
Көгүлтүр от — бул жылуулук жана ысык сууну алуу, электр кубатын иштеп чыгуу, өнөр жай ишканаларынын ишин камсыздоо. Экөөнүн катышы белгилүү бир өлкөнүн энергетикалык түзүмүнө жараша болмокчу, бирок Европада газга болгон суроо-талап ушул үч тармактын ортосунда теңме-тең бөлүштүрүлгөн. Жер семирткичтер акыры барып дасторкон толтурат эмеспи.
Булардан сырткары Россиянын экспортун алмаштырууга кыйын болгон чакан секторлор да жок эмес. Маселен, акыркы эки жылда никель наркы 2,5 эсеге, ал эми жыл башынан бери төрт эсеге көтөрүлдү. Дүйнөлүк никель өндүрүшүндө Россиянын үлүшү он пайызды түзөт.
Азык-түлүк баалары да бир орунда эмес экени маалым. Башкача айтканда, Россиянын валюталык пайдасы үчүн анчалык деле оор эмес жоготуулары дүйнөлүк экономика үчүн бир топ маанилүү болууда. Россиялык мунайды сатып алууга тыюу салынып калса, эки айры жолго кабылышат. Же жөн гана айрым өлкөлөр кайсы бир товардын таңсыктыгына моюн сунууга мажбур болот.
Анткен менен РФ да тышкы соода жүргүзүү көлөмүндөгү чакан болсо да сырттан алынып, ички россиялык өндүрүш үчүн маанилүү болгон товарларга көз карандылыгы жок эмес. Соодага өз ара чектөөлөрдү киргизүүдө буларды да эске алуу кажет.
РФ өкмөтүнүн имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ өкмөтү экономиканы турукташтыруу үчүн иш-чаралар планын иштеп чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0