Бишкек — Ош жолунун Токтогул районундагы бөлүгү жабылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкек — Ош жолуна түшкөн кар көчкү. Архив
Бишкек — Ош жолуна түшкөн кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Жазылуу
ЖКККББ айдоочуларды зарыл иш болбосо тоолуу аймактарга барбай турууну сунуштады.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош трассасынын Токтогул районундагы бөлүгүнө кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу жол жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.
Маалыматка караганда, 14-март күнү жолдун 223,5-чакырымына көлөмү 550 куб метр, узундугу 150 метр, бийиктиги 3,5 метрлик көчкү түшкөн. Жабыркагандар жок.
Учурда атайын техника жолду тазалап жатат. ЖКККББ айдоочуларды зарыл иш болбосо тоолуу аймактарга барбай турууну сунуштады.
Бишкектин Ала-Тоо аянты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2022
Күн жылыйбы? Алдыдагы аптага аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0