Мураталиев: кыргыз тажияда сөөктү каадасына ылайыктап узаткан
"Сөөк узатуу зыйнатында ысырапкорлукка жол бербөө максатында бодо мал союуга салынып жаткан тыюу тууралуу сөз кылаарда биз каада эмне, салт эмне түшүнүп алганыбыз оң. Тилекке каршы, азыр салттан четтеп, кааданы салт деп жашап калдык. Мисалы, адамдын жаны үзүлүп жерге берүү зарылчылыгы жаралганда кыргыздын салтында эл-журтка кабар бердирген. Ал ошол өлгөн кишинин кадыр-баркына жараша жасалган. Катардагы карапайым адам болсо тууган-уругу жана айыл-апага кабар айтылган. Жалпы журт тааныган инсан болсо чабарман башка урууларга чейин жиберилген. Эл аралык деңгээлдеги кишинин кара ашы да анын аброюна жараша өткөн. Башкача айтканда, башка журттан, коңшу мамлекеттерден эл келсе каадасын кылып союш союлган жана башка бардык эрежелери аткарылып аларды узатышкан. Бул жерде сөөктү жерге берүүдө салты, башкача айтканда, өзгөртүүсүз аткарылчусу бул чабарман жиберүү, элге кабар айтуу. Ал эми келген элге мал союу же сойбой коюу бул каадасы, тактап айтканда, өзгөртө берсе боло турган тарабы. Эми ушул жерден биз алыс-жакындан эл келип жатса, аларга атайын кабар берилип, чакыртылып келген соң кантип дасторкон жайбай, мал сойбой коёбуз деген суроого келип такалабыз. Бул туура, анткени кыргыз көчмөн эл болгон, ушундай эреже менен жашаган. Ал эми ислам дининде сөөктү тез жерге жашыруу, бодо мал союп казан аспоо эрежелерине токтолсок, мунун да ошол дин пайда болуп жайылган, ысык жакта жашаган журт үчүн туура, ыңгайлуу жагы болгон. Ошондуктан ар нерсени айтып талаша бербей, тыюуларга чейин жеткирбей эле эл өзү каада менен салттын айырмасын аныктап алып, колунда жок болсо деле куру намыска алдырып чачыла бербей, мүмкүнчүлүгүнө жараша каада күтүп жашашыбыз керек", — деди Мураталиев.