10-мартта Бишкектеги үч жаңы конушта ичүүчү суу жок болот

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБанкаларга суу толтуруу. Архивдик сүрөт
Банкаларга суу толтуруу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2022
Жазылуу
Бишкек мэриясы келтирген ыңгайсыздык үчүн калаа тургундарынан кечирим сурап, жашоочуларды суу камдап алууга чакырды.
БИШКЕК, 7-мар. – Sputnik. 10-мартта Бишкектин Эне-Сай, Дордой-1, Дордой-2 жаңы конуштарында ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
"Бишкек суу каналы" ишканасы билдиргендей, 9:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу аталган конуштардагы үйлөрдө, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо жана башка социалдык объектилерде жок болот.
"Бул күнү Эне-Сай суу кампасында оңдоо иштери жүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Бишкек мэриясы келтирген ыңгайсыздык үчүн калаа тургундарынан кечирим сурап, жашоочуларды суу камдап алууга чакырды.
Бишкекти жылуулук менен камсыздоо. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Бишкекте жылуулук берүү токтотулабы? Мэриянын жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0