00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Бишкекте майда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти. Кабарда төрага Нурланбек Тургунбек уулу ЖККУ ПА катчылыгынын жетекчиси Сергей Поспеловду кабыл алганы белгиленди. Жолугушууда май айында Бишкек шаарында өтө турган ЖККУ ПАнын кезектеги жыйынынын программасы талкууланып, карала турган маселелердин долбоорлору тууралуу сөз болгон. Өз кезегинде Поспелов алдыдагы жыйындын күн тартиби тууралуу кеңири маалымат берип, жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери жогорку деңгээлде экенин кошумчалады. Муну менен катар жолугушууда билим берүү жаатындагы кызматташтык тууралуу сөз болуп, аталган багыттагы алакаларды арттырууга тиешелүү моделдик мыйзам долбоору Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен биргеликте даярдалып жатканы айтылган.
Жол эрежеси боюнча суроолор аларды одоно бузган айдоочуларга гана берилиши мүмкүн Маселени ЖКККББнын жумушчу тобу карап жатат. Быйыл 1-сентябрдан тарта жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн токтотулган жерден жол эрежелерин суроо процедурасы башталат. Кимде ким жол эрежелерин билбесе, ошол замат айдоочулук күбөлүгү алынып, “Унаа” мекемесине убактылуу жөнөтүлөт. Видеодо активист Жол милициясынын маалымат катчысын ара-чолодо сурамжылоого алды.
Бишкекте Абсамат Масалиев проспектисинин Байтик Баатыр көчөсүнөн Чортекова көчөсүнө чейинки бөлүгү жолдун түндүк тарабы 6-апрелде убактылуу жабылат.Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Бул иш-чаралар Д.Асанов атындагы Жеңиш паркынан саат 10:00дө башталган веложүрүшкө байланыштуу болууда. Бардык каалоочулар үчүн каттоо саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт. Катышуучулар «Газпром-балдар үчүн» спорттук-эс алуу комплексинде жыйынтыкталып, спорт күйөрмандарын оюн-зоок программасы күтөрү белгиленген. Айланма жолдун узундугу 5,5 чакырымды түзөт.
ЕАЭБ Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы алаканы өнүктүрүү үчүн платформа боло алат. Бул тууралуу ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян Европалык бизнес-ассоциациянын конференциясында билдирди. Иш-чарага ишкерлер, эксперттер жана бийлик өкүлдөрү катышып, Арзуманян Борбор Азиянын Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстердеги ролуна токтолду. Ал Казакстан менен Кыргызстан ЕАЭБге мүчө, ал эми Өзбекстан байкоочу макамга ээ экенин эске салды. "Бизде негизги багыттардын бири — реалдуу секторду колдоо жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү. Комиссия машина куруу, мунай-газ жабдууларын чыгаруу, жеңил өнөр жай, химия тармактарында жана башка багыттарда кооперациялык чынжырчаларды түзүп жатат", — деди Арзуманян. Ал Борбор Азия мамлекеттери ресурстарга бай экенин, акыркы жылдары аймакта өнөр жай тармагы өнүгүп жатканын белгиледи. Айтымында, бул ЕАЭБ алкагында биргелешкен өндүрүш түзүү мүмкүнчүлүгүн жаратса, экинчи жагынан, Европадан инвестиция тартууга жол ачат.
Жаңылыктар түрмөгү
0