Жапаров Эл аралык хоккей федерациясынын президентине Достук орденин берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров бүгүн Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф менен жолугушту.
Садыр Жапаров бүгүн Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф менен жолугушту.  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Жазылуу
Бүгүн Бишкекте хоккей боюнча төртүнчү дивизиондогу дүйнө чемпионаты старт алат. Оюн алдында өлкө башчы мелдештин уюштуруучулары менен жолукту.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров спорт эл жана мамлекеттерди бириктирип, достукту чыңдаган маанилүү көпүрө экенин белгилеген.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Садыр Жапаров бүгүн Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф менен жолукту.

Садыр Жапаров бүгүн Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф менен жолукту. - Sputnik Кыргызстан
1/3

Садыр Жапаров бүгүн Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф менен жолукту.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Жапаров спорт эл жана мамлекеттерди бириктирип, достукту чыңдаган маанилүү көпүрө экенин белгилеген.

Жапаров спорт эл жана мамлекеттерди бириктирип, достукту чыңдаган маанилүү көпүрө экенин белгилеген. - Sputnik Кыргызстан
2/3

Жапаров спорт эл жана мамлекеттерди бириктирип, достукту чыңдаган маанилүү көпүрө экенин белгилеген.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров хоккей мектептерин ачуу жана Эл аралык хоккей федерациясынын алдында дүйнөлүк стандарттагы жаңы хоккей аренасын куруу маселесин колдоону сунуштаган.

Президент Садыр Жапаров хоккей мектептерин ачуу жана Эл аралык хоккей федерациясынын алдында дүйнөлүк стандарттагы жаңы хоккей аренасын куруу маселесин колдоону сунуштаган. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Президент Садыр Жапаров хоккей мектептерин ачуу жана Эл аралык хоккей федерациясынын алдында дүйнөлүк стандарттагы жаңы хоккей аренасын куруу маселесин колдоону сунуштаган.

1/3

Садыр Жапаров бүгүн Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф менен жолукту.

2/3

Жапаров спорт эл жана мамлекеттерди бириктирип, достукту чыңдаган маанилүү көпүрө экенин белгилеген.

3/3

Президент Садыр Жапаров хоккей мектептерин ачуу жана Эл аралык хоккей федерациясынын алдында дүйнөлүк стандарттагы жаңы хоккей аренасын куруу маселесин колдоону сунуштаган.

"Хоккейге болгон кызыгуубузду сактап калганга кубанычтамын. Мүңкүрөп отуруп калбай, республикада хоккейди жайылтууга жана биздин команданын эл аралык турнирлерге катышуусуна аракет кылган ышкыбоздордун да эмгеги бар", — деген президент.

Мамлекет башчы Эл аралык хоккей федерациясынын төртүнчү дивизиондогу дүйнө чемпионатын Кыргызстанда өткөрүү чечимин кыргыз тараптын хоккейди өнүктүрүүгө болгон умтулуусун колдоо катары кабыл алса болорун айткан. Ал чемпионат жаштардын хоккей менен машыгуусуна түрткү берерин белгилеген.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда миңден ашык спортчу хоккей менен алектенет. Алардын дээрлик жарымы балдар экени кубандырат. Кыргызстан өлкөнүн курамасы 10-15 жылдан кийин шайба менен хоккей боюнча дүйнө чемпионатында жогорку дивизиондо жана кышкы Олимпиадада ойноруна ишеним артат", — деген өлкө башчы.
Президент Садыр Жапаров хоккей мектептерин ачуу жана Эл аралык хоккей федерациясынын алдында дүйнөлүк стандарттагы жаңы хоккей аренасын куруу маселесин колдоону сунуштаган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жана КРдин Хоккей федерациясына бул боюнча иш алып барууну тапшырган.
Өз кезегинде Люк Тардиф Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет башчысын жана Кыргызстан элин өлкөнүн мамлекеттик туусунун 30 жылдыгы менен куттуктаган. Ал Кыргызстанда кышкы спорттун түрлөрүн, анын ичинде хоккейди өнүктүрүү үчүн бардык шарттар бар экенин белгилеген. Ошондой эле кыргыз тарапка дүйнөлүк чемпионатты уюштуруп, даярдангандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.
Эл аралык хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Петр Бржиза хоккей жалпы Азия чөлкөмүндө өнүгүүсү үчүн индустрия, атап айтканда, машыккысы келгендер үчүн хоккей талаалары болушу керектигин белгилеген.
Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Тардиф Жозеф Пьер Люкту Кыргызстанда хоккейди өнүктүрүүгө, ошондой эле хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатты уюштурууга кошкон зор салымы үчүн Достук ордени менен сыйлаган.
Ал эми Эл аралык хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Петр Бржиза менен Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча аймактык вице-президенти Айваз Оморкановго президенттин энчилүү сааттары тапшырылган.
Хоккей оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Бүгүн Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Расписание
Жаңылыктар түрмөгү
0