Доллар менен алтындын баасы дагы деле өсүүдө. 3-мартка карата маалымат

© AFP / TED ALJIBEАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Өткөн суткада евро менен доллардын курсу өсүп, алтын куймалар дагы кымбаттады. Ал эми май куюучу жайларда күйүүчү майдын баасы ошол бойдон кармалып турат.
АКШ акчасын сатып алуу — 94,31 сом (69 тыйынга кымбаттады) болсо, сатуу — 97 сом (46 тыйынга кымбаттады). Ал эми рублди сатып алуу — 0, 869 (4 тыйынга кымбат), сатуу — 1,101 (1 тыйынга арзан).
Күйүүчү май мурдагы күндөрдөгү баасы менен сатылып жатат.
"Бишкек Петролеум":
АИ-92 — 60,9 сом;
АИ-95 — 64,9 сом;
Дизель майы — 61,5 сом.
"Газпром нефть Азия":
АИ-92 — 61,5 сом;
АИ-95 — 64,9 сом;
Дизель майы — 62,5 сом.
Алтындын баасы 1 граммы 65 сомго көтөрүлүп, 7845,5 сомдон сатылууда.
Мунай казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Brent мунайынын баасы 9 жылдан бери алгачкы жолу 116 доллардан ашты
Жаңылыктар түрмөгү
0