Туунун 30 жылдыгына арналган майрам. Иш-чарага Садыр Жапаров катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын туу кунунун репетициясы
Кыргызстандын туу кунунун репетициясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Жазылуу
Салтанаттуу иш-чараны КТРК, республикалык жана облустук телеканалдар түз алып көрсөтөт.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Эртең, 3-мартта, Бишкекте мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, ага өлкө башчы Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, майрам борбордук "Ала-Тоо" аянтында белгиленет.
"Салтанаттуу иш-чараны КТРК, республикалык жана облустук телеканалдар түз алып көрсөтөт. Түз эфир 09:55те башталат", — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу эртең Бишкектин борбордук бөлүгү беш саатка жабыларын шаардык милициянын Патрулдук кызматынан билдирди.
Ак калпак - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Ак калпак — кыргыздын улуттук баш кийими. Калпак күнүнө карата кызыктуу баян
Ноорузду Ала-Тоо аянтында майрамдоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Мартта кыргызстандыктар кошумча эки күн эс алат
Жаңылыктар түрмөгү
0