https://sputnik.kg/20220228/bishkektegi-dobushtar-kol-menen-sanalyp-buttu-1062446221.html
Бишкектеги эки округда добуштар кол менен саналып бүттү. Өзгөрүү барбы?
Бишкектеги эки округда добуштар кол менен саналып бүттү. Өзгөрүү барбы?
Sputnik Кыргызстан
Соңку шайлоодо Бишкектин Биринчи май менен Свердлов округдарында эң көп добуш "баарына каршы" графасына берилген. Бул ирет шайлоочулар эл өкүлдөрүн тандашты. 28.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-28T11:56+0600
2022-02-28T11:56+0600
2022-02-28T12:01+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
шайлоо
бшк
жыйынтык
добуш
саноо
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/1c/1054785281_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_39babcb0e144a720e7252614c16281c5.jpg
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бишкектин эки шайлоо округунда добуштарды кол менен саноо аяктаганын БШКдан кабарлады.Биринчи май округунан 25 талапкер ат салышты, алардын ичинен бешөө алдыга чыкты:Бул округдан 19 322 жаран өз тандоосун жасады, бул шайлоочулардын 17 пайызын түзөт.Свердлов округунан дагы 25 талапкер жарышка чыгып, анын ичинен төмөнкү бешөө көбүрөөк добушка ээ болду:Бул округдан 29 737 жаран өз тандоосун жасады, бул шайлоочулардын 27.91 пайызын түзөт.Мыйзам боюнча эң көп добуш алган бир талапкер жеңүүчү деп таанылат.Белгилей кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттары шайланган. Добуш берүү жаңы система менен өтүп, 54ү партиялык тизме боюнча, 36сы бир мандаттуу округдан элдин элегинен өтүштү. Ал эми Биринчи май менен Свердлов округдарында эң көп добуш "баарына каршы" графасына берилген. Мындан улам кайра шайлоо дайындалган.
https://sputnik.kg/20220228/bishkektin-eki-okrugu-boyuncha-zhk-shayloosunun-aldyn-ala-zhiyyntygy-kol-menen-sanoo-1062433539.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/1c/1054785281_199:0:2930:2048_1920x0_80_0_0_db223f252f34af3a94a15f02c54e7dfe.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, шайлоо, бшк, жыйынтык, добуш, саноо
кыргызстан, жогорку кеңеш, шайлоо, бшк, жыйынтык, добуш, саноо
Бишкектеги эки округда добуштар кол менен саналып бүттү. Өзгөрүү барбы?
11:56 28.02.2022 (Жаңыртылды: 12:01 28.02.2022) Соңку шайлоодо Бишкектин Биринчи май менен Свердлов округдарында эң көп добуш "баарына каршы" графасына берилген. Бул ирет шайлоочулар эл өкүлдөрүн тандашты.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бишкектин эки шайлоо округунда добуштарды кол менен саноо аяктаганын БШКдан кабарлады.
Биринчи май округунан 25 талапкер ат салышты, алардын ичинен бешөө алдыга чыкты:
1.
Эльвира Сурабалдиева — 9 225 добуш (47.97%);
2.
Нурбек Тотонов — 3 544 добуш (18.43%);
3.
Нурбек Токтакунов — 1 068 добуш (5.55%);
4.
Баарына каршы — 935 добуш (4.86%);
5.
Тахир Мусаев — 736 добуш (3.68%).
Бул округдан 19 322 жаран өз тандоосун жасады, бул шайлоочулардын 17 пайызын түзөт.
Свердлов округунан дагы 25 талапкер жарышка чыгып, анын ичинен төмөнкү бешөө көбүрөөк добушка ээ болду:
2.
Шайлообек Атазов — 5 383 добуш (18.10%);
3.
Аскар Алмаз уулу — 4 181 добуш (14.06%);
4.
Ирина Карамушкина — 3 041 добуш (10.23%);
5.
Элнура Алканова — 3 027 добуш (10.18%).
Бул округдан 29 737 жаран өз тандоосун жасады, бул шайлоочулардын 27.91 пайызын түзөт.
Мыйзам боюнча эң көп добуш алган бир талапкер жеңүүчү деп таанылат.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттары шайланган. Добуш берүү жаңы система менен өтүп, 54ү партиялык тизме боюнча, 36сы бир мандаттуу округдан элдин элегинен өтүштү. Ал эми Биринчи май менен Свердлов округдарында эң көп добуш "баарына каршы" графасына берилген. Мындан улам кайра шайлоо дайындалган.

28 Бирдин айы 2022, 11:36