Талас шаарында прокуратурада иштегендер үй-жайлуу болду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба полпредства президента в Таласской областиЗавершение строительства домов для сотрудников Таласской областной прокуратуры
Завершение строительства домов для сотрудников Таласской областной прокуратуры - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Жазылуу
Кызматтык үй төрт кабаттуу жана 32 батирден турат. Анын ачылышына башкы прокурор Курманкул Зулушев катышкан.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Талас облустук прокуратурасынын кызматкерлерине кызматтык батирлер берилди. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органы кабарлады.
Талас шаарындагы кызматтык үйдү пайдаланууга берүү аземине башкы прокурор Курманкул Зулушев өзү катышкан. Төрт кабатуу үй 32 батирден турат.
© Фото / пресс-служба Генпрокуратуры КР

Талас облустук прокуратурасынын кызматкерлерине кызматтык батирлер берилди.

Талас облустук прокуратурасынын кызматкерлерине кызматтык батирлер берилди. - Sputnik Кыргызстан
1/3

Талас облустук прокуратурасынын кызматкерлерине кызматтык батирлер берилди.

© Фото / пресс-служба Генпрокуратуры КР

Талас шаарындагы кызматтык үйдү пайдаланууга берүү аземине башкы прокурор Курманкул Зулушев өзү катышкан.

Талас шаарындагы кызматтык үйдү пайдаланууга берүү аземине башкы прокурор Курманкул Зулушев өзү катышкан. - Sputnik Кыргызстан
2/3

Талас шаарындагы кызматтык үйдү пайдаланууга берүү аземине башкы прокурор Курманкул Зулушев өзү катышкан.

© Фото / пресс-служба Генпрокуратуры КР

Төрт кабатуу үй 32 батирден турат.

Төрт кабатуу үй 32 батирден турат. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Төрт кабатуу үй 32 батирден турат.

1/3

Талас облустук прокуратурасынын кызматкерлерине кызматтык батирлер берилди.

2/3

Талас шаарындагы кызматтык үйдү пайдаланууга берүү аземине башкы прокурор Курманкул Зулушев өзү катышкан.

3/3

Төрт кабатуу үй 32 батирден турат.

Зулушев прокуратура органдарынын кызматкерлери мамлекеттин укуктук тутумун чыңдап, кандай гана климаттык шарт болбосун өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткарууга тийиш экендигин белгилеген.
Иш-чарага президенттин Таластагы өкүлү Бакытбек Нарбеков, облустук прокуратура органдарынын жетекчилиги жана өздүк курамы, прокуратура органдарынын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан.
Президенттин облустагы өкүлүнүн маалымат кызматы белгилегендей, Талас облустук прокуратурасынын аракетинин негизинде жеке менчикке өтүп кетип кароосуз калган имарат сот аркылуу прокуратуранын балансына өткөрүлгөн. Ал имаратка мамлекеттик бюджеттен 20 миллион сом бөлүнүп, төрт кабаттуу имарат толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөн.
Облус башчысы Бакытбек Нарбеков үйдүн алдындагы балдар ойноочу аянтка "Бакубат Талас" фонду тарабынан 500 миң сом акча каражатын бөлдүрүп бергени айтылды.
УКМК Ысык-Көлдө төрт батирлүү кызматтык үй курулду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлери үйлүү болду. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0