Украина өзөктүк бомбаны эл аралык күн тартибине киргизди. Талдоо
12:03 23.02.2022 (Жаңыртылды: 20:36 28.02.2022)
Жазылуу
Украина президенти Владимир Зеленскийдин Мюнхен конференциясындагы Будапешт меморандумунан чыгуу жана бейөзөктүк макамдан баш тартууга даярдыгы тууралуу билдирүүсүн эксперттер кыйла олуттуу кабыл алды.
Sputnik агенттиги собол салган серепчилер Украинада өзөктүк курал даярдоонун теориялык жана практикалык мүмкүндүгүн талдап көрүштү.
1994-жылы кол коюлган Будапешт макулдашуусунда Украина Россия, Улуу Британия жана АКШдан коопсуздук кепилдиктерин алуу менен Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге кириши каралган. Зеленскийдин билдирүүсүнө ишенсек, эми өлкө ошол макулдашууну бузганы турат.
Эгер Украина Будапешт макулдашуусунан чыкса, анда ал өзүнө иш жүзүндө өзөктүк куралды иштеп чыгуу, колдонуу жана үчүнчү өлкөлөргө сатууга жол ачарын белгилешет эксперттер. Бирок аталган мамлекет ушундай ишти алып кете алабы, бул жагы белгисиз.
Украина бомба жасай алабы?
Өзөктүк бомбанын рецептин таап же иштеп чыгуу, аны жасоо татаал деле эмес экенин белгилейт россиялык физик, өзөктүк курал боюнча адис, Россиялык социалдык-экологиялык союзунун "Радиоактивдүү калдыктардын коопсуздугу" программасынын эксперти Андрей Ожаровский.
"Атомдук электр станциялары бар ар бир өлкө негизи процессте бөлүнүп чыгуучу материалдар, анын ичинде өзөктүк реактордун ар биринде пайдаланылчу плутонияга да ээ боло алат. Бирок бул иштин жарымы гана, анткени өзөктүк түзүлүш кыйла татаал жабдык. Эгер Украина мындай ишке дитин коюп, аракет кылса жүзөгө ашыра алат", — дейт Андрей Ожаровский.
Украинада чындап эле атомдук технологиялар менен алектенген бир нече борбор бар. Киевде Украинанын Улуттук илимдер академиясынын Өзөктүк изилдөөлөр институту, Харьковдо да Физика-техникалык институту жайгашкан".
"Энергоатомдун" да өзүнө таандык борборлору бар. Анын алдындагы Илимий-техникалык борбордо атомдук тармакка илимий-техникалык жана инженердик колдоо көрсөтүүчү адистер иш алып барат.
Атомдук электр станциялары үчүн сынамак-конструктордук иштер "Атомприбор" конструктордук бюросу тарабынан 1969-жылдан бүгүнкү күнгө дейре аткарылып келет.
Олжаровскийдин айтымында, украиналык өзөктүк бомба долбоорун ишке ашырууда аны сыноого ылайык орундун жоктугу кыйынчылык туудурат. "Украинаны полигон катары көрбөйм. Чернобылдабы? Албетте, жок. Ал жакта саркофагда жарылып кеткен төртүнчү блоктун жанында биринчи, экинчи, үчүнчү блоктору калган. Алар бир дагы жолу жарылган эмес жана азыр мөөнөтү бүтүп барат. Отуну алып салынган үч графиттик реактор деп билиңиз, мына сиздерге – бомба. Менимче, куралды сынап көрүү – Украина үчүн чечилбес маселе", — дейт Ожаровский.
Өндүрүш күргүштөп кетпейт
Украина уран кендеринен лабораториялык шарттарда плутонийди алууга жетишсе да ишти өндүрүштүк рельстерге коюп кете албайт. Мындай көз карашты "Основание" илим изилдөө жана жарандык демилгелерди өркүндөтүү фондунун президенти, өзөктүк энергетика боюнча эксперт Алексей Анпилогов билдирди.
"Урандан плутонийди жасаган атайын реакторду куруп, бул материалды алууга болот. Нагасакиге кулаган бомбаны жасаганда америкалыктар ушундай кылышкан. СССР да ушундай ыкманы колдонгон. Бирок ири көлөмдөгү плутоний үчүн химиялык завод зарыл. Украинада өзөктүк циклдин жападан жалгыз ишканасы болгон Приднепровск химиялык заводунда плутонийди бөлүп алчу технологиялардын бөлүктөрү бар эле. Маселен, иондук-алмашуучу чайырды ошентип алышчу. Лабораториялык изилдөөлөр (себеби аталган завод – СССРдин өзөктүк долбоорунун флагмандарынын бири) болгону менен плутонийдин өзүн алуу иши жүргүзүлгөн эмес", — дейт Анпилогов.
Заманбап технологиялар, атап айтканда, газ центрифугасы аркылуу плутоний алуу Украинага кыйыныраак болот.
"Табигый уранды алуунун өзү эле бомба жасоого шарт түзүп койбойт. Нигер, Намибия да уран казып алат. Өзөктүк бомба жасоо үчүн изотопторду бөлүү абзел. Бул үчүн дүйнөдө негизинен газ центрифугалары колдонулат. Ал эми Украинанын газ центрифугалар технологиясы жок, болгон эмес. Аны жасоо да жеңил эмес. Азыр андай технологияга европалыктар жана Россия гана ээлик кылат", — деп кебин жыйынтыктайт эксперт.
Зеленскийдин режими же өз алдынча саясий оюнчулар "булганч" өзөктүк бомбаны жасоого белсенишсе, анда башка кеп.
"Дал "булганч" өзөктүк бомба – өтө кооптуу нерсе. Андай технология жакыр жактарда пайдаланылып, террордук технология болуп саналат. Маңызында ал – жогорку радиоактивдүү элементтер жана жардыргыч түзүлүш толтурулган, атомдук электр станцияларынын отунуна нурланган контейнер. Ал эми Украинанын иштелип чыккан өзөктүк отунунун олчойгон кору жатат", — дейт Анпилогов.
Жеткирүү машакаты бар
Украинанын өзөктүк дүрмөттү Россиянын территориясына чейин жеткирүү үчүн тийиштүү каражаттары жоктугун айтат аскерий эксперт Игорь Коротченко. Ушул себептен да Киев эч убакта өзөктүк державалар клубуна кире албайт. Анан да өзөктүк курал өндүрүүнүн да, аларды жеткирүүнүн да толук циклин түзүүгө чама-чаркы жетпейт.
Украинанын Аскер-өнөр жай комплексинин дарамети ракета куруу жаатында бар эле. Бирок эксперттин айтымында, андан 1990-жылдары эле кол жууган.
"Украинанын ракеталык потенциалы эбак талкаланган. Мыкты кадрлар Түндүк Кореяга кетип, алардын эмгеги, ийгилиги менен бүгүнкү күндө Корея элдик демократиялык республикасынын сокку уруучу дарамети өрчүп жатат. Зеленскийдин билдирүүсү курулай опуза. Иш жүзүндө андай болушу мүмкүн эмес", — дейт Игорь Коротченков.
Дүйнө жүзү үчүн баш оору
Өлкө жетекчилигинин азыр колдогу куралды да начар көзөмөлдөшүнөн улам Украинада атомдук курал технологияларын иштеп чыгуу катуу кооптондурат.
"Украина – абдан ынанымсыз өнөктөш. Ага канча ирет күбө болдук. Украинанын азыркы жетекчилиги акылга сыйбас аракеттери жагынан террорчулардан кем калышпайт. Террордук уюмдар менен келишимдери да кеңири белгилүү. Украинага берилген америкалык курал негедир заматта Жакынкы Чыгыш же Сирияга жетип, америкалыктардын, британиялыктардын жана алардын союздаштарына каршы колдонулат. Химиялык курал – Скрипалдын ууланышына да Украина коопсуздук кызматынын катыштыгы бар экени боюнча эксперттер олуттуу шек санашат", — дейт Бириккен Улуттар Уюмунун биологиялык курал боюнча комиссиясынын мурдагы мүчөсү, аскерий эксперт Игорь Никулин. Дал ушул себептен Украинанын Будапешт меморандумунан чыгышы Россия үчүн гана тургай, АКШ, Европа биримдигине мүчө өлкөлөргө, Кытай, Индия жана дегеле дүйнөлүк коомчулук үчүн катуу баш оору болушу мүмкүн.
"Батыштагы айрым аналитиктер Будапешт меморандумун арзыбаган келишим катары карашат. АКШ аны Сенатка ратификациялоого да киргизишкен эмес. Украинанын андан жана Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминен чыгышы чындап олуттуу коркунуч. Себеби келишимдин так аталышы – "Украинанын өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине кошулушу тууралуу Будапешт меморандуму". Эгер аны бузушса, берки келишимден да чыгат. Иран сымал БУУнун санкцияларына кабыларынан да шек санабайм", — дейт эксперт.
Украинанын атомдук энергетикасы эмнеден турат?
СССРдин атомдук энергетикасынын өнүгүү планына ылайык, Украина ССРинин аймагында тогуз атомдук станция иштемек. Союз ыдырар кезде алардын бешөө ишке киргизилген. Азыркы тапта өлкөдө Запорожский, Ровненский, Түштүк-Украина, Хмельницкий АЭСтери иштейт.
"Энергоатом" улуттук атомдук компаниясынын алкагында 15 атомдук энергетикалык блогу (алардын он үчү жалпы кубаттуулугу 13 835 МВт ВВЭР-1000 жана эки ВВЭР-44), ошондой эле кубаттуулугу 302 МВт Ташлык ГАЭСинин эки агрегаты (үчүнчүсү жылдын аягында ишке берүү пландалган), 11,5 МВт Александровский ГЭСинин да ушундай эле сандагы гидроагрегаттары бар. "Энергоатомдун" сайтында Украина Атомдук электр станциялардын кубаттуулук көрсөткүчү боюнча дүйнөдө сегизинчи орунда экени айтылат.
Днепропетровск облусунда уран казуучу Чыгыш тоо-байытуучу комбинат ишин улантууда. 2021-жылдын күзүндө аталган комбинатта январь-сентябрь аралыгында уран казуу жана уран концентратын өндүрүү көлөмү азайганы маалымдалган. Уран кенинин миң тонналык көрсөткүчтөгү азыркы деңгээли иштеп жаткан атомдук электр станцияларынын чыгымдарын да жаба албайт.
Украина өзүнүн станцияларына Россиядан жана америкалык Westinghouse компаниясынан отун алчу. Былтыртан тарта Киев иштетилген отунду (калдыкты) чыгаруу, кайра иштетүү жана көмүү боюнча "Росатомдун" кызматынан баш тарткан. Украиналык "Энергоатом" Кошмо Штаттардан карызга алган 250 млн. долларга Чернобылдагы четтетилген зонада өзөктүк калдыктарды сактоочу жайды курууга бир нече жылдан бери алпурушуп келет. Эксперттердин пикиринде, бул жай – "булганч" өзөктүк бомбаны жасоого пайдаланылышы ыктымал жана ушунусу менен кооптуу объектилердин бири. Иштетилген отунду (калдыкты) чыгаруу жана көмүү боюнча Westinghouse да тейлебей калгандыктан Украина эми ал калдыктарды өз аймагында калтырууда.
Бирок эксперттердин айтымында, андай жай курула элек жатып эле Украина аймагында радиоактивдүү калдыктар ташталган жерлер көп. Маселен, Желтые воды шаарында Приднепровск химиялык заводунан анча ыраак эмес жерде ондон ашуун калдык сактоочу жай бар.
"Украинада радиоактивдүү калдыктар ташталган жерлер жайнайт. Алардын көпчүлүгү атайын салынган эмес. Днепропетровск (Днепр) жана Держинскинин ортосунда эки калааны байланыштырып турган шоссе өткөн жерде олчойгон таштанды жатат.
Кезегинде СССР өзөктүк бомбаны тезинен жасоону көздөгөн. Ал убакта экологияга деле өзгөчө көңүл бурулган эмес. Украинада азыр андай таштандылар толтура. Ошондой эле иштетилген өзөктүк отундун эбегейсиз кору да бар, андан кооптуу элементтерди, "булганч" өзөктүк бомба жасалышы мүмкүн", — деп кейийт Алексей Анпилогов.