Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Өзөктүк согуштун башталышына кадам. Украинанын билдирүүсү боюнча пикир

Жазылуу
Геоэнергетика.ru аналитикалык онлайн-журналынын башкы редактору Борис Марцинкевич "Sputnik на русском" Youtube каналына маек куруп, Владимир Зеленскийдин Будапешт макулдашуусунан чыгам деген опузасынын артында эмне турганын айтып берди.
Украина президенти Владимир Зеленский Мюнхенде өткөн коопсуздук боюнча конференцияда Украина өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча Будапешт макулдашуусунан чыгышы мүмкүндүгүн жар салды. Олуттуу билдирүүбү же жөн эле ооз көптүрүп койдубу? Эксперт Борис Марцинкевич менен дал ушул тууралуу кеп кылдык.
"Владимир Зеленскийдин сөздөрүн өлкө башчынын расмий билдирүүсү катары карасак, Украинанын өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимден чыгууга ниети бар. Башкача айтканда, аталган келишимге кирбеген Түндүк Корея, Пакистан жана Индиянын дүйнөлүк аренадагы макамына ээ болмокчу. Автоматтык түрдө эл аралык коомчулуктун санкцияларын кошо алат", — деди Марцинкевич.
Анын айтымында, мындай аракетти ишке ашыруу техникалык жактан кыйла оор болот. Өзөктүк курал жасоо үчүн же плутонийге, же жыштыгы 90 пайыздан кем эмес U-235 изотобу менен байытылган уранга ээ болуш керек.
"Бүгүнкү күндө Украинада мындай технология жок. Бул барьерден өтүү мүмкүнбү? Эки вариант бар. Колдогу маалыматтарга караганда, Түндүк Кореяда өзөктүк курал уран-графит реакторлорундагы плутонийди иштетүүнүн эсебинен жасалган. Украинанын өзүнүн мындай реакторлору жок. Чернобыль АЭСинде бар болчу, бирок алар толугу менен токтотулган. Кайра калыбына келтирүү көп убакытты талап кылат", — деди эксперт.
Марцинкевич Украинанын өзөктүк курал жасоо боюнча өзүнүн технологиясы да жок экенин белгиледи. Же Россия менен кызматташуусу керек, бул, албетте, ишке ашпай турган нерсе же Түндүк Корея менен иштешүүсү кажет. Мында МАГАТЭ менен пикир келишпестик жаралат.
Дагы бир запас вариант бар. Мында Киев Иран менен технология алуу боюнча макулдашууга кол коюшу керек. Натыйжада Украина Иранга көп көйгөй алып келген газ центрофугаларына ээ болот. Дал ушундан улам аталган өлкөнүн өзөктүк программасы тууралуу макулдашуу иштелип чыккан. Башка жылчык көрбөй турам", — деди адис.
Өзөктүк программа Украинадан миллиарддаган инвестиция жана көп убакытты талап кылат. Пакистан менен Индия буга 15 жыл сарптаган.
"Демек, Будапешт макулдашуусунан чыккан соң жек көрүндү мамлекетке айланган Украина үчүн бул өтө эле узак убакыт. Ал эми каражат жана керектүү адистерди таба алар-албасы өзүнчө чоң маселе. Пхеньяндан же Ирандан адистерди окутушу мүмкүн, бирок менимче, Иран дагы бир өзөктүк мамлекеттин пайда болушуна кызыкдар эмес", — деди Марцинкевич.
Анын айтымында, эгер курал иштетилип бүткөн өзөктүк отундан даярдала турган болсо, албетте, баары оңоюраак болот. Бирок бул үчүн Украина МАГАТЭ менен кызматташуусун токтотуп, мыйзамдарына өзгөртүү киргизиши керек.
Кандай болгон күндө да кесепети тийбей койбойт. Ал эми Украинанын опузасына Марцинкевич жалпы жонунан "бул глобалдуу өзөктүк согуштун башталышына карай жасалган кадам" деп баа берди.
Дагы бир жолу бар. Украина өз аймагына Германия менен Түркия сымал АКШнын өзөктүк куралын жайгаштырып кое алат. Бирок Зеленский азыр таптакыр башка нерсе тууралуу айтып жатат.
Тема боюнча:
Россия Донецк менен Луганскинин көз карандысыздыгын таанымай болду
Мюнхендик көмүскө бүтүм. Зеленский кайрадан Россия менен согушууга жөнөтүлдү
Эксперт: Украина өзөктүк куралга аракет кылса АЭСин токтотууга мажбур болот
Жаңылыктар түрмөгү
0