COVID статистикасы: 39 кишиден вирус табылып, эки бейтап каза болду

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Жазылуу
Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 200 214кө жетип, анын ичинен 193 601 адам дартты жеңген.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Өткөн суткада 39 кишиден коронавирус аныкталып, 216 бейтап сакайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Илдет илештиргендер:
Бишкек шаары – 19;
Чүй облусу – 7;
Ош облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу — 2.
Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 200 214кө жетип, анын ичинен 193 601 адам дартты жеңген.
Тилекке каршы, өлүм учурлары дагы эле катталууда. Бир сутка ичинде дарт эки бейтаптын өмүрүн алган. Алар Бишкек шаарынын тургундары.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 353 бейтап стационарда, ал эми 1 754 адам амбулатордук шартта дарыланып жатканы белгилүү болду. Ооруканадагылардын ичинен 143 бейтаптын абалы оор болсо, 43 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.
Манас аэропортунда паспорттук текшерүү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Кыргызстандыктар эми Германияга кире алат. Бийлик тыюуну жокко чыгарды
Жаңылыктар түрмөгү
0