Акылбек Жапаров: Кумтөрдү калкалагандардын баарын Камчыбек Ташиев жок кылды

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Жазылуу
Өкмөт башчы Аскар Акаев коррупциялык учурларды тастыктап бергенден кийин Centerra компаниясы ыкчамыраак кепке келе баштаганын айтты.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кумтөрдү калкалагандардын баарын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жоюп салды. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.
Ал Кумтөрдү кыргыз элине алып бергенде мурдагы президенттердин тагдыры мынчалык кейиштүү болмок эместигин белгиледи.
"Садыр Нуркожоевич мени мамлекеттик комиссиянын төрагасы кылып чакырганда үчүнчү ирет президенттер суранып жатканын айттым. Аягына чыгара алам, механизмдерин, тарыхын билем, иштетип кете турган жигиттер бар, бирок саясий эрк керек дедим. Алтынды көрсө периште дагы адашыптыр болуп, буга чейинки президенттер дагы адашып жүргөн. Аларды туурагандар да адашып калкалап жүрүшкөн. Азыр ошол калкалагандардын баарын Камчыбек Кыдыршаевич жойгондуктан 31 миллиард сом түшүп жатпайбы. Алар алтынга аралашып кеткенден кийин Кудай дагы, эл дагы жаман көрүп калган", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал тунгуч президент Аскар Акаев коррупциялык учурларды тастыктап бергенден кийин Centerra компаниясы сүйлөшүүгө ыкчамыраак келе баштаганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0