Японияда илимдин доктору болгон Нуркамал: адамды эмне карытпай турганын билдим

© Фото / из личного архива Нуркамал Жумабай кызыЯпонияда илимдин докторлугун жактап, билим алып жүргөн Нуркамал Жумабай кызы
Японияда илимдин докторлугун жактап, билим алып жүргөн Нуркамал Жумабай кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Жазылуу
Учурда дүйнөнүн ар бурчунда илимдин артынан түшкөн кыргыздын уул-кыздары бар. Алардын ийгиликтери жана элибиздин атын жакшы жагынан таанытканы дайым кубандырып келет.
Кыргыздын кыйын кыздарынын бири, алыскы Японияда илимдин докторлугун жактап, билим алып жүргөн Нуркамал Жумабай кызы менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы баарлашкан. Нуркамалдын өмүр жолу жалаң гана окуу, илим менен байланыштуу.
— Японияга кандайча барып калдыңыз эле?
— Бул өлкөгө билимдин аркасы менен келдим. Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин япон тили бөлүмүндө окучумун. Анан 4-курста конкурстан утуп, Хокайдо педагогикалык университетине бир жылдык окууга келгем. Ошентип 2003-жылы биринчи жолу Японияны көрдүм. 2004-жылы бир жылдык илимий ишимди жазып, аны ийгиликтүү жактап Кыргызстанга кайттым. 5-курсумда БГУда япон тили боюнча мугалим болуп иштеп жүрүп, 2008-жылы япон фондунун мугалимдер арасындагы окуусуна катышып, сынактан өтүп кайрадан Японияга келдим. Ал программанын тартиби боюнча алган тажрыйбаны бөлүшүп, бир жыл университетке бекер иштеп берүү керек. Ошол себептен 2010-жылга чейин Бишкекте сабак берип, анан япон элчилиги уюштурган МЕХТ программасы аркылуу Токио чет тилдер университетинин жана Хитоцуваси жогорку окуу жайынын магистратурасында окуй баштадым. Бул программа эки университеттин магистратурасына бирдей өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жогорудагы окуу жайлардын экөө тең мыкты. Бирок эки жерде магистратурада окуу мүмкүн эмес экен, ошол себептен Хитоцубаси университетинде социолингвистика жаатында билим алууну тандап алдым. Социолингвистика — социология, саясат таануу, тарых илимдери аралашкан кошмо илим. Ушул тармакта тил саясаты боюнча илимий иш жаздым. Магистратурамды мыкты балл менен аяктагандыктан докторантурада калуумду сунушташты. Ошентип социолингвистика илиминен докторлугумду жактадым.
© Фото / из личного архива Нуркамал Жумабай кызыЖумабай кызы: башка мамлекетте окуп билим алууну бала кезимден эле абдан каалачумун. 11-класстан эле келечекте бара турган өлкөм катары Японияны тандап алгам
Доктор наук в Японии, кыргызстанка Нуркамал Жумабай кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Жумабай кызы: башка мамлекетте окуп билим алууну бала кезимден эле абдан каалачумун. 11-класстан эле келечекте бара турган өлкөм катары Японияны тандап алгам
— Негизи япон тилине, маданиятына кызыгып билим алууңузга эмне себеп болду?
— Башка мамлекетте окуп билим алууну бала кезимден эле абдан каалачумун. 11-класстан эле келечекте бара турган өлкөм катары Японияны тандап алгам. Анткени тарыхын окуп жактырдым. Өзгөчө Мурамачи доору абдан кызыктырган. Муну биздин жердештер деле жакшы билсе керек, ал аскер адамдары башкарган самурайлар доору болуп эсептелинет.
Мектепте да тарых, географиядан берген мугалимдерим күчтүү болду. Ушул кишилердин салымы чоң. Андан кийин тилине кызыктым.
Бул өлкөдө калуума жана пайдубалы бекем билим алуума МЕХТ программасы абдан чоң жардам берди. Япон элчилигине да абдан ыраазымын. Докторантурада окуп жүргөндө Япониянын улуттук каналындагы айрым тасмаларды орус жана татар тилинен япончого котордум. Анан университеттин "Бир Азия" деген долбоорунда ассистент катары көпкө иштедим.
— Азыр Токиодо жашаарыңызды билем, кайсы тармакта, кандай ишти аркалап жатасыз?
— Токиодогу эл аралык компанияда котормочу болуп иштейм. Японияга келген IT-адистерге же инженерлерге Япониянын тарыхы тууралуу лекция окуйм. Япон тилинен күнүмдүк жашоодо керектүү сөздөрдү үйрөтүү үчүн атайын ыкма менен сабак да өтөм. Азыркы учурда сөздүк жана китеп чыгаруунун үстүндө иштеп жатам. Негизи көп жылдан бери академиялык карьераны аркалап жүргөндөн кийин көбүнчө билим берүү, тил үйрөтүү методикасы боюнча эмгектенем.
© Фото / из личного архива Нуркамал Жумабай кызыЖумабай кызы: докторантурада окуп жүргөндө Япониянын улуттук каналындагы айрым тасмаларды орус жана татар тилинен япончого котордум
Доктор наук в Японии, кыргызстанка Нуркамал Жумабай кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Жумабай кызы: докторантурада окуп жүргөндө Япониянын улуттук каналындагы айрым тасмаларды орус жана татар тилинен япончого котордум
— Айтып отурсаңыз ушул убакка чейин талбай билим алып келипсиз. Билим алууга берилгениңиздин башкы себеби эмнеде?
— Билим алуунун аркасында өткөн өмүр абдан кызыктуу. Адам карыбайт. Мээси да дайыма окуп, машыгып турат. Адам билим алган сайын дагы көп нерсе билбегендигине көзү жетет. Өмүр өткөн сайын көбү артта калып, алды кертилип кете берет экен. Ошол себептен билим алайын, бир нерсе билип жетишейин деп жан талашасың. Билим алуу — бакыт. Орто мектепти эптеп-септеп бүтүп, андан ары китеп бетин ачпаган адамды мусапыр деп эсептейм. Себеби адам жаныбардан акылы менен гана айырмаланат, мээбиз дайыма жаңы нерсени издөөнүн үстүндө болот. Жок дегенде бир жылда бир китеп окуп чыгуу керек. Буга да жарабаса, анда бул ошол адамдын трагедиясы.
— Кыргызстанда да билим берүү жаатында иштериңиз бар экен. Аны ачууга эмне себеп болду?
— Ооба, Кыргызстанда да окутуу борборум бар. Ар бир адам жарык дүйнөгө бир миссия менен келет. Менин коомдогу ордум мугалим болгондуктан балдарды билимге тартуу ишин аркалап келем. Ар бирибиз дүйнөдө пазл сыяктуубуз. Өзүбүздүн милдетибиз, функциябыз бар. Болгону ошонун майын чыгара жасоо керек.
13 жылдан бери япон тилине кызыккан кыргызстандык жеткинчектерге билим берип, Японияга келүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачабыз. Пандемияга чейин мектеп окуучуларынын арасынан да ар кандай сынактарды жарыялап, аларды каникулда Япониядагы жайкы мектепке алып келип, сейилдөө уюштуруп, дүйнө таанымын кеңейтип окутчубуз. Максатыбыз — балдарды билим алууга кызыктыруу. Ушу коронавирустан арылсак ишибизди улантабыз. Японияга көбүнчө IT тармагына, эл аралык мамилелерге жана соода жагына кызыккан балдар келип жатышат. Аларга окууга өтүүнүн жол-жобосун үйрөтөм. Бишкекте 70 баланы "Келечек" программасынын негизинде окутуп, уядан учурдук. Азыр Кыргызстанда иштегиси келгендер калып, чет жерде эмгектенүүнү каалагандар сыртка иштеп кетишти.
© Фото / из личного архива Нуркамал Жумабай кызыЖумабай кызы: Токиодогу эл аралык компанияда котормочу болуп иштейм. Японияга келген IT-адистерге же инженерлерге Япониянын тарыхы тууралуу лекция окуйм
Доктор наук в Японии, кыргызстанка Нуркамал Жумабай кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Жумабай кызы: Токиодогу эл аралык компанияда котормочу болуп иштейм. Японияга келген IT-адистерге же инженерлерге Япониянын тарыхы тууралуу лекция окуйм
— Баарына кантип жетишесиз?
— Чынын айтканда жетишпейм. Аябай чарчайм. Эки мамлекетте иштөө оңой эмес. Бирок Кыргызстандагы окуучулар менен иштөө хобби сыяктуу болгондуктан ал жеңилирээк сезилет. Жалкоолук ар бир адамда бар. Сергек болуу үчүн дайыма мотивация болушу керек. Мен да алдыга койгон максатымды, Кыргызстандагы окуучуларымды ойлогондо өзүмө келе түшөм. Бат-бат иштеримди бүтүрүп, пайдалуу болууга аракет кылып баштайм. Өзгөчө коомдун акыбалын, жаштарыбыздын билим деңгээлин көргөндө чарчасаң да жанталашасың. Япония деле адам ресурсу менен өнүккөн, болбосо өзүнүн башка деле ресурсу жок болчу. Атактуу компанияларын карасаңыз, жалаң адискөй, мыктылар иштейт.
Бизде деле ар бирибиз кылып жаткан ишибизди так аткарсак жана жумушта жоопкерчиликтүү болсок, өлкөбүздүн да түсү өзгөрөт. Анда такыр башкача темпте өнүгүүгө жетебиз. Мугалим, врач, журналист, архитектор, баары өз ишин убагы менен аткарып, кынтыксыз иштесе мамлекет деген чоң система туура нукка түшүп, өнүгө баштайт.
— Япония өлкөсү сизге эмнеси менен жакты? Кемчилигин байкадыңызбы?
— Япониянын жакшы жерлерин айтып отурса абдан көп. Кемчилигинен да артыкчылыгы арбын. Негизи эле кемчиликсиз адам да, мамлекет да болбойт. Ошол себептен япондордо деле кемчилик бар, бирок мен ал жагына сынтагып, сындагым келбейт. Анткени - конокмун. Жакшы жактарын гана үйрөнүүнү каалайм. Япондор абдан эмгекчил жана сарамжалдуу. Меники, сеники дешпейт. Баарына сарамжалдуу мамиле жасашат. Ошондой эле жаратылышка, жаныбарларга аяр мамиле кылып, өздөрүн табияттын бир бөлүгү катары эсептешет. Анан адеп-ахлагы, тартиби жагынан абдан айырмаланып турат. Сыйлайм. Ошол эле учурда Японияны такыр эле идеал тутуп алуу да жарабайт. Анткени биздин өлкөдө болуп жаткан кубулуштар буларда деле бар.
— Токиодо үй-бүлөңүз менен жашайсызбы?
— Ооба, үй-бүлөм менен турам.
© Фото / из личного архива Нуркамал Жумабай кызыЖумабай кызы: азыркы учурда сөздүк жана китеп чыгаруунун үстүндө иштеп жатам
Доктор наук в Японии, кыргызстанка Нуркамал Жумабай кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Жумабай кызы: азыркы учурда сөздүк жана китеп чыгаруунун үстүндө иштеп жатам
— Өзүңүздүн бала чагыңыз кайда өткөн? Ата-энеңиз тууралуу айтсаңыз?
— Бала чагым абдан сонун өткөн. Бул жагынан ата-энеме абдан ыраазымын. Демократиялуу багытты көздөгөн тарбияда чоңойдук. Көп нерсе жасоого мүмкүнчүлүк беришти. Ал кишилер чындыгында демократтар. Биздин оюбуз менен дайыма эсептешишчү. Келечекти элестетип, кыялданууга мүмкүнчүлүк түзүп беришкен. Ошондуктан бир туугандарым менен бирге билимге умтулган үй-бүлө болдук. Көрсө, ата-эне баланын кыялдануусуна, алдыга умтулууга, жаңылып ката кетирүүгө да эркиндик бериши керек экен. Албетте, кооптуу нерседен коргоп, канатымды кагып талпынганда дайыма жанымда турушту.
Биздин үйдө "окубайм" деген түшүнүк жок эле. Адам төрөлүп-өскөндө билим алуу тамак ичкендей эле иш болчу. Ата-энебиз ар дайым "эң негизгиси билим алгыла, жашоодо эң жакшы курал — бул билим" деп көп айтышчу. Ал кишилер балдарынын билимине абдан көп инвестиция салышты. Кичинебизде апам менен атамдын да колунан китеп түшчү эмес. Баласынын билимдүү болушун кааласа, адам өзүнөн башташы керек окшойт.
Мен кичинемде жылына улам бир кесипти айта берчүмүн. Эсимде, "Чолпон" балетин көрүп балерина болом деп да чыккам. Бир ирет "учкуч болом" деп бутумду да сындырып алгам. Кийин зоопаркта иштеп, жаныбарларды багууну көксөп, курт-кумурскалардын баарын үйгө терип келдим. Ошондо да эч ким урушчу эмес. "Опера ырчысы болот элем" деп күндө эртең менен кыйкырып-өкүрүп ырдап, кошуналардын далай тынчын алгам (күлүп).
— Кыргызстанга келесизби?
— Кыргызстанга азырынча барбайм. Анткени түзүлгөн келишимдерди таштап кете албайм. Кайсы жакта көп пайдам тийсе ошол жакта болгонум оң. Азырынча Японияда туруп кыргызстандык балдарга билим берип, бул жакка келген студенттерге жол көрсөтүп, окутканым пайдалуу. Мен дагы деле илимий ишимди улантып жатам. Япон адабиятына, китептерине жетүү тезирээк жана ыңгайлуу болгондуктан бул жакта болгонум ылайык.
Apple, Google компанияларында иштеген Бекназар Жамангараев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2022
Apple, Google компанияларында иштеген Жамангараев: кыргызстандыктарды бекер окутабыз
Жаңылыктар түрмөгү
0