Apple, Google компанияларында иштеген Жамангараев: кыргызстандыктарды бекер окутабыз

© Sputnik / Асель СыдыковаApple, Google компанияларында иштеген Бекназар Жамангараев
Apple, Google компанияларында иштеген Бекназар Жамангараев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2022
Жазылуу
Чет өлкөдө жашап, ийгилик жаратып, аны менен мекенине да жарыгы тийип келе жаткан кыргызстандыктар абдан көп. Алардын бири — биздин бүгүнкү маектешибиз Бекназар Жамангараев.
Sputnik Кыргызстан редакциясы IT тармагында, дүйнөлүк гигант компанияларда эмгектенип, BioTech компаниясынын долбоорлоо менеджери болгон мекендеш менен маек куруп, жашоодогу ийгилиги жана иш тажрыйбасы тууралуу баянын укту.
— Алгач оркестрдин солисти адистигин алып, кийин кесибиңизди такыр башка тармакка алмаштырган экенсиз...
— Ооба, биринчи кесибим менен иштеген деле жокмун. Анткени музыка тармагында 1990-жылдары маяна аябай эле аз болчу. Дагы башка көйгөйлөр бар эле. Көбүнчө чакан бизнес ачып, ишкерлик менен алектенип жүрдүм. Анан экинчи адистигим катары Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин банк иштери бөлүмүн бүтүрдүм. Бирок бул жаатта деле кыйратып иштеген эмесмин. Ал убакта англис тилин жакшы өздөштүрүп алгандыктан туризм тармагында эмгектендим.
Кийин шарты келип калып, АКШга көчүп кетүүгө туура келди. Анткени досторумдун көбү Америкадагы IT-тармактын мыктылары жашаган Кремний өрөөнүндө турушат. Алар мага ушул жаатта билим алып, өзүмдү сынап көрүүнү сунуштап чакыра башташты. Акыры макулдугумду берип, 34 жашымда көчүп барып, окуп, изденип жүрүп эле карьерам дүрт этип "от алып" кетти. Мындайча айтканда, жаңы багытта тушоом кесилди. Ошентип ушул тармактан өзүмдү таптым.
— АКШ менен Кыргызстан экономикасы, жашоо шарты жагынан да таптакыр эки башка мамлекет эмеспи. Алгач барганда эмнеден кыйналдыңыз, кандай көйгөйлөр болду?
— Отуз төрт жаш — бул олуттуу эле курак. Үй-бүлө куруп, бир баланын атасы болуп калган элем. Кыргызстанда өзүмдүн ишимди түптөп, турмушум да жолго салынган кез болчу. Бирок баарын башынан баштаган бир аз кыйын болду. Ал убакта Америкада тууган-туушкандар деле жок эле, тосуп алган адам болбоду. Негизи 12 жыл мурун Америкада кыргыздар аз эле. Жардам сураганга деле киши жок. Бул жактан анча-мынча тыйын алып кеткенбиз. Аны менен жарым жыл жашадык. Американын жашоо деңгээлин биздики менен салыштырууга болбойт, башында жан багуу үчүн айдоочу, жүк ташуучу өңдүү ар кандай жумуштарда да иштеп көрдүм.
— Батир алуу, жайгашуу жагы маселе туудурган жокпу?
— Кыргызстандан барган жаштар бир батирди жалгыз албастан чогулуп ижаралашат. Ошол себептен аларга жеңил. Биз үй-бүлө менен баргандыктан бир батирди толук алууга туура келди. Бул үчүн да документиң жайында болушу керек. Ал жакта документиң болсо адамсың. Анда тейлөө тармактарынан оңой эле жумуш таап алууга болот. Болбосо кор болосуң.
— Анан IT адистигине Америкадан окудуңузбу?
— Негизи IT тармагында 200гө жакын адистик бар. Биринчи окуп баштаганда мээге сиңирип, кабылдай албай кыйналдым. Анткени 18 жашта эмесмин, жашым өтүп калган. Жаштар дароо эле түшүнүп алса, мен анын баарын жазып алып, үйгө келип бирден окуп, чечмелеп, анан өздөштүрдүм. Ошентип окудум. Бул тармактын эң жакшы жагы аз убакытта өздөштүрүп, иштеп кетүүгө болот. Мисалы, дарыгер болуу үчүн институтту окуп, андан кийин үч жылдай ординатурадан билим алып, анан тажырыйбасы бар врачтар менен иштешип, алардан үйрөнүп, толук дарыгер болуу үчүн он жыл сарпталат. IT тармагында андай эмес. Бизде тез арада үйрөтүүчү Boot Camp деп аталган үч же сегиз айлык окуулар бар. Аларды окуган соң практикага чыгасың. Мени компьютердик оюндарды чыгарган чакан компанияга киргизишти. Негизи практикага алып үйрөтүп жатканы үчүн аларга рахмат айтуу керек. Анткени тажрыйба топтоп жатам да. Бирок алар мага күнүмдүк жашоо-тиричиликке жеткидей акча төлөп берип турушту. Компаниянын менеджери аябай акылдуу, сонун, еврей улутундагы адам болчу. Ал мени жанына алып жүрүп, өзү билген нерсенин баарын үйрөттү. Ошол компанияда там-туң басып, жаңы багыттагы иштин көзүн таап, акырындап жумуш маркетине ( job market ) чыга баштадым. Резюмемди жазып чыкканда алгач эле Yahoo компаниясы интервьюга чакырган. Негизи ага чейин мени ошол оюн компаниясы жумушка алмай болгон. Менеджери өзүнө жардамчы кылып алууга ниеттенди. Себеби мен да абдан тырышып, өзүмдү бардык жагынан көргөзүп, жумуш 17:00дө бүтсө, мен саат 8-9га чейин калып иштеп жаттым. Анткени бул жаңы тармактагы менин пайдубалым. Көп нерсе үйрөнүп, өзүмө тажрыйба топтошум керек. Анан Yahoo компаниясынан сунуш түшкөндө еврей менеджерибиз интервьюмду жасап бермек болду. Ошол адамга абдан ыраазымын. Менин менторум десем да болот. Бул оюн компаниясы бүгүн бар, эртең жок болуп кетүүчү кичинекей эле компания да. Ал киши "сенин кең келечегиң үчүн көмөгүмдү берейин" деп мени он күн интервьюга даярдады. Жумуш саат беште бүтөт. Андан кийин маңдайына отургузуп алып үч-төрт саат билгенин үйрөтөт. Анан интервьюга барганда менторумдун жардамы менен бат эле өтүп кеттим. Ошол 2010-жылдары Facebook менен Google компаниясы аябай эле кичинекей болчу. Ал кезде Yahoo дүңгүрөп турган. Компаниянын спорт жаатындагы маалыматтык чоң порталы бар, ошол жагында иштедим. Америкадагы биринчи толук кандуу жумушум Yahoo болду.
— Boot Camp — тез окутуп-үйрөтүүчү программасы Кыргызстанда да бар, бирок баасы аябай эле кымбат. Америкадачы?
— Ооба, он жылдын ичинде наркы өстү. Анткени валюта да бир орунда турбайт да, ал инфляция же девальвация болот. Бирок окуунун да ар кандай сапаттагысы бар. Баасы арзандарынын сапаты бир аз начар. Эгер акчаңыз бар болуп, жакшы билим алгыңыз келсе мыкты Boot Camp окуусуна кирсеңиз, анда көбүрөөк билим аласыз, үй тапшырмаларын да берет. Ошондой эле окууну бүткөндөн кийин жумуш таап же бир компанияга тажрыйба топтоого киргизишет. Айрымдары башында аз эле акча алат, калганын иштегенде кутулсаңыз болот.
Кыргызстанга тез-тез келип турам. Мени кубандырганы, 2021-жылы барганымда IT тармагы боюнча жумуш, окуулар аябай көбөйүптүр. Бул абдан жакшы көрүнүш. Баалары да ар кандай экен. Биздин да өзүбүз ачкан онлайн Boot Camp окуубуз бар. Жылдыз академиясынын алкагында "Келечек" деген долбоор ачканбыз. Анын арты менен балдарга бекер билим берүүгө аракет кылабыз. Былтыр беш-алты миң билдирүү түшкөн, анын төрт миңин кабыл алганбыз. Быйыл да тандоо жүргүзүп, сынактан өткөндөрдү Америкадагы Facebook, Google өңдүү компанияларда иштеген менторлор бекер окутат.
— Жалпы канча IT-компанияда иштедиңиз?
— Көп эле. Алардын ичинен майда стартаптар да бар. Көрүнүктүүлөрүн айтсам, Yahoo, Motorola, Walmart, Apple, Google компанияларында иштедим. Apple компаниясында иштеп жүргөндө Google компаниясына чакырышты. Маянам жакшы, бул жактагы ишим жагып жаткандыктан баш тарткам. Жарым жылдан кийин кайра чалышты. Анткени алар колунан иш келген кадрларды өздөрү издеп, акырын чакыра беришет. Ошентип барып, интервьюсунан өтүп, анан ал жакта иштеп калдым. Андан төрт-беш жыл мурун тажрыйбам аз кезде Google компаниясына барганда эки жолу албай коюшкан. Кийин резюмемди көрүп өздөрү издеп табышты. Канчалык аттуу-баштуу компанияда иштесең, ошончолук тажрыйбаң, билимиң жогорулап, маянаң да көбөйөт. Ошол себептен колдон келсе атактуу компанияларга кирип, болбосо майда стартаптарда деле иштесе болот. Анткени булардын келечеги бар. Өзгөчө пандемия маалында IT жаатына тиешеси жок компаниялардын баары банкрот болушту. Америкалыктардын көбү жумушсуз калышты. Бирок ошол эле учурда абдан өсүп-өнүгүп, жумушчуларды издеген тармак IT болду. Өзүңөр билгендей, элдин баары онлайнга өтүп, окуусу, ишинен баштап, тамагына чейин онлайн-тейлөө кызматына өтүшкөн.
— Apple компаниясында уюлдук телефондорго ай сайын келүүчү жаңыланууну жасаарыңызды укканбыз. Ал эми Google компаниясында кандай кызмат аркаладыңыз?
— Google компаниясында деле ошол багытта иштедим. Көбүнчө релиздер мен аркылуу өтчү. Булардын программалары көп, мисалы, картасы, сүйлөп түшүндүрмөсү, издемеси бар. Издөө жааты ар кандай жүктөмөлөрдөн турган платформа. Мен анын Android системасында иштедим. Жаңы жүктөмөлөрдү бир айда бир-эки жолу топтоп, каталарын оңдоп, релиз катары элге тартуулачубуз.
— Бизге маек берген сиздин кесиптешиңиз интернет-программалар аркылуу ар бир адам тууралуу маалыматты оңой эле таап алууга болорун айткан. Жеке маалыматты кантип коргоого болот?
— Негизи Google компаниясын колдонордо макулдугуңду сурайт. Мисалы, сиз дүкөнгө баруу үчүн компаниянын картасын колдонууну чечтиңиз. Анан Google компаниясы багытыңызды, бара турган жериңизди аныктап эле тим болбостон, ал дүкөндүн товарларын сизге сунуштай башташы мүмкүн. Бирок сиз аны алууну каалабасаңыз Google картага кирип туруп, settings деген жеринен жүктөмөнүн кызматынан баш тартып, өчүрүп койсоңуз болот. Макулдугуңду бербесең, ал сени көрбөй калат. Ошол эле рекламаларынан деле баш тартууга болот. Мунун баарын компания колдонуучусуна жеңилдик болушу үчүн гана сунуштайт, ал маалыматтарды башкаларга бербейт. Ошондой эле социалдык жеке баракчанын сыр сөзүнөн сак болуу керек. Башка бирөөнүн компьютеринен кирсеңиз Log out дегенин басып чыгып кетесиз же Chrome браузердин инкогнито деген жеринен жашыруун кире аласыз. Башкача айтканда, сизди эсинде сактап калбайт. Мунун баары адамдын коопсуздугу үчүн жасалган. Муну менен катар сиз жөнүндө маалыматты компания сыртка чыгарбайт.
— Ушундай дүйнөлүк компанияларга кирүү үчүн кандай билим талап кылынат? Тажрыйбаңыз менен бөлүшсөңүз.
— Мен мектепте окуп жүргөндө математик эмес болчумун. Эптеп ударник болсун деп жөн эле баа коюп коюшчу. Көбү IT-адистикке математик болуу керек деп ойлошот. Бирок аны анчалык терең билүүнүн кажети жок. Окуп жатканда эле алгоритмдерди жаттап билип алат. Мүмкүн мурда жашоодо математиканы кыйын билүү керек болгондур, бирок азыр интернеттен эле ар бир маселенин эки-үч варианты менен жообун табасың.
Өзүңдүн базалык билимиңден тышкары англис тилин жакшы билүү керек. Окурмандарга айтарым, англис тилин үйрөнүү оңой эле. Мен 20 жашымдан баштап, 21 жашымда котормочу болуп сайрап кеткем. Бул 1996-97-жылдар болчу. Ал кезде интернет жок, 1 500 сөз камтылган чөнтөк сөздүк китеп менен үйрөндүм. Ал убакта Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окучумун. Троллейбуска отурсам да, сабакка барсам да жанымда китебим жүрчү. Окуп, үйрөнө берчүмүн. Анан кулакты да көндүрүү керек. Ал үчүн англис тилиндеги кинолордун кассеталарын алып келип, үйдө жатып алып көрө берчүмүн. Ошентип 21 жашымда котормочу катары жумушка кирдим.
— Гигант компанияларга жөнөтүлүүчү резюмеде эмнелер камтылышы керек?
— Анда жасаган иштериң, долбоорлоруң жазылат. Иштеген жерлериңди киргизесиң. Мен билимимди эң артында жазып койчумун. Анткени мактана турган деле билимим жок да. Элдей болуп Гарвардды же Стенфордду бүткөн эмесмин. Анан да бул тармак абдан тездик менен алдыга жылып турат. Он жыл мурда алган билимиң учурда актуалдуу эмес. Бүгүн башка нерсени талап кылышат. Ошондуктан IT тармагында программалоонун көп тили бар. Айрымдары колдонулбай калды. Резюме жазганда англис тилин, орус тилин, кыргыз тилин же кытай тилин билем, командада жакшы иштейм, лидерлик сапаттарым бар деген өзгөчөлүктөр эң башына жазылат. Интервью убагында эң маанилүүсү, англис тилин жакшы билүү керек. Анткени суроолорду так түшүнүп, онтобой жооп берүү зарыл да. Интервьюга барганда кайгырбай, мостойбой, коркпой, күлүп-жайнап, өзүңдү эркин сезип отуруу кажет. Сен жөнүндө портрет түзүп алуу үчүн биринчи жолуккан адамга 17ден 30 секундага чейин эле убакыт керектелет. Ушул убакта интервью алуучуга жагып калсаң сени жумушка алуу үчүн себеп издей баштайт. Анан жакпай калсаң сени кетирүүнүн амалын ойлоп, оор суроолорду бере берет. Ушундай лайфхактар бар. Интервьюлардын 70-80 пайызынын максаты — сени басынтып, бурчка такап салуу эмес, жардам берип, колдоп, ишке алуу.
— Бизде да жеке компаниялар жумушка аларда адамдык сапатка көңүл бура баштаганы байкалат...
— Ооба, бул маанилүү. Мисалы, мен жумушка алып жатканда эртеден-кечке жанымда отуруп, бирге иштеше турган адамды алам да. Ошол себептен сөзгө түшүнгөн, адамгерчиликтүү кадрды тандайм. Анан начар, сөзгө түшүнбөгөн бирөөнү алып кыйналгым келбейт да.
— Азыркы учурда IT-тармакта иштеген кыргызстандыктар көбөйүп баратат. Мурункуга караганда Америкада да кыргыздар арбын. Биздин адистерге компаниялардын көз карашы кандай?
— Америкада, дүйнөлүк компанияларда улутуна карап бөлбөйт. Ал жакта тил билүү жана кесибиңе тийиштүү техникалык сапаттар абдан маанилүү. Мени кубандырганы, азыркы учурда кыргыз балдардын арасында тракт, такси айдап жүрүп эле IT тармагын үйрөнүп, иштеп жаткандар же өз мектептерин ачкандар бар. Ошол жигиттер билим алып, өсүп, гигант компанияларда иштеп жашоосун өзгөрткөнү сонун да. "Келечек" долбоорунун алкагында биз дагы басымды аймактарга багыттап жатабыз. Алардын арасынан да Билл Гейтске, Илон Маскка окшогон бирөө чыкса кандай сыймык.
— Дүйнөлүк компанияларда жумушчулар үчүн эң мыкты шарттар түзүлөт эмеспи. Мунун баары иштин натыйжалуулугу үчүн болсо керек...
— Google компаниясы кичинекей кеңсени ижарага алып ишин баштаганда эле жумушчуларына тамак бере баштаган. Эртең менен келсе кофеси даяр, түштө тамагы бекер. Кийин компания кеңейгенде кызматкерлерине кам көрүү маданияты андан да өскөн. Жумуштан кетип жатып да үйүңө тамак сала кетсең болот. Андан тышкары, бассейн, жакузиси менен машыгуу залдары бекер. Ар кандай волейбол, футбол секциялары бар. Жадагалса үйүңдө кир жуугуң келбесе алып келип бир жерге коюп койсоң, жумушчулар жууп, үтүктөп, илип коюшат. Эс алуучу, уктоочу, массаж жасоочу бөлмөлөр бар. Компания кызматкерлерин ушунчалык баалап, эч нерсеге алаксыбай, кыжалат болбой иштеп берүүсүн каалашат. Мындай камкордук баарында эле боло бербейт. Бул иштин сапатын да арттырат. "Үйгө барып кир жууш керек эле, эртең кайсы көйнөктү кием" деп ойлонбойсуң да. Ошол себептен шарт түзүшөт. Америкада күнүнө сегиз саттан жумасына 40 саат иштейбиз. Кайсы бир долбоорду тез бүтүү керек болуп жатса гана кошумча эки-үч сааттан иштеп берүүнү суранышат. Бирок ал үчүн эки-үч эсе үстүнө кошуп төлөп берет.
— Алдыда пландарыңыз кандай, Кыргызстанга келесизби?
— Кыргыз эли илгертеден көчмөн эл болгон да. Өзүмдү "санарип көчмөн" деп коём. Кайсы жерде болсоң да элиңди, жериңди сагынат экенсиң. Эгер Кыргызстан үчүн чоң пайдам тие турган болсо келем. Пандемия менин ойлорумду, приоритеттеримди өзгөрттү. Мурда мекенге төрт-беш жылда бир чыксам, азыр бир жылда төрт-беш жолу келүүгө аракет кылам.
CodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
IT адиси Динара Руслан: премьердин кеңешчиси болуудан чочулап кетенчиктегем
АКШнын Чикаго шаарында көчмө дүкөн бизнесин алгачкылардан болуп ачып, Нarvestrolley компаниясын негиздеген Мирлан Нурматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Чикагодо алгачкы көчмө дүкөн ачкан Нурматов: жайлоого келчү автолавканы эстедим
Жаңылыктар түрмөгү
0