Өлкөдө COVID жуктургандардын жалпы саны 200 миңден ашты. Статистика

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Жазылуу
Бул ирет өлкөнүн көпчүлүк аймактарында, тагыраагы, Баткен, Нарын, Жалал-Абад, Талас облустарында жана Ош шаарында вирус катталган жок.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Өткөн суткада 49 кишиден коронавирус аныкталып, 238 бейтап сакайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Илдет илештиргендер:
Бишкек шаары – 36;
Чүй облусу – 5;
Ош облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 7.
Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 200 020га жетип, анын ичинен 192 735 адам дартты жеңген.
Тилекке каршы, өлүм учурлары дагы эле катталууда. Бир сутка ичинде дарт үч бейтаптын өмүрүн алган. Алардын экөө Бишкек шаарынын, бири Ысык-Көлдүн тургундары болгон.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 513 бейтап стационарда, ал эми 2 286 адам амбулатордук шартта дарыланып жатканы белгилүү болду. Ооруканадагылардын ичинен 212 бейтаптын абалы оор болсо, 54 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.
ДССУнун логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2022
ДССУ: коронавирустун дагы жаңы штаммдары пайда болушу мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0