Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети алмашабы? Бийликтин жообу

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2022
Жазылуу
Султанбаев президент Садыр Жапаровдо аткаруу бийлигинин башчысы катары министрлер кабинетинин ар бир мүчөсүнүн жеке жоопкерчилигин карап чыгуу укугу бар экенин белгилеген.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев министрлер кабинети алмашат деген маалыматты төгүндөп, бул боюнча комментарий берди.
"Акыркы убакта коомчулукта Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети алмашары жана бийликтин жогорку бутагында кадрдык орун алмашуулар болору тууралуу ар кыл кеп-сөз жүрүүдө. Бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын расмий билдиребиз", — деген Султанбаев.
Ал Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинети узак мөөнөттүү болорун белгилеген.
"Булардын алдында дымактуу тапшырмалар турат. Анын ичинде өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин ресурстук бөлүгүн 400 миллиард сомго жеткирүү боюнча планын ишке ашыруу, бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана башкалар бар. Эл өзгөрүүлөрдү күнүмдүк жашоосунда сезиш үчүн министрлер кабинети стабилдүү жана узак мөөнөттүү иштеши керек", — деген ал.
Ошол эле маалда президенттин маалымат катчысы мамлекет башчы Садыр Жапаровдо аткаруу бийлигинин башчысы катары министрлер кабинетинин ар бир мүчөсүнүн жеке жоопкерчилигин карап чыгуу укугу бар экенин кошумчалап кеткен.
Министрлер кабинетинин жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Жакында маморгандар элден маалым кат талап кылбай калышы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0