Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Турдубекова: бала кордолбошу үчүн ата-эненин билимин жогорулатуу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова. Архив
Балдардын укугун коргоочулар лигасы коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Жазылуу
"Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова өлкөдө үй-бүлө институтун коргоочу механизмдер жок экендигин айтты.
Жылдан-жылга балдар жакындары тарабынан кордолгон окуялар көбөйүүдө. Мунун башкы себеби 30 жылдан бери үй-бүлө институтун коргоочу система түзүлгөн жок. Мындай пикирин Назгүл Турдубекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Турдубекова: бала кордолбошу үчүн ата-эненин билимин жогорулатуу керек
Анын айтымында, өкмөт тарабынан социалдык багыттарга бөлүнгөн каражат максатсыз колдонулуп келет.
"Балдардын зомбулукка кабылышы жылдан-жылга көбөйүүдө. Бул күтүлүп жаткан көйгөй болчу. Анткени өлкө эгемендүүлүк алгандан бери билим берүү деңгээли түшүп кетти. Үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу балдар эмес, ата-энелер билбеген деңгээлге келип жеттик. Баланы тарбиялоо ыкмалары, алар менен болгон мамиле, жоопкерчилик тууралуу эч жерде окутулбайт, айтылбайт. Экинчи көйгөй — социалдык тармакка бөлүнгөн каражат максатсыз колдонулуп келет. Мисалы, 100дөй бала тарбияланган балдар үйүнө жылына 28 миллион сомго чейин каражат бөлүнөт. Бул жылына ар бир балага 3-4 миң доллардан сарпталып жатат дегенди түшүндүрөт. Бирок жакшы жыйынтыгын көргөн жокпуз. Андыктан ушул акчаны үй-бүлө институтун бекемдөөгө жумшабайлыбы. Баланын атасына же энесине коротуп, жөлөк пулду көбөйтүп, аларды аргасыздан эмгек мигранты болуудан сактап калбайлыбы. Же ата-энесинен айрылган бала болсо дароо эле балдар үйүнө жеткирбей фостердик үй-бүлөлөрдү күчөтпөйлүбү. Ошол айылдагы үлгүлүү үй-бүлөнү окутуп даярдап, жетим балдарды кабыл ала турган кылсак бала өзү жашаган чөйрөсүнөн, досторунан, жакын туугандарынан, мектебинен алыстабай чоңоймок. Болбосо социалдык кызматкерлердин аймактарда санын көбөйтүп, алардын сапатын да арттыруу керек", — деди Турдубекова.
Ал аймактардагы балдардын бакубат жашоосун камсыздоодо айыл өкмөттөргө мүмкүнчүлүктөрдү берүү зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0