Жакшы кыздар кайда, биз эмнеге үйлөнбөй жүрөбүз? Бойдок жигит агынан жарылганда

© Sputnik / Таисия Воронцова / Медиабанкка өтүүКучакташып турган түгөй. Архив
Кучакташып турган түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Жазылуу
Журналист Эламан Карымшаков эмне үчүн жигиттер үйлөнбөй жатканын түшүндүрүп берүүгө аракет кылды. Алар деле жыргаганынан бойдок жүрбөгөнүн айтып коёюн дейт.
Жашың 22-23төн өйдөлөгөндөн кийин алдыңдан чыккан адам "ассалому алейкум" дегенден кийин эле "качан үйлөнөсүң?" деп сурай берет экен. Кээ бири "жүрө бербей үйлөнбөйсүңбү!" деп урушуп да жиберет. Аны дагы ата-энең же бир туугандарың эмес, айда-жылда бир көрүшкөн алысыраак тууганың айтып жатпайбы жанды кашайтып. Алар бактылуу болушумду каалап жатабы же мен үйлөнсөм эле иштери жүрүшүп, эчкиси эгиз тууп береби, азырынча түшүнө элекмин.

Жакшы кыз деген ким?

Чынында жигиттер жыргаганынан бойдок жүргөн жок. Алар да жан дүйнөсүнө жаккан, жылдызы келишкен, жашоого көз карашы дал келген, оюндагыдай бийкечке жолуга албай жүрөт. Ар кызга көз салып, ойду-тоону кыдырып жүргөндөн чарчап бүтүштү. Ошол эле учура бойдокторду тушап алган бир нече фактор бар.
Үйлөнөргө келгенде кыздарды аябай кылдат карап, кийин бул балдарыма кандай эне болот, үйдүн берекесин качырбай, таап келген ырыскыны кастарлап сактай алабы деп ойлоносуң. Болочок жарыңдын тамак жасоо жөндөмүнө да өзгөчө маани берилет экен. Кээде мен да өзүмө таң калып, жүрөгүмдүн бир бөлүгү ашказаныма түшүп калганбы деп ойлоп кетем. "Жакшы кыз деген ким, ал кандай болушу керек?" дешиңер мүмкүн. Менин пикиримде жалпыга бирдей критерий коюлган эмес, ар ким өзүнүн көңүлүнө жакканын "жакшы кыз" деп баалайт.

Эки сулуулук дал келбей калганда

Канчалык актанган менен баары бир эркектер сулуулукка маани бербей коё албайт экенбиз. Бирок ички дүйнө менен сырткы дүйнөнүн сулуулугу чанда дал келет экен. Түндө уктаар алдында асманды тиктеп "тигиге кичине акыл-эс берип койсо, буга бир аз чырай кошуп койсо болбойт беле?.. Бир кем дүйнө дегени ушулбу? Болбосо мен кыйналбай эле бирөөсүнө үйлөнүп алат элем го" деген ойлор келет.
Анан көптү көрүп, акылың токтолуп калган учурда жар табуу да кыйын болот экен. "Аста басса аксак, катуу басса таскак" деп өзгөчө сын көз караш менен карай берет турбайсыңбы. Баскан кадамынан, чачынын серпилгенине чейин маани бересиң го. Ушуну менен бир өмүр кантип жашайм деген суроо көп шектенүүнү жаратат.

Жакшы кыздын баарын ээлеп алышкан

Дагы бир учурда турган жериңден эле күйүп кетесиң. Көктөн издегениң жерден табылып, жогоруда белгилеген жана жазгандан уялып ичимде сактап койгон кыялымдагы кызга да жолуктум. Бирок жакындай баштаганда "жигитим бар, 4-5 жылдан бери сүйлөшөбүз" дегенде денеңден муздак тер чыга түшөт. "Күйөөм, бир балам бар" дегендерди айтпай эле коёюн эми. "Жакшы кыздардын баарын илип кетишиптир, жүрө бер оозуңду ачып" деп өзүңдү урушасың анан. Кандай эле бактылуу адамдар алардын сүйүктүүсү болуп алат деп баш чайкап коёсуң.
Кээде жакшы кыздар Кудайдан жөө качкан балдардын колун кармап кеткенде "о, мээң менен сенин" деп каласың го. Ошол учурда айылдагы отко айдаса бокко качкан кашка уй эсиңе түшөт. Бул категориядагы жакшы кыздардын акылы түштөн кийин иштейт.
Показ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Жүр, чырагым, айылга барып жашайлы. Элеттен жаа бою качкан кыздарга кулак кагыш

Бойдокчулуктун өмүрүн узарткан стереотиптер

Жигиттердин бойдокчулук өмүрүн узартып жаткан стереотиптер дагы бар.
Бир пери менен жылдызың келишип, жубайың катары элестете баштаганда анын жашы сенден улуу экени ойлондурат. Айланаңдагылар кулагыңа сиңирип койгон, "өзүңдөн кичүүнү алсаң жакшы, кыздар бат чоңоёт, кийин сенден кары көрүнүп калат, улуураагы башыңа чай кайнатып, тилиңди укпай сени башкарып алат" деген сөздөр кулагыңа жаңыра берет. Анан бир кадам артка чегинесиң.
Эгер сүйлөшкөн кызың Төө-Ашуунун бери жагында болуп калса, ары жакка алып барышың кыйын. "Өзүбүз жактан эле карай берчи, балам. Алардын салтын, менталитетин билбесек, анан калса жол алыс, кудалар менен деле жакын туугандай катташып, чай ичишип отургубуз келет. Бир нерсе болсо 700 чакырым жол басып кантип барабыз. Ал жактын кыздары тигиндей-мындай" деген кептер диктор жаңылык окуп жаткандай ыргак менен кулагыңа түптүз кирип сүйүү сезимдериңдин табын кайтара коёт. Ошентип кыялыңдагы кыз сен тарапта туулуп калбаганы үчүн күнөөлүү болуп, бир бактыңдан баш тартасың.
Жогорудагы стереотиптер сүйүүдөн толук баш тарткызбаса дагы канчалык бир деңгээлде таасир этет.

Ата-энени дагы түшүнүш керек

Макул дейин десең ата-энең таанып-билген, үйүңдөн анча алыс эмес жердеги кыздар кумга сиңген суудай көзгө чалдыкпайт. Эми такыр эле кыз калбай калды эмес, көңүлүңө туура келген жакшы кыз жок дегеним. Сени менен тааныштырган кыздарды бир-эки айдан кийин карасаң жакшынакай болуп эле турмушка узап баратканын көрөсүң. Эми ар кимдин табити ар кыл болот экен да, бактылуу болушсун!
Ата-энелерди да түшүнсө болот, баласы башы айланып бирөөнү алып албасын деп тынчсызданат. Себеби алар жашоодо түрдүү келиндерди көрө берип коркуп калышкан. Ар күнү ар кыл болуп "өнөрүн" көрсөтүп, күйөөсүнүн да, кайната-кайненесинин да айласын кетирген кээ бир келиндер жүрөк үшүн алып койгон.
Биз эмне, турмуштун ачуу-таттуусун көрө элекпиз, жашоо биз сызган сызыктан кыйшайбай уланат деген ой менен жүрөбүз. Каныбыз кайнап турган учурда алысты көрө албайбыз да. Андыктан "мен өзүм билем" боло бербей ата-эненин дагы пикирин эске алуу керек деп ойлойм.
Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2022
Февралдагы "кооз" датада Кыргызстанда канча түгөй баш кошору айтылды

Кээде сен деле жакпай каласың...

И баса, бир кыз кезигет, баары жакшы, өзүң тарапта туулган, сенден үч жаш кичүү, окууган окуусу бар, тиричиликке тың, ички да, сырткы да сулуулугу көз тайгылтат. Эми үйлөнө берейин деп теминип атсаң, кашайып ал сени жактырбай коёт да. Тилекке каршы, мында сен кыздын кыялындагы жигит болбой каласың. "Өз бактың үчүн күрөш, жакшы аракет кылып сүйдүрүп алса болот" дешиңер мүмкүн. Кээ бир учурда ал дагы жардам бербей калат экен, мага ишенип койгула.
Анан кыздардан сурасаң "жакшы бала жок" дейт, мага окшогондор "жакшы кыз жок" дейт. Ошентип эки жээкте бойдоктордун санын көбөйтүп жүрөбүз. Ал ортодо "Качан?" деген суроонун күнү тууп жатат. Кудай кошо турган жарын көп кыйнабай эле жолуктуруп койсо болбойт беле... Кой, антип Жаратканга нааразы болуп, буйругуна каршы чыкпай турайын. "Сабырдын түбү сары алтын" дегендей көбүрөөк аракет кылсын деп жатканы го.
Биздин бактыбызды тилеп, санааркап, түндөсү уктай албай кыйналып жаткандарга ушуну менен түшүндүрө алдым окшойт. Биз деле үйлөнүп алгыбыз келет, бирок жогорудагыдай тоскоолдуктар кармап жатпайбы.
Бул колумнистиканын сүйүктүүсү менен сүйлөшүп жүргөн жаштарга тиешеси жок. Мында бойдок жигиттер эмне үчүн үйлөнө албай жүрөт деген суроого жооп бергенге аракет кылдым. Кээ бир адамдардын сезимдерине доо кетирип, катуу тийген болсом кечирим сурайм. Ооба, мен деле идеалдуу адам эмесмин.
Автордун пикири редакциянын позициясы менен дал келбей калышы мүмкүн.
Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Балдарыбыз бактысыз болбош үчүн коргойлучу. Эненин ой толгоосу
Жаңылыктар түрмөгү
0