Балдарыбыз бактысыз болбош үчүн коргойлучу. Эненин ой толгоосу

© AFP / ANNE-CHRISTINE POUJOULATБала көтөрүп турган аял. Архив
Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Жазылуу
Журналист Бегимай Бакашева эне катары балдардын тарбиясы тууралуу көп нерсе билүүгө аракет кылат. Аны менен катар акыркы жылдары психология илимине кызыгып жүрөт. Бүгүн ал балдар кичине кезинде алган психологиялык сокку тууралуу ой толгоду.
Психологдордун айтымында, кичине кезинде жан дүйнөсү жабыркап калган баладан кийин телегейи тегиз адамдын чыгышы татаал. Мисалы, мындай адамдардын көпчүлүгү кийин айланадагылар менен гармониялуу мамиле түзө албайт же жеке жашоосунда багы ачылбайт. Россиялык психолог Клавдия Блонская бала кездеги психологиялык жаракаттарды беш түргө бөлгөн. Түшүнүктүү болушу үчүн ар бирине токтоло кетейин.

Ар кандай илдеттер

Кичине кезинен өнөкөт оорусу бар же иммунитети төмөн балдарды ата-энеси оголе бапестеп, абдан көп чектөө коюшат. Мисалы, "сен оорулуусуң", "көп нерсеге алың жетпейт", "теңтуштарыңа салыштырмалуу алсызырааксың" деген сыяктуу ойлор баланын мээсине сиңип калат. Кийин бул баладан ден соолугуна себепсиз эле тынчсызданып, өзүн ар тараптан көбүрөөк чектеп койгон адам чыгат. Өзүнө ишеними дагы төмөн болот, жашоодон ырахат ала албайт.

Көп тил угуп, таяк жеген балдар

Албетте, баланы айрым учурда урушуп, талапты катуу коюп тарбиялоо керек. Бирок дайым эле кыйкырып, беттен алып, уруп-сого берген болбойт. Бул аны кемсинтүү, кордоо болуп эсептелет. Дайыма таяк жеп, тил угуп чоңойгон бөбөк кийин коркок, чечкинсиз, жалакай, айрымдары тез эле агрессияга алдырган киши болуп чоңоёт.

Ата-энеси таштап кеткендер

Мындай балдардын коомго толук аралашуусу же бирөөлөр менен мамиле куруп кетиши азап. Өзүнө жана болочоктогу түгөйүнө талапты катуу коюп, кээде реалдуулуктан өтө эле алыс нерселерди күтөт. Мындан улам көпчүлүгү үй-бүлө күтө албай кыйналып, жашы өтүп кеткендер дагы болот.
Тыйын кармап турган окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2021
Окуучу кезинен бизнеске кызыккан баланы колдоо керекпи? Адистин кеңеши

Жакын адамдын өлүмү

Оор жоготуулар айрым балдардын жашоосун түп-орду менен башка нукка буруп, өмүр бою кара так болуп кала берет. Убагында башка жакындары жардам бере албай калса, алар чүнчүп, коомдон оолактап калышат. Жакынынын өлүмүнө өмүр бою өзүн күнөөлөйт. Жашоодон ырахат ала албай, ар кандай жакшы нерселерге өзүн татыксызмын деп эсептейт.

Баланын мойнуна минген ата-эне

Кээ бир балдар "өз киндигин өзү кесип" кичине кезинен эле ата-энеси үчүн дагы жоопкерчилик алып жашайт. Албетте, баланын тың болгону жакшы, бирок ар бир нерсе өз учурунда болушу керек. Эрте "чоңоюп" алган балдар кийин айланадагы нерселердин баарын көзөмөлдөгүсү келген, эч кимге ишенбеген, ката кетирип алуудан корккон адамдар болот. Адатта булардын өзүнө берген баасы өтө төмөн. Дайым бирөөгө бир нерсе карыз болгонсуп, өзүн кыйнап жашайт.
Бул аныктамалар канчалык туура экенин билүү үчүн узак убакыт бою байкоо жүргүздүм. Сүрөттөмөлөргө чак келген адамдардын жашоосун, балалыгы кандай өткөнүн билүүгө аракет кылдым. Мага чындап эле көпчүлүгүнүн көйгөйлөрү бала кезден бери келе жаткандай туюлду.
Эгер ишенбесеңиз, байкап көрсөңүз болот. Жок эле дегенде өзүңүзгө баам салып көрүңүз. Дегеним, ар бирибизде кичинекей болсо дагы бирден комплекс бар. Ал кемчиликти өзүңүз деле жакшы билсеңиз керек. Балким, тартынчааксыз, эч нерсеге батына албайсыз же эч кимге ишенгиңиз келбейт? Балким өз жүгүңүздү бирөөгө артып койгонду жакшы көрөсүз. Айтор, мунун баары жакшы сапат эмес. Көпчүлүк учурда жашоону татаалдатат. Адамдарды сизден оолактатат. Балким, ушундан улам сиз бактысыз жашап жүргөндүрсүз.
Негизи коркунуч, тынчсыздануу, уялуу, ишенбөөчүлүк, максаттын жоктугу сыяктуу сапаттарды кудайдан берилген мүнөз деп эсептейт экенбиз. Бирок адистер муктаж болгон адам психологиялык терапиядан өтүп, бул нерсенин баарын жок кылса болорун айтып келишет. Ал тургай өнүккөн өлкөлөрдө балалыктан калган көйгөйлөрдү жоюу үчүн психологдордун атайын иштеп чыккан программалары бар экен.
Жашоону жакшыртуу үчүн адиске кайрылабы же өзү аракет кылабы, айтор, бул ар кимдин өз чечими.
Бирок биз азыр балдарыбызды бактылуу кылып чоңойтууга милдеттүүбүз. Ансыз да арабызда өзүнө ишенбеген, урушчаак, көп нерсеге кайдыгер, өсүүгө умтулбаган адамдар көп экенин көрүп турабыз. Келгиле, балдарыбыз алардын катарын толуктабагыдай тарбия берели. Келечекте Кыргызстанда ден соолугу бекем, адамгерчилиги бийик, акылы тунук, билимдүү, өзүн жана өзгөнү бактылуу кыла алган, телегейи тегиз кишилер көбүрөөк болсун!
Мектеп психологу Сажира Абдыкаимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Балдар психологу: азыр окуучуга эле эмес, мугалимге да күчтүү психолог керек
Жаңылыктар түрмөгү
0