Батыш Россияны кантип жазалоону ойлонуп жатат

© REUTERS / POOLЕБдин эл аралык иштер жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Боррель Блинкен
ЕБдин эл аралык иштер жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Боррель Блинкен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Жазылуу
Эки күндөн бери Вашингтондо Америка менен Европанын эки үлкөн дипломаты Москваны кайсы жерден кантип чалып жыгылтуунун амалын талкуулап жатат.
Элита ичинде "Россияны геосаясий жактан ооздуктап туруу" деп аталган бул процесске даярдык кандай жүрүп жатканына журналист Елена Караева көз чаптырып, макала РИА Новостиге жарыяланды.
АКШ — ЕБ энергетикалык кеңешинин алкагында жүргөн трансатлантикалык талкууга Энтони Блинкен менен Жозеп Боррель теңтөрагалык кылды.
Жамааттык жумуш бар жерде достук да бар демекчи, биргелешкен маалымат жыйында ЕБдин эл аралык иштер жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Боррель Блинкен менен ымаласы жылуу экенин жашырган жок.
Анын үстүнө Вашингтонго Россия менен жамааттык Батыштын мамилеси сууп кетип, кокус россиялык отундан кур жалак кала турган болсо жамааттык Европаны колдоого америкалыктар канчалык даяр экенин угуу үчүн орун басар фон дер Ляйен да келген.
Вашингтонго келер алдында Боррель өз блогуна кезектеги постун жазып, "Россия газ менен опузалоону улантууга ниети бар экенин" билдирген.
Ал минтип өзү менен өзү сүйлөшүп жатканда Европада эмне болуп жатканына баам салалы.
Алсак, бул байлыгы ашкан жамааттык Европада 35 миллиондой киши жашайт, Боррель "орустардын газ арамзалыгы" тууралуу жазып жаткан маалда дал ушунча киши тамак-аш сатып алсамбы же жарык менен жылуулукка акча төлөсөмбү деп баш катырып турду.
35 миллион киши — бул ЕБге кирген нече мамлекеттин калкы. Португалиялыктар, литвалыктар, ирландиялыктардын баары чогулуп, кары-жашы дебей, курсакты курулдаткан боюнча жылуу-жумшак уктоону же жылытылбаган үйдө карды ток уктоону тандашы керек болгондой эле.
Жардылардын Боррель менен деле иши жок, бирок өз өкмөттөрү жанында. ЕБге мүчө-мамлекеттердин дээрлик бардыгынын өкмөтү колунан келишинче аз камсыз болгондордун электр энергиясы жана жылуулук үчүн эсебин жеңилдетүүгө аракет кылып жатат.
Британиялык премьер-министр Борис Жонсон. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Борис Жонсонго Россия менен согуштун кажети эмне?
Албетте, боору ооруганынан эмес: "сары жилет" деп аталып калган дагы бир Жакерияны Евробиримдиктин экономикасы көтөрө албайт.
Сумма европалык жарды-жалчылардын финансылык абалын жакшыртып деле жибербейт, бирок тумтак калгандан көрө бул деле жакшы.
Ал эми Евробиримдиктин тилектештиги менен мактанып келген маанилүү көзөмөл органдарынын бири "аталган жөлөк пул отундун жашыл энергияга кирбеген түрүнө жумшалса, элге акча берүүгө караманча каршы" деген чечим чыгарган. Бул тууралуу Евробиримдиктин Эсеп палатасы билдирди, аталган мекеме ЕБге кирген мамлекеттердин бюджетине да көз салат.
Европада кембагалдар айыл-кыштакта жашап, турак жайын солярка менен жылытып, дизель кыймылдаткычтуу автоунаа менен жүрөт.
Анткени бул арзанга түшөт.
Бул жетишсиз болсо, дагы бир мисалы бар. Азыркы газ түтүгү иштеп, Россия Евробиримдикти газ менен камсыздап жатканда инфляция болгон-бүткөн рекорддон ашып түшүүдө, ал эми аялуу катмар үчүн азык-түлүк корзинасынын баасы барган сайын жогорулоодо. Эми отунга баа көтөрүлсө эмне болорун элестетип көрүңүз.
Бирок мындай жагдай Боррель менен Блинкендин дуэтин токтото алабы?
Жок. Токтото албайт.
Экөө тең "анык болуп турган россиялык кооптуулук" тууралуу да, өздөрү минтип ойлоп таап алган ошол "кооптуулукка" каршы күрөшүү үчүн алынган каржылоо тууралуу да айтып, ишке киришүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Боррель Вашингтонго америкалык кесиптешинин АКШ ЕБге колдоо көрсөтүү боюнча сунуштарын угуу үчүн да келди.
Глобальная система межбанковской связи SWIFT - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2021
SWIFT ылдамдыгында! Россияга урулган соккудан ким жабыркайт?
Бүгүнкү күндө "Россиянын Украинага болчу агрессиясы" тууралуу кеп атаандашты Европа рыногунан сүрүп чыгаруу жолу болгонун көпчүлүк жакшы түшүнүп калды. Анткени Россиядан бизнес, экономикалык мамиле, келишимдеги милдеттенмелерди аткаруу жаатында эч кынтык таба алышкан жок, мындан улам "Украинага кол салуу" тууралуу уламыш ойлоп таап, капталдан кирүүгө аракет кылышты.
Ушундай эле схема, башкача айтканда, атаандашты сүрүп чыгаруу ыкмасы бир жыл мурун калий экспортуна чектөө киргизилип Беларуска карата да колдонулду.
Мындан Европанын фермерлеринин жапа чеккени деле эске алынган жок, бирок америкалыктар менен канадалыктар саясий истеблишменттен алган белекти кош колдоп кабыл алышты.
Анан эле Германия ТИМинин башчысы АКШ президенти Жо Байден жөнөткөн дубай саламдан соң "россиялык газдан толугу менен баш тартуу ыктымалдуулугу" тууралуу кеп козгоп калды.
Ооба, мунун баары азырынча опуза, сес көрсөтүп, "Россияга чогуу каршы туруу" үчүн айтылган сөз.
Бирок кептин төркүнү түшүнүктүү.
Россиянын "цивилизациялык дүйнөнүн" жалпылап жасай турчу соккусуна жооп берүүгө дарамети жетет. Мотивация да, күч да, баарына чыдайбыз деген ишеним да жетиштүү.
Саясий оюндардын курмандыгы болгон жөнөкөй европалыктарга гана боор ооруйт. Ал эми далилдөөгө мүмкүн болбогон нерселерди далилдөөгө аракет кылган комедианттар жөн гана күлкүнү келтирет.
АКШ президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Европанын Байденден биротоло көңүлү калдыбы?
Жаңылыктар түрмөгү
0