Москвага сапар алган Макрондун үмүтү акталабы? Сереп

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүФранциянын президенти Эммануэль Макрон. Архив
Франциянын президенти Эммануэль Макрон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Жазылуу
Владимир Путин бүгүн франциялык кесиптешин кабыл алат, Эммануэль Макрон россиялык лидер менен жолугушуу үчүн Москвага сапар алды.
Франциянын ЖМКлары эки лидер негизинен көзмө-көз сүйлөшө турганын, талкуудан кийин биргелешкен маалымат жыйын өтүп, программа кечки тамак менен жыйынтыкталарын жазышты. Россиялык журналист Елена Караева Макрондун сапарынын жыйынтыгы кандай болоруна сереп салган.
Жолугушууну соңуна чыгара турган кечки тамак "достор арасында" деп белгиленген.
Бул мамлекеттик визит эмес, бейрасмий сапар экени айтылды. Путин "Елисей сарайынын ээси" менен анын жөн эле жакшы адам болгону үчүн эмес, бүгүнкү бириккен Европада дал ушул Макрондун саясий салмагы күч болуп турганы үчүн жолугушмакчы. Албетте, бул дагы салыштырмалуу айтылган сөз.
Мисалы, евробюрократ фон дер Ляйенди ала турган болсок, же анын орун басары, "эл аралык иштер жана коопсуздук боюнча жогорку өкүл" деген кызматынан башка эч нерсеси жок Боррелди карап көрсөк, албетте, Макрондун салмагы сайдын ташындай.
Же ошол эле чырдан башы чыкпаган Борис Жонсонду карап көрөлү. Азыр анын абийирин кызматынан өз ыктыяры менен кетип калуу эле сактап калчудай болуп турат.
Макрон Россиянын саясатын катуу сындаган күндө да башкалардан айырмаланып дайым дипломатиянын тили менен сүйлөп келген. Ушунусу менен дагы Путиндин деңгээлиндеги маектеш болуп кала бермекчи.
Бул Макронду колдогон аргументтер.
"Каршысы" да бар.
Аларды франциялык президент кечээ жарыкка чыккан интервьюсунда өзү ачыктап берди.
Макрон: "Биз Украина менен Россияны, Беларусь менен Россияны бөлүп турган чек арада милитаризация кантип жүрүп жатканын, ошондой эле бул үчүн авиация, кургактагы аскер күчү колдонулуп, аскерий машыгуулар өтүп жатканын көрүүдөбүз. Мындай кырдаалда биз диалог менен абалды жөнгө салып, аскерий чырды болтурбоого аракет кылабыз", — деди.
АКШ жана НАТО желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Коопсуздук кепилдиги. АКШ менен НАТОнун Россияга берген жообу ачыкка чыгып кетти
Дагы бир учур бар. Макрон 2008-жылы аскерий чагымчылыкты Грузия жасабай эле Россия агрессияга барган деп эсептейт, 2014-жылы референдум аркылуу Россияга кошулууну Крым өзү каалабай, Россия аны кошуп алган деп билет.
Россияны күнөөлөө франциялык президенттин атайын өкүлү Пьер Вимондун комментарийинде да байкалып турат. Анын айтымында, Смоленскиде дипломаттар менен жолугушуу учурунда жогорудагы эки учурду айтып, "Россиянын эл аралык арендагы жүрүм-туруму" тууралуу сөз кылган. Бирок маектештери "унчукпай койгон".
Албетте, бул сүйлөшүүнүн толук картинасы эмес, ошентсе да эки лидердин талкуулай турган темасы айкын боло баштады.
Бирок экинчи жагынан Макрон Путинден айырмаланып бул сүйлөшүүгө "эки колу байлануу" келди. Бүгүн ал Европа белгилеген башкы чектен алыс кете албайт. Ал эми бул чек "континенттин тышкы да, ички да көйгөйүнө Россияны айыптоо керек" деп аныкталган.
Компромисс табууга да ыктабашы керек, анткени мындай жагдайды Макрондун Париждеги да, Евробиримдиктеги да саясий каршылаштары дароо пайдалана калууга ашыгат.
Демек, "Путинге өтө жумшак мамиле жасады" деген кинеге кабылат. Кылмыштан да оор катачылык кетирди деген да сөз айтылышы толук мүмкүн.
Путиндин артында эли менен мамлекет турса, франциялык президенттин рейтинги улам түшүп барат. Бул дагы маанилүү учур.
Бирок Макрондун көйгөйү башкада.
Бул — сапардын программасы. Эртеси күнү эле Макрон Киевге жол тартат.
Ал жактан лидер "Майдан баатырлары" монументине барат, президент Зеленский менен жолугат, мындан башка да толгон-токой иш-чаралар күтүлүүдө.
Британиялык премьер-министр Борис Жонсон. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Борис Жонсонго Россия менен согуштун кажети эмне?
Украина жетекчилиги менен жолугушар алдында Макрон Россияга бара турганы үчүн актангансып, ошол эле интервьюда "Украина — Европа" экенин, "Украина — европалык держава" экенин улам кайталап, европалыктардын баарын "бир тууган" кылып жиберди.
Мындай "ой толгоо" француздарга караганда украина бийлигине көбүрөөк тиешелүү (Макрондун мекендештеринин 95 пайызы "Европа державасын" картадан да көрсөтүп бере албаса керек), Франция лидери тосуп алуучулардын да кабагына карады.
Маанилүүсү бул дагы эмес.
Мосвкада жолуга турчу эки лидер Киев бийлигинен айырмаланып, түзүлгөн кырдаалдын чечилишине кызыкдар. Баса, азыркыдай туңгуюк абалдын түзүлүшүнө экөөнүн тең тиешеси жок.
Кызыкчылыктары бөлөк болсо да Путинге да, Макронго да абалды курчутуунун, анын согушка айланып кетишинин кереги жок. Экөө тең, экөө башкарган эки мамлекет да мындан утушка ээ болбойт.
Европа континентиндеги кырдаалдын туруксуздашуусунан "май токочту" "россиялык агрессиянын курмандыгы болуп" миллиондогон жардамга үмүт арткан Украина, экинчиден, ички көйгөйүн согуштун жардамы менен чечип көнүп калган АКШ алат. Буга акыркы 50 жылдагы кандуу кагылышуулар күбө.
Мына дал ушул жагдай, башкача айтканда, Киевге канчалык ыктаса да Макрондун Путин менен саясий жагынан алганда бир тарапта болушу геосаясий фронттун ушул флангында дипломатиялык секирик жасоого даярдыкта чечүүчү ролду ойноп калышы толук ыктымал.
Лондондогу Вестминстер көпүрөсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2022
Россия менен күрөштө Батыш кандай жорукка барууга даяр
Жаңылыктар түрмөгү
0