Коопсуздук кепилдиги. АКШ менен НАТОнун Россияга берген жообу ачыкка чыгып кетти

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDАКШ жана НАТО желектери. Архив
АКШ жана НАТО желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Жазылуу
Жооп испаниялык гезитке жарыяланган. Мамдепартамент анын анык экенин тастыктады.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Испаниянын El Pais гезити Россиянын коопсуздук кепилдиги боюнча сунушуна АКШ менен НАТОнун берген жообун жарыялады.
Тиешелүү файл басылманын онлайн-баракчасына "Россия 17-декабрда сунуштаган макулдашууга жооп иретинде берген АКШ менен НАТОнун документтери" деген аталыш менен жайгаштырылган. Украина документтин мазмунунан кабардар экени айтылды.
Ачыкка чыккан материалдарда Вашингтон Москва менен төмөнкү маселелерди талкуулоого даяр экенин көрсөткөн:
Румыния менен Польшада "Томогавк" ракеталарын жайгаштырбоо механизми;
Украинада чабуул коюучу ракета системаларын жана күчтөрдү жайгаштырууну чектөө боюнча өз ара милдеттемелер;
өзөктүк куралдын жаңы түрлөрү менен орто жана жакынкы аралыкка учуучу ракеталарды көзөмөлдөөгө тиешелүү СНВ-3түн альтернативдүү макулдашуусу;
сууда жана абада болчу чыр-чатактарды алдын алуу үчүн кошумча чаралар.
Мындан тышкары, документте Батыштын Чыгыш Европага өзөктүк курал жайгаштыруудан кармана турганы айтылган.
Жалпы жонунан алганда АКШ жана НАТО Россия менен коопсуздук маселелери боюнча документке кол коюуга даяр. Бирок альянс жаңжалдашууга барбай турганын айтып, бирок өзү үчүн принципиалдуу деген маселелер боюнча айтканынан кайтпай турганын белгилеген.
РИА Новости агенттиги АКШнын Мамлекеттик департаменти El Pais гезитине жарыяланган документтер жасалма эместигин тастыктаганын жазды.
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Путин: АКШ Москванын тынчын алган нерселерге кол шилтеп койду

Украина маселеси жана Батыш менен сүйлөшүү

Акыркы айларда Россия менен Батыштын мамилеси улам катаалдашып бара жатат. Батыш өлкөлөрү Москваны Украинага "кол салууга" даярданып жатат деп күнөөлөп, Чыгыш Европада аскерин да, курал-жарагын да көбөйтүп, санкциялар күчөтүлөрүн айтып коркутууда. Россия бардык айыптоолорду четке кагып, Киевдин Минск макулдашуусун аткарбай, чек ара линиясына өздүк курамдын жарымын алып келип, тыюу салынган куралдан ок чыгарып жатканын эске салып келет.
Москва "агрессия тууралуу" маалыматтардын максаты Россиянын чек араларында чет элдик группировкаларды күчтөнтүү экенин бир нече ирет айткан. Кремль дагы, ТИМ дагы Украинадагы эскалациянын негизги себеби — аймакка аскердик инструкторлорун, курал-жарак, техника жөнөткөн, машыгууларды көбөйткөн АКШ менен НАТОнун аракети экенин белгилеген. Мындай кадамдары менен алар Киевди аскерий авантюраларга түртүп жатышканы далай ирет айтылган.
Былтыркы жылдын соңунда Москва Брюссель менен Вашингтонго коопсуздук кепилдиги тууралуу документтердин долбоорун жөнөткөн. Кремль блоктун постсоветтик өлкөлөр менен аскерий кызматташуусун токтотууну, алардын аймагында база жайгаштырбоону, РФ чек арасына жакын жерде сокку уруучу каражаттарды орнотуу аракеттерин чектөөнү, Европадан америкалык өзөктүк куралды чыгарууну жана НАТОну чыгышты карай кеңейтпөөнү талап кылып келет. 27-январь күнү Россия кат түрүндө жооп алды. ТИМ батыштык өнөктөштөр Россия үчүн орчундуу мааниге ээ болгон альянсты кеңейтпөө жөнүндөгү талап көз жаздымда калганын билдирген.
Британиялык премьер-министр Борис Жонсон. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Борис Жонсонго Россия менен согуштун кажети эмне?
Жаңылыктар түрмөгү
0