Гинеколог 35 жаштан кийинки төрөт эмне себептен кооптуу экенин айтты

© AFP / YOSHIKAZU TSUNOКош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2022
Жазылуу
Окумуштуулардын көбү төрөттү эртерээк, жашыраак кезде пландоо керек деп эсептешет. Себеби жаш өткөн сайын тобокелчиликтердин саны да өсөт.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Акушер-гинеколог Виктория Фисюк 35 жаштан кийинки төрөттүн тобокелчиликтерин санап берди. Дарыгердин пикири "Известия" басылмасына жарыяланды.
Анын айтымында, окумуштуулардын көбү төрөттү эртерээк, жашыраак кезде пландоо керек деп эсептешет. Себеби жаш өткөн сайын тобокелчиликтердин саны да өсөт.
"30 жаштан кийин (айрым учурда андан да эрте) аялдын репродуктивдик потенциалы төмөндөп, оңой менен бойго бүтпөйт. Мындай куракта бойго бүтүрүүгө алты айдан бир жылга чейин убакыт керек болушу ыктымал. Бул — биринчи тоболкелчилик. Экинчиден, жаш өткөн учурда ымыркайы хромосомалык мандем менен төрөлүп калышы мүмкүн. Маселен, Даун синдрому", — деген медик.
Мындан сырткары, жаш өткөн сайын туура эмес жашоо образынан улам да ар кандай диагноздор чыга турганы айтылды. Алсак, бойдон алдыруу, чылым, ичимдик, баңгизат, зыян делген тамак-аш, туз, кумшекерди көп колдонуу. Бул тобокелчиликтин баары бойго бүтөрдө же бүткөн соң кыйынчылык жаратып коюшу ыктымал.
"Жогорудагы факторлордон улам түйүлдүк жаңыдан чоңоё баштаганда токсикоз оор формада өтүп, бойдон түшүп калуу коркунучуна кептеши ыктымал. Ошондой эле төрөттөн кийин кайра калыбына келүү процесси оор жана узак өтөт", — деди дарыгер.
Гинеколог кош бойлуу кезде, төрөттө жана андан кийин кыйналбаш үчүн ден соолукка кам көрүүгө үндөгөн. Ал үчүн туура тамактанып, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, дени сак жашоо образын карманып, убагында уктап, эс алуу маанилүү.
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Жубайлардын резус-фактору дал келбесе бала оорукчан болуп төрөлүшү мүмкүн. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0