Жубайлардын резус-фактору дал келбесе бала оорукчан болуп төрөлүшү мүмкүн. Маек

© Фото / Pixabay/ congerdesignКош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Жазылуу
Акыркы кезде бизге билинбегени менен коомчулукта балдардын ден соолугуна жана балалуу болуу маселелерине байланыштуу көйгөйлөр курчуп барат. Кандын оң жана терс резус-фактору да наристенин денинин сактыгына таасир этүүчү эң чоң көйгөй.
Sputnik Кыргызстан редакциясында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Айжаркын Эгембердиева конокто болуп, үй-бүлөнү пландаштыруу жана ата-эненин ден соолугу тууралуу сөз кылды.
© Sputnik / Жоомарт УраимовРеспубликалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Айжаркын Эгембердиева: Үй-бүлөнү пландаштырууга аял кишинин ден соолугу, таза үй-бүлө жана дени сак наристенин төрөлүшү кирет.
Специалист Республиканского центра укрепления здоровья и массовой коммуникации Айжаркын Эгембердиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Айжаркын Эгембердиева: Үй-бүлөнү пландаштырууга аял кишинин ден соолугу, таза үй-бүлө жана дени сак наристенин төрөлүшү кирет.
— Үй-бүлөнү пландаштырууга эмнелер кирет?
— Үй-бүлө курарда жана балалуу болордо пландаштырып алуу эң негизги маселе. Анткени андан болочоктогу наристенин ден соолугу көз каранды. Ошондуктан дени сак бүлө күтүү жана алдыда кезигүүчү көйгөйлөрдөн арылуу үчүн төрөттү да пландоо абзел. Үй-бүлөнү пландаштырууга аял кишинин ден соолугу, таза үй-бүлө жана дени сак наристени жарык дүйнөгө алып келүү кирет.
— Аборт жасатуу да эненин ден соолугуна чоң стресс алып келсе керек. Дарыгерлер да мында эненин балалуу болуу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт дешет...
— Аял кишинин ден соолугу төрөт менен аборттон көз каранды. Мисалы, бойдон алдыруу кандай жол менен жасалып жаткандыгы да маанилүү. Эгер бойдон алдырууда аялдын жыныстык органдары жабыркаса, кийин тукумсуздукка кабылып калышы ыктымал. Ошол себептен аборт жасатпаганга аракет кылуу керек. Бүгүн контрацепция ыкмалары (бойго бүтүп калуудан сактануу — ред.) абдан өнүккөн, баасы да жеткиликтүү. Контрацепция каражаттарын да дарыгер менен кеңешип колдонуу керек. Ошондой эле айрым жаш келиндер жаңы бойго бүткөндө түйүлдүктү үй шартында эле таблетка менен түшүрүп салган учурлар да болот экен. Бул абдан кооптуу. Кан кетет, аны байкабай жүрө берип, өмүргө коркунуч жаралат. Бойдон алдырууга жеңил-желпи мамиле кылууга болбойт.
— Азыр тукумсуздукка өбөлгө түзүүчү негизги факторлор кайсылар?
— Мурункуга салыштырмалуу медицина алдыга жылып жатат, бирок барган сайын тукумсуздукка кабылган жаштардын саны да өсүүдө. Буга ар кандай жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын да таасири чоң. Аларды убагында дарылабаса тукумсуздукка кабылтат. Ошондой эле жаштардын да жүрүм-туруму өзгөрдү. Ар кандай ичимдиктерди ичип, чылым чегишет. Мунун баары эркектин ден соолугун талкалап, сперматозоиддердин кыймылдашына кедергисин тийгизет. Чылым чегип, баңгизат колдонгондордун эркектик потенциалы төмөндөп кеткени байкалат.
— Балалуу боло албаган учурда көбүнчө аял кишини күнөөлөшкөнү менен чынында эркектер жыныстык жол менен жугуучу ооруларды алып жүрөрүн айтышат. Азыркы учурда кандай оорулар кооптуу болуп жатат?
— Азыр вирустук оорулар кооптуу. Анткени бактериялык илдеттерди антибиотик менен өз убагында дарыласа болот. Ал эми вирустук оорулар өнөкөткө айланып кетип, жыныстык жана башка органдарды да жабыркатышы мүмкүн. Ал акыры өлүмгө чейин алып келет. Мисалы, гепатит оорусу жыныстык жол менен аялга жугуп, андан балага өтүп кетиши мүмкүн. Алгач боор жабыркайт, мунун бир гана айыктыруу жолу боорду алмаштыруу болуп эсептелет. Башка дары-дармектин аны сакайтууга алы жетпейт. Өкүнүчтүүсү — кош бойлуу аял ооруп калса күнөөсү жок наристе да жабыркайт. Ошондой эле ВИЧ инфекциясы да жыныстык жол менен жугуп, адамдын иммундук системасын талкалап, натыйжада иммунитети жок адам жөнөкөй суук тийип калуудан да каза болуп калышы мүмкүн. Ушул сыяктуу вирустук оорулар коркунуч жаратып жатат.
Чындыгында аял боюна бүткөнгө чейин эле ден соолугун чыңдап алганы жакшы. Жадагалса тиши жаман болсо да инфекция тамакка түшөт. Тамак ооруганда ал инфекция ангинага айланып, андан өпкөгө өтүп кетиши ыктымал. Мында антибиотик ичүүгө туура келет. Мунун кесепети балага да тиери бышык.
Кышында ысык чай ичип аткан кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Үшүк алганда ысык нерсе басууга же ысык ичүүгө болбойт. Пайдалуу маек
— Үйлөнүүнү каалаган эркек балдар алдын ала дарыгерге кайрылган учурлар барбы азыр?
— Акыркы учурда кээ бир жигиттер үйлөнгөндөн кийин балалуу болуу алдында урологдорго кайрылып жатышат. Мазок тапшырып, анын микрофлорасында инфекциянын бар-жогун текшертишет. Ошондой эле вирустук ооруларды аныктоо үчүн алгач кандан анализ алуу керек. Андан соң ошого жараша дарыгердин кеңешин угасыздар. Негизи тукумсуздук тукум куубайт. Анткени бул адамдын түздөн-түз жүрүм-туруму менен байланыштуу. Башаламан жыныстык катнашта болуу да келечекте балалуу боло албай калууга өбөлгө түзөт.
— Азыр жаштардын кыш мезгилинде да жайкы бут кийим кийип жүргөндөрүн көрөбүз. Кийин мунун да кесепети тийсе керек?
— Бул акыркы убакта жаштардын арасында көп кездешкен көрүнүш болуп жатат. Бутун жылуу алып жүрбөгөндүктөн көбү ден соолугун жоготуп алары талашсыз. Себеби суук тийүүдөн улам ички органдар толук жабыркашы мүмкүн. Алгач табарсыкка суук тийип, андан башка органдарга да өтөт. Ошондон улам бара-бара олуттуу оору жаралат. Табарсык менен бөйрөк жатынга жакын болгондуктан баланы да жабыркатат. Же болбосо мунун аягы тукумсуздукка алып келет. Илгертен апаларыбыз деле "бутуңду жылуу карма" деп көп айткан эмеспи. Оорунун көбү буттан сыз өткөндөн башталат. Азыр бөйрөк оорусу менен жабыркагандар көп. Ар бир экинчи адамды текшергенде бөйрөк оорусу же пиелонефрит аныкталууда. Бул негизинен жылуу кийинбегенден эле болот. Суук тийип калып убагында дарыланбагандыктан бөйрөккө өтүп кетет. Анан ар бир үчүнчү кыз цистит оорусу менен жабыркайт. Өз убагында дарыланбаса аны өнөкөт дартка өткөрүп жиберишет да иммунитети түшкөндө оору кармай берет. Бөйрөк оорусу барлар тамактануусуна да көңүл бурушу керек.
© Фото / Айжаркын ЭгембердиеваАйжаркын Эгембердиева: Аялзаты гормоналдык дарылардан коркот, анткени толуп кетүү көйгөйү бар болчу. Азыр гормоналдык дарылар аз эле доза менен жасалып калган.
Специалист Республиканского центра укрепления здоровья и массовой коммуникации Айжаркын Эгембердиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Айжаркын Эгембердиева: Аялзаты гормоналдык дарылардан коркот, анткени толуп кетүү көйгөйү бар болчу. Азыр гормоналдык дарылар аз эле доза менен жасалып калган.
— Кыздар жана балдар арасындагы гормоналдык бузулуунун белгилери кандай болот?
— Бир ирет жаш жубайлар көпкө балалуу боло албай кыйналып жүрүп, дарыгерге кайрылса кыздын гормондорунда мандем бар экени аныкталган. Гормондорду жөнгө салгандан кийин гана наристелүү боло алышты. Ар бир адамда эстероген жана тестостерон гормондору болот. Ал келиндин эркекке тийиштүү тестостерон гормону көбөйүп кеткен экен. Мындай учурда бойго бүтпөйт жана үнү жооноюп, дене түзүлүшү өзгөрүп, денесине түктөр же бир аз мурут чыкканы да байкалып калат. Эркекте аял кишинин гормондору көбөйүп кетсе, үнү ичкерип, төшү өсүп, курсагы чыгып калат.
— Гормоналдык дарыларды ичкенде адамдын толуп кеткени же арыктаганы байкалат. Бул эмнеге байланыштуу?
— Аялзаты гормоналдык дарылардан коркот, анткени мындай көйгөй бар болчу. Азыр гормоналдык дарылар аз эле доза менен жасалып калган. Ошол себептен эч кандай коркпой эле колдоно берсе болот. Кош бойлуулукту сактоодо мындай дарылардын пайдасы тиет. Бул бир жагынын абдан ыңгайлуу. Бойго бүтүрбөө үчүн да колдонулат. Учурда организм мындан зыян тартпайт, адам анчалык толбойт. Эгер организмге жакпай калса гинеколог башкасын тандап берет. Ошондуктан гинеколог, эндокринолог менен кеңешип ичүү керек.
— Тукумсуздуктун дагы бир себеби кан тобунун дал келбөөсү экен. Резус-фактор жана кан группасы түйүлдүккө кандай таасир этет?
— Кан группага бөлүнгөндөн тышкары оң жана терс резус-факторго бөлүнөт. Резус-фактор адамдын канынын тубаса өзгөчөлүгү. Өзгөрбөйт, тукум кууйт. Чындыгында резус-фактор келечектеги баланын ден соолугуна таасир этүүчү көйгөйлүү маселе. Анткени көбү буга маани бербейт. Резус-фактор деп угат, бирок кандай экенине деле көңүл бурбайт. Аял киши болочок эне болгондуктан өзүнүкүн билиши керек. Эгер резус-фактору терс жыйынтык берип калса, дарыгер ага иммуноглобулин берет. Бул вакцина сыяктуу түйүлдүктүн өсүүсүнө жакшы шарт түзөт. Оң резус-факторго ээ эркек менен терс резус-факторго ээ аялдан көбүнчө оң резус-фактордогу (атасыныкындай) наристе төрөлөт. Белгилей кетсем, дал ушундай жуптар (оң жана терс резус-фактор) көбүнчө экинчи төрөтүнөн баштап көйгөйгө туш болушат. Анткени бойго бүткөндөн кийин эненин организми баланы "жерип" баштайт. Мындай учурда бойдон түшүп же төрөсө да наристе өлүк же оорулуу төрөлүшү мүмкүн. Мунун баары эненин жана түйүлдүктүн канынын резус-конфликти менен түшүндүрүлөт. Анткен менен аял тун баласын дени сак төрөшү толук ыктымал. Ал эми биринчи төрөттөн кийин аялдагы антигендин да, антителонун да саны көбөйө баштайт. Антитело түйүлдүктөгү оң резустагы эритроциттерди зыянга учуратат. Бул илимде "резус-конфликт" деп аталат. Натыйжада түйүлдүк кан ооруларына (гемолитическая анемия) учурайт.
Каны терс резустагы эне каны оң резустагы эркектен экинчи же үчүнчү баласын төрөөнү пландаса дарыгерге көрүнүп, канындагы антителонун өлчөмүн сөзсүз текшертүүсү керек.
Офтальмологтун кабинетинде Сивцевдин таблицасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Офтальмолог Бекбоева: монитордон чыккан нур, радиация көздүн сырткы челин жукартат
Жаңылыктар түрмөгү
0