1992-жылдан бери өлкөнүн тышкы карызы кантип жүз эсеге өстү. Сандар

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом акчасы. Архивдик сүрөт
Сом акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2022
Жазылуу
Кыргызстандын тышкы карызы 1992-жылы 180 миллион сомдон ашкан, бирок бир жылдан соң беш эсе өсүп кеткен.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Финансы министрлигинин сайтында Кыргызстандын мамлекеттик ички карызы кандайча улам өсүп турганы боюнча кабарланган. Маселен, акыркы маалыматтар боюнча, 64 миллиард доллардан ашса, мындан 30 жыл мурда 200 миллион сомдон аз экени жазылган.
Эске салсак, мамлекеттик карыз эки – тышкы (сырттан алынган карыздар, анын ичинде финансы институттары жана башка мамлекеттер бар) жана ички (көп бөлүгү мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан улам түзүлөт ) деп бөлүнөт.

Мамлекеттик карыздын жыл менен алгандагы көлөмү

Финансы министрлигинин сайтына 30 жылдан тарта өткөн жылдын ноябрына чейинки ички карыз боюнча маалыматтар жарыяланган. Аларды карай келгенде төмөнкүдөй болуп өзгөргөндүгүн көрүүгө болот:
1992 — 180,9 миллион;
1993 — 1 миллиарддан ашкан;
1996 — 5 миллиарддан ашкан;
1997 — 7 миллиарддан ашкан, бирок он жыл бою олку-солку болуп, ал тургай азайган учуру (5,3 миллиардга чейин) да кездешкен, бирок кайра эле көтөрүлүп кеткен;
2009 — 8 миллиарддан ашкан;
2011 — 12 миллиарддан ашып, андан ары тездик темпте көтөрүлгөн эмес, кийин төмөндөп, кайра өскөн;
2016 — 22 миллиарддан ашкан;
2017 — 30 миллиарддан ашкан;
2018 — 44 миллиарддан ашкан;
2019 — 51 миллиарддан ашкан;
2020 — 58 миллиарддан ашкан;
2021 — ноябрь жана июнда 64 миллиард сомдон ашкан.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022
Садыр Жапаров экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү мыйзамын четке какты

Кыргызстандын жалпы карызынын ичинен ички карыздын үлүшү кандай?

Ички карыз жалпы карыздын 15 пайызын түзөт. Маселен, былтыркы жылдын октябрынын аягында мамлекеттик карыз дээрлик 4,9 миллиард долларды чапчыды, алардын ичинен 720 миллиону (14,7 пайызы) ички карыздын үлүшүнө туура келет. Бирок ички карызды жабууга тышкысына караганда азыраак каражат жумшалат. Бул тыштан жеңилдик менен алынган акчалардын коюму мамлекеттик баалуу кагаздарга караганда төмөндүгү менен байланыштуу. Бирок тышкы карыз чет элдик валюта, ал эми ички карыз сом менен төлөнөт.

Эксперт ички карыздын өсүшүнө комментарий берди

Буга чейин Евразия өнүктүрүү банкы менен Турукташтыруу жана өнүктүрүү боюнча евразиялык фонддун башкы экономисти Евгений Винокуров Кыргызстандын финансы бийлигин 2012-жылдан бери ичтен алган акчалары көбөйгөнү үчүн мактаган эле. Ал тышкы карыздар кымбатка түшүп калгандыктан бир жагынан бул төлөмдөрдү арбытса, экинчи жактан алганда валюталык тобокелдикти азайтат деген пикирин айткан.
Сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Кыргызстандын тышкы карызы азайып, ички бересеси көбөйдү. Сумма
Жаңылыктар түрмөгү
0