Полевые сборы военнослужащих Волгограда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

ӨКМ: Баткенде жалпысынан 11 052 адам эвакуацияланды

© Sputnik / Эламан КарымшаковЭвакуация кылынган жарандар. Архив
Эвакуация кылынган жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Жазылуу
Эвакуациялангандардын 10 410у коопсуз аймактагы үйлөргө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пунктуларга жайгаштырылган.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам болжол менен 11 052 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, эвакуациялангандардын 10 410у коопсуз аймактагы үйлөргө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пунктуларга жайгаштырылган.

Кайсы аймактын эли кайда жайгаштырылды?

Баткен районунун Орто-Баз, Жака-Орук, Үч-Дөбө, Ак-Татар айыл аймагы, Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын болжол менен 6 000ге жакын тургуну Рават айылына;
Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргун айылына, Интернационал айылынын 1000дей жараны Кайрагач айылына;
Мурза-Патча, Сада аймагы, Ак-Арык жана Раззаков айылынын жергиликтүү жашоочулары Исфана, Сүлүктүгө;
Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын 1000дей жашоочусу Лейлек, Кара-Суу, Ак-Теректеги үйлөргө жайгаштырылды.
Азыркы тапта эвакуация болгон эл дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, алар керектүү каражаттар менен камсыздандырылганы айтылды.
Кылмыш иш папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
ИИМ: Баткендин Көк-Ташындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду

Чек арадагы жаңжалдын чоо-жайы

27-январь күнү саат 17:50лөр чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу унаага таш жүктөп келишкен. Алар таштарды Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жабышкан жана Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганы айтылган.
Ал эми коңшу өлкө башаламандык Сомониён айылынан Чоркухка бараткан тажикстандыктар ташка алынганынан улам чыкканын айтып жатат. Кийинчерээк Тажикстандын УКМКсы окуя Ходжаи-Аъло аймагынан Сомониёнго кетчү жолдо болгонун кабарлаган. Алардын айтымында, кыргызстандыктар тажикстандык жарандын Porter автоунаасын токтотушкан. Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, эки киши каза таап, 10 адам ар кандай жаракат алган.
Таңга маал эки тараптын чек арадагы атышууну жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүсү аяктап, бир нече пунктудан турган макулдашуу кабыл алынды. Анын ичинде ок атууну токтотуу дагы каралган. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, чек арада чыккан жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 11 кишиге жетти. Алардын бардыгы аскер адамдары.
Бүгүн саат 8.00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной аймактарында кырдаал туруктуу деп мүнөздөлдү.
Конфликт на границе Кыргызстана с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
УКМК жетекчиси Ташиев Баткендеги окуя боюнча маалымат берди
Жаңылыктар түрмөгү
0