https://sputnik.kg/20220126/tetevizor-kujguzup-uktabash-kerek-1061529971.html
Азабын тартасың. Иштеп турган телевизордун жанында уктабаш керек
Азабын тартасың. Иштеп турган телевизордун жанында уктабаш керек
Sputnik Кыргызстан
Адистердин айтымында, адам уктап жатканда анын мээси ар кандай коркунучтарды алдын алуу үчүн бөтөн добуштарды тыңшап турат. 26.01.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-01-26T08:47+0600
2022-01-26T08:47+0600
2022-01-26T08:47+0600
ден соолук
мээ
уйку
https://sputnik.kg/img/104455/63/1044556354_0:161:3069:1887_1920x0_80_0_0_5c00218df13f3a29c19b21f5b4189a58.jpg
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Иштеп жаткан телевизор түнкү уйкуга бир топ тоскоолдук кылат. Бул тууралуу Зальцбург университетинин (Австрия) окумуштууларына шилтеме берип National Geographic Россия жазды.Адистердин айтымында, адам уктап жатканда анын мээси ар кандай коркунучтарды алдын алуу үчүн бөтөн добуштарды тыңшап турат.Изилдөөгө курагы 20 жаштын тегерегиндеги 17 ыктыярчы катышкан. Алардын эч кимисинде уйку, жалпысынан эле ден соолук жагынан көйгөйү болгон эмес.Алгач алар бир жума бою өз үйүндө тынч жана караңгы бөлмөдө полисомнография аппаратын (адам уктап жаткан кезде мээси, жүрөгү, нерв системасы кандай иштеп жатканын текшерүүчү каражат — ред.) тагынып укташкан. Андан соң бир нече күн бою лабораторияда ар кандай үндөрдүн коштоосунда, жарык тийип турган бөлмөдө түнөшкөн.Жыйынтыгында адам үн жана жарык чыгып турган бөлмөдө уктап жатканда мээси тезирээк иштеп, организми жакшы эс албай калары белгилүү болгон.Окумуштуулар муну мээнин бөтөн үндөргө берген реакциясынан улам деп түшүндүрүштү. Мисалы, телевизор иштеп турганда уктаган кишинин мээси андан чыккан үндөрдү улам тыңшай берип, жакшы эс албай калат.Мындан улам адистер тынч бөлмөдө уктоону сунуштайт.
https://sputnik.kg/20220108/den-sooluk-zyyansyz-ojnoguu-adis-kenesh-1061064764.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104455/63/1044556354_168:0:2899:2048_1920x0_80_0_0_0f64e7de33a096be2745412c34a9f6a6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ден соолук, мээ, уйку
Азабын тартасың. Иштеп турган телевизордун жанында уктабаш керек
Адистердин айтымында, адам уктап жатканда анын мээси ар кандай коркунучтарды алдын алуу үчүн бөтөн добуштарды тыңшап турат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Иштеп жаткан телевизор түнкү уйкуга бир топ тоскоолдук кылат. Бул тууралуу Зальцбург университетинин (Австрия) окумуштууларына шилтеме берип
National Geographic Россия жазды.
Адистердин айтымында, адам уктап жатканда анын мээси ар кандай коркунучтарды алдын алуу үчүн бөтөн добуштарды тыңшап турат.
Изилдөөгө курагы 20 жаштын тегерегиндеги 17 ыктыярчы катышкан. Алардын эч кимисинде уйку, жалпысынан эле ден соолук жагынан көйгөйү болгон эмес.
Алгач алар бир жума бою өз үйүндө тынч жана караңгы бөлмөдө полисомнография аппаратын (адам уктап жаткан кезде мээси, жүрөгү, нерв системасы кандай иштеп жатканын текшерүүчү каражат — ред.) тагынып укташкан. Андан соң бир нече күн бою лабораторияда ар кандай үндөрдүн коштоосунда, жарык тийип турган бөлмөдө түнөшкөн.
Жыйынтыгында адам үн жана жарык чыгып турган бөлмөдө уктап жатканда мээси тезирээк иштеп, организми жакшы эс албай калары белгилүү болгон.
Окумуштуулар муну мээнин бөтөн үндөргө берген реакциясынан улам деп түшүндүрүштү. Мисалы, телевизор иштеп турганда уктаган кишинин мээси андан чыккан үндөрдү улам тыңшай берип, жакшы эс албай калат.
"Тагыраагы, мээ дайыма активдүү иштеп, коркунуч жаралса организмди тезирээк ойготоюн деп даярдап турат. Ошентип ал жакшы эс албайт. Ал эми эс албаган мээ организмге бир топ залакасын тийгизет", — деп айтылат иликтөөнүн жыйынтыгында.
Мындан улам адистер тынч бөлмөдө уктоону сунуштайт.