Европа Россияны жазалоонун эбин таппай убара. Ой толгоо

© AP Photo / Virginia MayoЕвропа биримдигин желегин оңдоп жатат. Архив
Европа биримдигин желегин оңдоп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Жазылуу
Европа биримдигине мүчө-өлкөлөр Россияга жаза берүүгө макулдашты. Бул мамлекеттердин тышкы саясий мекемелеринин мурдагы күнкү кезигүүсүнүн жыйынтыгын кыскача ушундай сыпаттоого болот. Анткени Брюсселдин пикиринде Россия "Украинага карата аскердик пландарын курууда".
Дал сүйлөшүүлөрдүн алдында талкуу "бейформал мүнөздө" экени баса белгиленди, кыязы болжолдуу кесепеттери үчүн жоопкерчиликти эч бири мойнуна алгысы келбейт. Кокус бир нерсе болуп кетсе, эң оболу европалык саясатчылар да, бириккен Европанын тургундары да катуу жапа чегишет деп белгилейт Елена Караева. Серепчинин кезектеги макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Баарынан ирети менен кеп козгойлу. Ушундай форматтагы бул жолку жолугушуу он күн аралыгында экинчи жолу өттү. Негизги темасы да алмашпайт. Европа биримдиги Россияны жазалоону самайт. Буга Россиянын континентте коопсуздуктун жаңы саясатынын контурун түзүүнү сунуштаганын себеп катары көрсөтүшөт.
ЕБдин берешендигине кынык алган Чыгыш Европа русофобия менен соодалашып, Россияга карата "катаал санкцияларды" талап кылууда. Ал жактагы саясатчылар улуу өнөктөштөрү — мында кеп Брюссель туурасында да эмес, дал Вашингтон бул өңүттө тарта турган болжолдуу экономикалык зыянын пайызы менен төлөп берет деген ишенимде.
Батыш Европа (ушул тапта бул канатынын атынан эки өлкө — ФРГ жана Франция сүйлөөдө) коалициядагы кенже өнөктөштөрүн оозеки түрдө колдоп, бирок алда канча токтоолук кылууда. Франция президенти жана германиялык канцлер катуу, кескин билдирүүлөрдөн абайлашууда.
АКШнын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Столтенберг: НАТО Украинага аскер киргизбейт
Россия крымдыктарды кан төгүүдөн сактап, Донбасстагы орустарга саясий колдоосун билдиргени үчүн антироссиялык санкциялар киргизилгенден бери сегиз жыл өттү. Европа биримдигиндегилер россиялык экономиканын түзүмүнө жана өнүгүшүнө дээрлик таасир этпегенин, тескерисинче, жалпы европалык экономиканы алсыратканын аңдай башташты өңдөнөт.
Натыйжада эмне болду? Бириккен Европанын бүтүндөй аймагында кымбат жашоо, азоо аттай алкынган инфляция жана энергия булактарынын бааларынын асман чапчышына күбөбүз. Бул жылдар аралыгында Еврокомиссиянын да жетекчилиги алмашып, Европарламентте да бөлөк өкүлдөр отурганы да түккө арзыбай калды. Кезегинде россиялык саясатчылар эскертсе да кулак салбаган Европа биримдигинде бүгүн экономикалык ишмердик басаңдаганын байкабай кое албайсың.
Киев темасын бул континентке бирде Берлиндин, кээде туруп Париждин позициясына кыжыры кайнаган америкалык өнөктөштөрү "ыргытты". Париж менен Берлин бүгүн этият болууну ылайык көрөт. Украина тарабынан жасалган чагымчылдык башталып кете турган болсо, негизги саясий жоопкерчиликти дал ошолор тартып, Вашингтондун геосаясий дымагы үчүн да ушул эки өлкөнүн бийлиги төлөп калары бышык.
Улуу Британиянын да европалык геосаясий жагдайга күтүүсүздөн кийлигишип калышы континентте түшүнүү менен кабыл алынышы арсар. Европа биримдиги менен тынч ажыраша албаган, жаңжал жана дооматтар менен чыккан британиялыктар бүгүн Украина менен өнөктөш болууга тырышууда. Бирок Лондонго Киевге караганда Берлин менен Париж, айтмакчы, Рим менен Вена географиялык жана каржылык жактан да жакын эмеспи.
Россиянын жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Коопсуздук кепилдиги тууралуу Батыш эмне дейт? Үлкөндөрдүн сүйлөшүүсү
Экинчи дүйнөлүк согуштан бери узак жылдар бою кан төгүүнү каалагандар Европада туруп, өз чек араларынан ыраакта, Африка же Азияда уюштуруп келишкен. Бирок ар бир он жылда согуш менен тынчтыктын аралыгы улам Европага жакындай берген. Югославия сабактары бар тарыхта, алардан деле бир тыянак чыгарышпаган сыяктуу. Дал ошол апааттан кийин бириккен Европа биринчи ирет качкындар агымы менен бет келишкени белгилүү.
Өлүмгө түз кептеген согуштук курал-жарак менен жабдылып, армиялык инструкторлор жөнөтүлүп жаткан Киевде жаңжал коркунучу эки эсе өсөт. Бирок "Брюсселде жылуу-жумшак жыйын өткөргөндөр" бул коркунучту капарга алгысы келбей, Россияны "агрессивдүү жүрүм-туруму" үчүн санкция менен жазалоого гана даяр экенин көрсөткүлөрү бар.
Түзүлгөн кырдаал континентте мурдагы кылымдын 30-жылдарынын ортосундагы абалды эске салат. Экономикалык санкциялар СССРге каршы салынган, ал эми чыныгы коркунуч эпкини улутчул Германия тараптан соккон. Тилекке каршы, бүгүнкү көрүнүштөргө караганда ошол доор, ошол тарыхтын сабактары эбак эстен чыккан өңдөнөт...
С-400 Триумф зениттик ракеталык системалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
НАТОну санаага салган Калининград, создуккан сүйлөшүүлөр. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0