Картасында кешбэги бар жана калдыкка пайыз кошкон банктар. Быйылкы маалымат

© Sputnik / Табылды КадырбековБанктык карталар жана сом купюралары. Архив
Банктык карталар жана сом купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан бул ирет калдык акчага пайыз кошулган, ошондой эле накталай эмес төлөмдөр үчүн кайтарым каражат каралган банк карталары тууралуу маалыматтарды топтоду.
Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө банк карталары жагымдуу бонустары, атап айтканда, кешбэк жана калдыкка пайыз кошуу менен кубантат. Кыргызстандын банк тармагында бул боюнча жагдай кандай экенин Sputnik Кыргызстан изилдеп көрдү.

Алгач чечмелейли

Кешбэк — төлөнгөн акчанын кайтарым бөлүгү, бул учурда кеп накталай эмес төлөмдөр туурасында жүрөт.
Ал эми калдыкка пайыз — бул картада калган акчанын да "иштеши", башкача айтканда, ага да пайыз кошулуп, ээсине киреше алып келет.
Sputnik Кыргызстандын редакциясы коммерциялык банктардын баарынын сайттарын барактап, ушундай "өзгөчөлүктөрү" бар карталарды карап чыкты.

Урунттуу учурлар

"Кешбэк" жана "калдыкка пайыз" опциялары бар картага буюртма берүүдөн мурун тейлөө акысын (акысыз да бар), кайтарылган акча өзүн актаар-актабасын тактап, эсептеп алыңыз.
Экинчи нюанс — пайыздар күндө же ай сайын кошулат (айдын аягындагы сумма боюнча), экинчи вариант көп ылайык келбесе керек, анткени ай аяктаганда акчанын тартыштыгы баарыбызда адатка айланган эмеспи. Ошондуктан ар бир нюансы тууралуу алдын ала сурап-билип, кызыккан суроолордун баарын берип, акыл калчаган соң гана чечим кабыл алыңыз.

"РСК банк"

Картанын түрүнө жараша кешбэк 1 пайызга чейин, ал эми калдыкка 5 пайызга дейре кошулат.

KICB

Баланста дайым кеминде 10 миң сом турса, жылына 3 пайыздан чегерилет.

"Азия банк"

Карталардын айрым түрлөрүндө чегеримдер бар, бирок шарттары ар кыл: кеминде 5 миң сомдон 15 миң сомго чейинки каражат сакталып турса, 2ден 5 пайызга чейин чегерилет.
Резкое повышение доллара к лиру в Турции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Доллар жаңы жылдан кийин кымбаттайбы? Кыргызстандагы абалга божомол

"Бакай банк"

Маяна долбоорунда 5 миң сомдон жогору 3 пайыз кошулса, 10 миң сомдон өйдө сакталган пенсиялык картага 2 пайыз, ал эми социалдык картага (минималдык чеги көрсөтүлгөн эмес) 3 пайыздан чегерилет.
Маяна долбоорунда 2 пайыздык чегерим да бар. Айына эң көп дегенде кешбэк боюнча миң сомго чейин кайтарып алууга болот.

"Халык банк"

Жеке жана маяна долбоору боюнча Visa Gold Status жана Visa Platinum Status карталарына бул багытта жылына 1 пайыз, Visa Platinum VIP кармагандарга — 2 пайыз, ал эми "Элкарт" ээлерине — маяна долбоору боюнча гана 4,5 пайыз кайтарым каражат каралган.

"Кыргыз-швейцариялык банк"

Картадагы 5 миң сомдон кем эмес калдыкка жылына 3 пайыз кошулат.

"FINCA банк"

Суммасына карабастан пенсиялык картага 3 пайыз кошулат.

"Дос-Кредобанк"

Картанын түрүнө жараша 3 миң сомдон өйдө орточо айлык калдыкка 3-5 пайыз чегерилет.

"Керемет банк"

Пенсиялык — 5 пайыз, социалдык картага — 3 пайыз (экөө тең "Элкарт") берилет. Visa Classic, Visa Gold, UnionPay Gold карталарына — төмөндөтүлбөгөн 10 миң сомдук калдыкка жылдык 4 пайыз кайтаруу жагы каралган. Visa Infinite — кемитилбеген 25 миң сом калдыкка 6 пайыз эсептелет.
Айдоочу автоунаага май куюп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2021
Күйүүчү май дагы канча сомго кымбаттайт? Кийинки жылга божомол

"Кыргызстан" коммерциялык банкы

0,5 пайыздан 2,5 пайызга чейинки кешбэк Gold, Platinum жана Infinitive премиялык карталарында гана бар.

"Оптима банк"

Аталган банктын Visa Platinum жана Visa Infinte карталары боюнча кешбэк 1 пайызга чейин берилет.

"Айыл банк"

Маяна долбоорунда — картанын кирешеси 3 пайыз, бирок кеминде 3 миң сом калдык болушу шарт.

"ФинансКредитбанк"

Пенсионерлер үчүн 5 пайыз каралган болсо, социалдык жана маяна долбоору алкагындагы карталарда киреше 3 пайызды түзөт.

"Кыргызкоммерцбанк"

Кешбэк — 1 пайыз, калдыкка киреше — 5 пайыз.

"Толубай банк"

Жеке жана маяна долбоорунда тейленген жактар, ошондой эле пенсионерлерге бул багытта 3 пайыз чегерилет.

"Компаньон"

Жеке жактарга (3 миң сомдон өйдө сакталсын деген шарт менен), ошондой эле пенсиялык жана социалдык карталардагы калдык каражатка 3 пайыз киреше каралган (баары Еlcart болууга тийиш).
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Айлыкты күтүп отурбай… Кошумча кирешени кайдан кантип табууга болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0