Орозайым Нарматова: БШКнын чечимине даттангым келген жок, сотко да ишенбейм

© Фото / из личного архива Орозайым НарматовойДепутат Орозайым Нарматова
Депутат Орозайым Нарматова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Жазылуу
Экс-депутат учурда ооруп жатканын айтып, ден соолугу жакшырары менен сотко кайрылуу маселесин карап көрөрүн айтты.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Орозайым Нарматова диплом чырынан улам мандатынан ажыраткан БШКнын чечимине каршы сотко даттанбайт. Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.
Нарматова БШК мыйзамсыз чечим чыгарганын белгилеп, ошол эле учурда сотторго дагы ишенбей турганын айтууда.
"Азырынча сотко кайрылбайм. Себеби сотторго ишенбейм, азыркы бийликтин аракеттеринен кийин мамлекетте мыйзамдуулук бар экенине да ишенбей калдым. Буга чейин тергөөгө дагы ишенбейм деп айткан болчумун. Кечээ шашылыш түрдө мени дагы чакырбай, ооруп жатканымдан пайдаланып БШКда карап коюшту. Дагы жакшы жардамчым барып калды. УКМКнын тергөөчүсү, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү, БШК мүчөлөрү отуруп эле алгач дипломумду жокко чыгарып, андан соң мандатымды алып коюшту. Мунун баары мыйзамсыз, бул маселе сотто каралышы керек эле. Баары бир тарых алдында жооп беришет", — деди Нарматова.
Ошондой эле ал жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамдуу түрдө алганын белгилеп, аны жокко чыгаруу мыйзамсыз деп эсептейт.
"Биринчи "колледжде окуган эмес" дешкен, кийин аны тастыктаган маалымат алганбыз. ЖАМУга мыйзамсыз тапшырган деп жатат, аны мен кайдан билем. Университет мыйзамсыз экенин айтпай эле кабыл алган да. Ал эми сессияга катышпаганым боюнча, мен жакшы окугандыктан бааны "автомат" менен коюшкан. Мындай практика бардык окуу жайда бар. Мен сырттан окуп бүтсөм дагы мамлекеттик экзаменге катышып, дипломдук ишимди өзүм жазгам. Кыргызстанда дипломдук иштер, мамлекеттик экзамендер акча менен бүтөрүн билесиздер да. Эгер ошол системаны Нарматованын мисалында оңдойбуз дешсе, мен кош колдоп колдойм. Мыйзам баарына бирдей иштеши керек", — деди Нарматова.
Депутаттыкка талапкер Айгүл Айдарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Нарматованын ордуна 34 жаштагы тергөөчү Айдарова депутат болушу мүмкүн. Сүрөт
Соңунда экс-депутат учурда ооруп жатканын айтып, ден соолугу жакшырары менен сотко кайрылуу маселесин кайра карап көрөрүн айтты.
"Негизи сотко кайрылбай эле коёюн деп жаткам, бирок дасыккан юристтер чалып кайрылуумду өтүнүп жатышат. Бүгүн кечке чейин ойлоном. Мен башында эле мага мандат эмес, элдин ишеними маанилүү деп айткам. Баягыда тергөөгө кирип чыккандан кийин ооруп калдым. Анда терезесин ачып коюп тамеки чегип жатышкан, ошондо суук тийип калды окшойт. Жөтөлүм токтобой жатат. Ага кошулуп ууланып калыптырмын, ашказаным ооруп жатат. Качан, кайдан ууланганымды билбейм. Ден соолугум бир аз жакшы болору менен ЖМКларга маалымат берем. Ооруканага баргандан дагы күмөн санап, үйдө эле дарылануудамын", — деди Нарматова.
Орозайым Нарматова "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Кийин УКМК ага диплом мыйзамсыз берилген деген шек менен ЖАМУнун кызмат адамдарына кылмыш ишин козгогон.
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Жапаров УКМКга бардык мамлекеттик кызматкерлердин дипломун текшерүүнү тапшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0