Жапаров УКМКга бардык мамлекеттик кызматкерлердин дипломун текшерүүнү тапшырды

© AFP 2023 / NICHOLAS KAMMАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик администрация, өкмөт мүчөлөрү жана айыл өкмөт башчыларына чейин текшерилет.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров УКМКга бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломун жана кош жарандуулук боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзүүнү тапшырды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Атайын кызмат акыркы жылдары жасалма дипломдор менен мамлекеттик кызматка өтүү фактылары көбөйгөнү байкалганын белгилейт. Буга байланыштуу текшерүү 24-январда башталып, 3 айга созулат. Анын алкагында бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин өздүк иштери жана билими тууралуу диплом, күбөлүк, сертификаттары текшерилет.
"Мындай фактылар коомдо талкууга айланып, мамлекеттик башкаруунун бүткүл системасын дискредитациялап, көп учурда ведомстволордун да, жалпы мамлекеттик аппараттын да ишин терс жагынан көрсөтүп коюуда. Муну эске алып УКМК жасалма документтери бар бардык кызматкерлерди, депутаттарды ээлеген ордун өз ыктыяры менен бошотууга чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле билимин ырастоочу документ жасалмаланганы аныкталса кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылары эскертилди.
УКМК текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу коомчулукка маалымат берүүнү убадалады.
Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Депутат Орозайым Нарматова дипломго байланыштуу иш боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0