Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Мамрезерв элге ун, кумшекер, май таратат. Кимдер ала алат?

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКумшекер жана өсүмдүк майы. Архив
Кумшекер жана өсүмдүк майы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Жазылуу
Министрлер кабинетинин буйругу чыкты. Эми 11 467 тонна ун таратылат.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Калктын аялуу катмары Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан ун, кумшекер, өсүмдүк майы түрүндө гуманитардык жардам алат. Бул тууралуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башчысынын орун басары Рустам Каракулов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваМамлекеттик материалдык резервдер фондунун башчысынын орун басары Рустам Каракулов
Заместитель председателя Фонда госматрезервов Рустам Каракулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башчысынын орун басары Рустам Каракулов
Анын айтымында, былтыр тамак-аш коопсуздугун шарттоого өзгөчө көңүл бурулуп, республикалык бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнгөн. Мурда фондго мындай суммадагы каражат берилген эмес. Былтыр Кыргызстан 63 миң тонна буудай, үч миң тонна кумшекер жана эки миң тонна өсүмдүк майын жеткирүү боюнча Россия менен келишим түзгөн. Азыктардын дээрлик баары келип, сакталып турганы айтылды. Калгандары жакын арада келип калат.
Каракулов базардагы бааны турукташтыруу же гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн өкмөттүн чечими керек экенин белгилеген.
"Калктын аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча министрлер кабинетинин буйругу чыкты. Эми 11 467 тонна ун таратабыз. Фонд өзүнүн запасынан 20 миң тонна буудай алып, анын теңинен көбүн унга иштетти", — деди Каракулов.
Мындан сырткары, кумшекер жана өсүмдүк майын таратуу боюнча буйрук даярдалып жатканы кошумчаланды.
Бишкектеги суперматкеттердин бириндеги сүт азыктары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Кыргызстан азык-түлүктүн кымбатташы боюнча ЕАЭБ чөлкөмүндө алдыга чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0