Өткөн суткада 870 адамдан коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду

© AFP / CRISTINA VEGA RHORCOVID-19 үчүн ПЦР учурунда медициналык кызматкер
COVID-19 үчүн ПЦР учурунда медициналык кызматкер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Жазылуу
Ооруканада жаткандардын ичинен 53 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 870 адамдан коронавирус аныкталып, 201 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 627;
Ош шаары – 8;
Чүй облусу – 141;
Ош облусу – 12;
Талас облусу – 12;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 21;
Жалал-Абад облусу – 16;
Баткен облусу – 28.
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 192 158ге жетип, анын ичинен 181 426 адам дартты жеңди. Оору кечээтен бери Бишкек менен Чүйдө эки адамдын өмүрүн алган. Коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 2 838ге жетти. Азыркы тапта стационарда 1 020, ал эми амбулатордук шартта 5 383 бейтап дарыланып жатат. Ооруканада жаткандардын ичинен 53 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.
Медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
ДССУ: "омикрон" жайылып кетти, эми башка штаммдар чыгышы мүмкүн
Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Мэрия: Бишкекте мектептер менен бала бакчаларда COVID-19дун очогу жок
Жаңылыктар түрмөгү
0